Текебаев: президенттик шайлоонун жыйынтыгына таасир этем

Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого талапкерлигин коюуда
Image caption Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого талапкерлигин коюуда

Оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда адвокаттар Текебаев президенттикке ат салышуу үчүн тил сынагына катышуусун камсыздап берүүнү өтүнүштү.

Соттун башында эки адвокатсыз жыйынды өткөрүү же өткөрбөө чечилип жатканда Текебаев судьяга минтип кайрылды:

“Чолпон-Атада Атамбаев сөз сүйлөп, судья өзү билсин деп айтыптыр го”.

Ишти карап баштаардан мурда Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов өтүнүч келтирем деди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Текебаев менен Чотоновдун соту өттү

Судья ишти карап баштоого үндөдү.

Хасановдун айтымында, 26-июлда Текебаев башка президенттикке талапкерлер менен бирге тил сынагын тапшырыш керек. Адвокат Текебаев боюнча соттун айыптоочу өкүмү жок болгондуктан, шайлоо мыйзамы шайлоого катышууга бардыгына тең укук бергендиктен анын сынакка катышуусун камсыздап берүүнү өтүндү.

Текебаев өзү анын шайлоого катышуусу демократиянын көрсөткүчү болот деди.

“Мен сөзсүз түрдө утуп чыгам деп ишенимдүү айтпаган менен, шайлоонун жыйынтыгына реалдуу таасир тийгизе ала турган адам экенимди жалган жөнөкөйлүгү жок эле жарыялайм. Оң келсе, жамбаштап чаап деле утуп кете берем. Ошондуктан сиз Конституцияны сыйлап, менин ошол укугумду камсыз кылганга жардам беришиңиз керек деп ойлойм”, - деди Текебаев судьяга.

Image caption Текебаевдин сотуна эки адвокаты катышкан жок

Бирок прокурорлор буга каршы болду: “Урматтуу төрага, өзүңүзгө белгилүү болгондой, өткөн соттук отурумда сиз соттук изилдөөнү бүтүрмөйүнчө бул өтүнүчтү кабыл албоо боюнча чечим кабыл алынган. Ошол себептен бул өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууңузду сурайм”.

Судья өтүнүчтү четке какты. Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу аталган өтүнүч соттук ишке тиешеси жок болгондуктан жана сынакка катышуусун камсыздоодон Боршайком да баш тарткандыктан канааттандырылбайт деди.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Мегаком” компаниясы боюнча бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Мурдагы министр жана элчи Дүйшөнкул Чотонов да ушул боюнча камалган.

Текебаев октябрдагы президенттик шайлоого талапкерлигин коюуда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар