Атамбаев Бабановду жакшы көрөт, бирок Жээнбековду артык көрөт

Атамбаев: КСДПдан талапкер болбосо шайлоодо Бабановду колдомокмун. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев: КСДПдан талапкер болбосо шайлоодо Бабановду колдомокмун.

Президенттик мөөнөтү бүтүп бара жаткан Алмазбек Атамбаев талапкерлер ичинен өзүнүн партиясы жылдырып аткан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду эсепке албаганда Өмүрбек Бабановго артыкчылык берери белгилүү болду.

Кыргызстандагы эң бай адамдарды бири Бабанов Атамбаевдин тушунда өкмөт башчы болуп иштеп, алты жылда парламентте көпчүлүктө жана оппозициядагы азчылыкта да болду. Президенттин ага карата пикири да бир калыпта болбоду.

Атамбаевдин Бабановго карата мамиле эволюциясы

24-июлда көл жээгинде өткөн маалымат жыйынында да Атамбаев шайлоо темасына токтолуп, СДПКдан талапкер болбосо Өмүрбек Бабановду колдомогун ачык эле билдирди.

Ал тургай президент кезинде аны кылмыш жоопкерчилигинен сактап калганын ачыктады.

“Бабановду 2010-2011-жылдары камайбыз деп келип атканда мен сактап калгам керек болсо. Бабанов көрүнүктүү жигиттердин бири. Бабановду шыбап аткан Атамбаев же Жээнбеков эмес. Башкалар шыбап атат, башка жакты карагыла”,- деди өлкө башчысы.

Атамбаев Бабановду президенттикке татыктуу талапкер катары көрөрүн кечээ эле айтып отурганы жок.

2016-жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып журналистерге президент Алмазбек Атамбаев Бакыт Төрөбаев менен Өмүрбек Бабановдун бирөөсү президент болсо таң калбай тургандыгын билдирген.

Басыңыз "Республика-Ата-журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов

2006-жыл

2017-жылы президенттик кызматка талапкер болуп шайлоого катышкан жатат

2016-жыл

Өмүрбек Бабанов 2011-жылы премьер-минист кызматында болгон

“Азыр “оппозиция” десе кашаадан секирип өтөм деген же элди митингге чакыргандар эске келет. Чынында, бүгүнкү күнү парламентте акыл-эстүү оппозиция түптөлүп атат. Ал жакта Бабанов менен Төрөбаев ыраттуу иш алып барышууда. Алардын бирөө, экөө тең президенттикке талапкерлигин коюшат деп ойлойм. Алдын ала айтып болбойт, бизде кырдаал тезинен өзгөрүп турат, бирок экөөнүн бирөө президент болсо таң калбайм”,- деген эле Атамбаев былтыр жыл этегинде.

Андан бери бирок президент Бабановго эле көзү түз калып, коррупция үчүн камакка алынган “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жан тарткан “Өнүгүү-Прогресс” лидери Бакыт Төрөбаевге ичи муздагандай.

Бирок Бабановго деле Атамбаевдин мамилеси соңку алты жылда утуру өзгөрүп турганын байкоого болот.

Бабановду өкмөт башчылыктан алып түшкөн Айлэндерванбы же Текебаевби?

Атамбаев 2011-жылы октябрда президент болуп шайланып, анын сүрөөнчүлүгү менен ошол эле жылы 23-декабрда Бабанов Жогорку Кеңеш тарабынан өкмөт башчы болуп бекитилген.

Бирок 2012-жылы августта Өмүрбек Текебаев жетектеген ''Ата Мекен'' Бабанов Манас аэпортуна аэронавигациялык мунара куруп жаткан “Серка” фирмасынын жетекчиси, түрк ишкеринен таза кандуу англис тукумундагы Айлэндерван аттуу күлүктү пара катары алды деп айыптап чыккан.

Текебаев парламенттеги КСДП, “Ата Мекен, “Ар-намыс” жана “Республика” фракцияларынан турган “Биримдик” коалициясынан өзүнүн фракциясын чыгарып, ага “Ар-намыс” фракциясы да кошулуп, жыйынтыгында альянс ыдыраган. Ага ылайык өкмөт да отставкага кетип, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов 2012-жылы 1-сентябрда кызматынан кеткенге мажбур болгон.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бабанов Атамбаев тушунда өкмөт башчы болуп, парламенттеги көпчүлүктө жана оппозициядагы азчылыкта да болду.

Бабанов өз кайрылуусунда коалиция айрым саясатчылардын жана саясий топтордун кызыкчылыгына садага чабылып кетти деп эсептээрин, өзү болсо мындан ары да саясатта кала берерин айткан.

Бабановдун отставкасынан кийин көп өтпөй Атамбаев буларды айткан.

