Ысык-Көлдүн "Сары кызы" кирешелүү тармакка айланууда

Image caption Өрүк фестивалы быйыл Барскоон айылында өттү.

Ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Барскоон айылында экинчи ирет "Сары кыздын тою" деген аталышта өрүк фестивалы болуп, ага ондогон жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлер катышты. Эки күнгө созулган бул иш-чара дыйкандардын эмгегин даңазалап, ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган дешет уюштуруучулар:

"Жыл сайын июль айынын аяк ченинде Барскоон айылы сары көйнөк кийет. Башкача айтканда өрүк сапсары болуп бышып, мөмө берип жаткан чагы. Жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү өрүк сатып киреше тапкандыктан, бул мезгил абдан кирешелүү жана элдин маанайы жакшы учур саналат. Өрүк фестивалын өткөрүүнү дагы ушул маанайга дал келтирдик. Буга чейин Тосор айылында өткөн, быйыл Барскоондо, эмки жылы Жаргылчак айылына кезек келет. Ушундай жол аркылуу бүт көл жээгиндеги айылдарды майрам аралайт. Акырындап республикалык деңгээлге чыгаруу каралууда", - деди “Тосор” коомдук уюмунун теңтөрагасы, жеке ишкер Айбек Сарыгулов.

Image caption Фестиваль оюн-зоок, мастер-класс, концерттик программа менен коштолду.

Онго жакын боз үй тигилип, жүздөгөн жергиликтүү тургундардын катышуусундагы бул фестивалда жармаңке, мастер-класстар жана “Өрүк өмүргө шерик” конкурсу өттү.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Тамга, Барскоон, Тосор, Жаргылчак айылдарында өрүк эң эле кирешелүү тармак катары каралып, жылына миңдеген тонна өрүк өндүрүлүүдө дешет жергиликтүүлөр.

"Жалпы эки гектар өрүк багым бар. Султан, ханыша, кара өрүк сыяктуу түрлөрдү өстүрөм. Алгачкы жылдары жакшы мөмө бербей жаткан, быйыл буюрса абдан жакшы түшүм болот деп турабыз. Түрктөр келип жеринен алып кетип жатат. Жакшы киреше алган жылыбыз 800 миң сомдой болот, мөндүр жаап кетсе 200 миңдей киреше келет. Азыр эл дагы эмне кылышты жакшы билип калды, туризмден башка айыл-чарбасына ыктап келатышат", - дейт Тосор айылынын жашоочусу Шаршемби Жүкешов.

Image caption Жергиликтүүлөр тарабынан өрүк жана алчадан жасалган таттуу.

Ысык-Көл облусунда жергиликтүүлөрдүн көбү туризм тармагында иш алып барат. Экинчи кирешелүү тармакты, атап атканда ички дүң продуктунун басымдуу бөлүгүн айыл чарбасы түзөт. Маселен, көлдүн өрүк жана алмасы ички рынокто жакшы бааланып, соңку кездери Казакстан, Түркия, Орусия сыяктуу өлкөлөргө экспорттолууда.

Аймакта өндүрүлгөн продукциялар негизинен чийки сатылып, экспортко да кайра иштетилбестен кетет. Андыктан айрым жергиликтүү ишкерлер аз да болсо кайра иштетүүнү пландап, өрүктөн ар кандай продуктыларды чыгаруу аракетин көрүп жатканы байкалат.