ГЭС чыры: Кайчылаш пикирлер

Атамбаев Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Кыргыз өкмөтү менен чехиялык инвесторлор 10-июлда Жогорку Нарын каскадындагы төрт ГЭСти жана андан башка он чакан ГЭСти куруу боюнча келишимге кол койгон.

Кыргыз өкмөтү чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы тендерге катышууда Кыргызстанга бир миллион доллардан ашык каражат төлөгөнү тууралуу маалымат таратты.

Буга чейин медиа каражаттары Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерде утуп алган чехиялык компания тендерге катышуу үчүн кепилдик акы төлөгөн эмес деп жазып чыгышкан болчу.

Дээрлик он күндөн бери талкуудан чыкпай кела жаткан чехиялык Liglass Trading CZ компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин жаңы өңүтүн бүгүн Өнɵр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети ачыкка чыгарды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
ГЭС курулушунун кел-кели келдиби?

Алар тараткан маалыматка ылайык, Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын, ага кошуп он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерди утуп алган чехиялык компания, тендерге катышуу үчүн бир миллион доллардан ашык кепилдик акы төлөгөн.

"Биз бүгүн туура маалымат тараттык. Чех компаниясы 1 млн. 200 миң долларга чукул акчаны биздин эсепке 12-июнда которгон, башкача айтканда тендер башталганга чейин төлөшкөн. Бул талап аткарылбаса алар тендерге катышмак эмес. Биздин пикир боюнча, туура эмес маалыматтарды чехиялык оппозиция атайын чыгарып жатат, бул саясий оюн десек да болот", - деди Өнɵр-жай, энергетика жана жер кыртышын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мааламыт катчысы Рысбек Токтоналиев.

Президент Атамбаев чехиялык инвесторлорго ишенет

Мындан бир нече күн мурда президент Алмазбек Атамбаев да Чолпон-Атада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чехиялык компанияга ишеним артарын билдирген.

Өлкө башчы өз сөзүндө, Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча буга чейинки орусиялык компания менен келишимди жокко чыгаруу туура болгонун кошумчалаган:

Сүрөттүн автордук укугу AFP

"Биринчиден, Орусия менен болгон келишимди үзүп абдан туура кылдык. Ал компания Камбар-Ата-1 ГЭСин баштай элек болчу. Кура албашына менин дагы, орус президентинин дагы көзү жетти. Ал эми чехиялык инвесторлор тууралуу айтсам, Смелик "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда бардык суроолорго жооп бериптир. Чындыгында бул компания менен келишим Кыргызстан үчүн ийгиликтүү болду. Ал буга чейинки "РусГидро" менен келишимден алда канча жакшыраак".

Талаш-талкуу жараткан Liglass Trading CZ

Кыргызстанда курулушу токтоп калган ГЭСтерди чех компаниясы кура турганы июль айынын башында, атап айтканда кыргыз өкмөтү менен чехиялык инвесторлордун 10-июль күнү түзүлгөн келишиминен кийин белгилүү болгон.

Бирок көп узабай Чехиянын маалымат каражаттары өз өлкөсүндө эч кандай ийгиликке жетише албаган компания кантип Кыргызстанга ири инвестор катары иш баштап жатат деген суроонун тегерегинде иликтөө жүргүзгөн. Бул кыргыз коомунда ишенбөөчүлүк жаратып, өкмөт катуу сынга кабылган.

Өкмөт өз кезегинде чехиялык Liglass Trading CZ команиясы кирешеси жогору ишкана экенин айтып, тендерге катышуу үчүн кепилдик акынын төлөмдөрү тууралуу документке чейин жарыялап жиберди.

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption Жанар Акаев: Баштапкы кепилдик төлөмдүн төлөнүшү же төлөнбөшү тууралуу маалымат күмөндүү ойлордун ондон бири гана болчу

Ошентсе да бул компанияга ишенбөөчүлүк көрсөткөндөр бар. Алардын бири депутат Жанар Акаевдин Би-Би-Сиге билдиришинче, бул жерде кепилдик сумманын төлөнгөнү тууралуу маалыматтан башка дагы бир катар суроолор көп:

"Баштапкы кепилдик төлөмдүн төлөнүшү же төлөнбөшү тууралуу маалымат күмөндүү ойлордун ондон бири гана болчу. Биринчиден, бизден мурун чех маалымат каражаттары буларды абдан талкуулады. Олуттуу сайт, гезиттери бул компаниянын тарыхын изилдеп чыгышты. Ага ылайык, бизге берген маалыматтарга карата компаниянын көптөгөн калптары бар. Мисалы, бизге алар Арменияда, Австрияда ГЭС курганбыз деген маалымат беришкен. Бирок бул калп болуп чыккан. Ошондой эле чоң акча каражаты "Юникредит" банкта сакталуу экенин айткан, бирок Чехиянын "Юникредит" банкы алардын мындай каражаты жок деген. Бул сыяктуу улам калп фактылар чыгып отурат. Ошондуктан бул компанияга шектенүүгө толук негиз бар."

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргызстан: жашыл технологияны колдонуу аракеттери

Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашуунун алгачкы тепкичи 2012-жылы башталган. Анда Орусиялык "РусГидро" компаниясы менен Кыргызстан эки тараптуу келишимге кол коюп, аталган компания Кыргызстанга эки энергетикалык объект куруп бермек.

Башталган иш көпкө узабай, орусиялык компания каражаты жетишсиз экенин айтып, курлуш токтоп калган. Буга байланыштуу парламент 2015-жылы эки тараптуу келишимди жокко чыгарган. Башталган иш боюнча орусиялык компания 37 млн. доллар сарптаганын, аны кайтарып алууну суранган.

Liglass Trading CZ компаниясы Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана он чакан ГЭСти куруу боюнча тендерди утуп алган.