“Мына мен деле өзүмдүн иним Бабановго биринчи ишенгем. Мен ушу кайра бөлүп кетейин деп атам, ушу жаңы өкмөткө, элге жардам берейин деп атканынан. Бирок карап көрсөм өзгөчө үч күн мурун бизди шыбап арызын жазгандан кийин көнүлүм калды агайын-туугандар. Карап көрсөм денесинин баары мурунку “Ак Жол”, мурунку бакиевчилер, булардын тилеги да бир да. Бакиевди кайра алып келсек, баягы эле уурдамай, таламай заман болсо, Максимдин заманы болсо деген уурулар”, - деген эле президент.

“Республика” парламенттеги бийликке ''лоялдуу оппозиция''

2016-жылы 11-декабрда өткөн Конституциялык реформа парламенттеги көпчүлүк коалицияга жик салды. "Башмыйзамды өзгөртүү маселесинде орток пикир жоктугуна байланыштуу" деп КСДП фракциясы биримдиктен чыкты.

24-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП, ''Кыргызстан'', ''Өнүгүү-Прогресс'' жана ''Ата-Мекенден'' турган көпчүлүк ыдырап, ордуна 3-ноябрда КСДП, ''Кыргызстан'' жана ''Бир Болдон'' турган жаңы көпчүлүк коалиция түзүлдү.

“Ата Мекен” жана Өнүгүү-Прогресс фракциялары оппозицияга өтүштү. Көпчүлүк күткөндөй Бабанов жетектеген“Республика” жаңы коалиция курамына кирбеди.

Бирок азчылык катары оппозицияда калып деле милдетин жарытылуу аткарды дегенге болбойт. Бабанов бизнесине байланыштуубу, айтоор, дайым алды-артын караган, ашкере астейдил саясатчы катары белгилүү. Анын парламенттеги фракциясы дагы ушундай эле позицияны карманат.

Эл арасында парламенттеги ''чөнтөк'', ал эми саясат тануу илиминин сөзү менен айтканда ''лоялдуу оппозиция'' деп эсептелген ''Республика-Ата Журт' партиясы оппозициялык милдетин аткарат дегенге болбойт', -деген эле буга чейин Би-Би-Сиге берген маектеринин биринде саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

"Республика-Ата Журт" партиясы азыркы түрүндө оппозиячыл деген атка жарабай турган партия. Эсиңизде болсо, акыркы жолу коалиция түзүп жатканда көпчүлүк "Республика-Ата Журт" бийликке келиш керек деп күткөн болчу. Бирок ал партиянын, өзгөчө анын лидеринин калькуляциясында, өтө прагм атикалык эсептөөлөрүнө караганда бийликке кирүү алар үчүн пайдалуу эмес болду. Сыртта калуу бир аз эркиндик берет, сын керек болгондо сын айтууга мүмкүнчүлүк берет.

Бирок ошол эле убакта бийликчил партияларга, өзгөчө Социал-демократтарга лоялдуу түрдө калабыз деген милденттенме беришип оппозиция атына конуп жүрүшөт. Бирок оппозициялык бир сөз айтканын байкай элекпиз'', -деген саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Президент талапкерлер: Жээнбеков жана Турсунбеков тууралуу

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июлдагы маалымат жыйынында шайлоого аттанган учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков анын жакын адамы экенин дагы бир жолу тактады.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Атамбаев 24-июлда шайлоого аттанган учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков анын жакын адамы экенин дагы бир жолу тактады.

“Социал-демократтар Сооронбай Жээнбековду тандады. Сооронбай Жээнбековго мен ишенем. Добуш бергиле деп өтүнгөн жокмун да, ишенем деп атам, ишенем. Мен ал адамды 22 жылдан ашык билем. Өзүнүн бир туугандарына каршы чыгып мени менен бирге жүргөн”,- деди өлкө башчысы.

Ошондой эле Атамбаев Жээнбековго талапкер катары каттоодон өткөндөн кийин ашыкча сөзгө жол бербей кызматын өткөрүп берүүсү тууралуу көрсөтмө бергенин да белгилеп өттү.

Кечээки маалымат жыйынында президент Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбековго артын салганы даана билинди. Президенттикке өзүн өзү көрсөтүү жолу менен аттанган парламент спикери тууралуу суроого жооп берип жатып Атамбаев КСДП чечими менен макул болбогондор андан чыгарылышы керек деди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Атамбаев Бабановду жакшы көрөт, бирок Жээнбековду артык көрөт

Атамбаев КСДП ичинде үч жолу праймериз өтүп, үчөөндө тең Сооронбай Жээнбеков келгенден кийин ал чечим менен эсептешиш керек эле дегендей ойду айтты.

Өлкө башчысы көл жэгинде өткөн жыйында президенттикке мындан башка талапкерлерге көп басым жасаган жок.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар