Жыл башынан бери жүз адам сууга чөгүп өлдү

Былтыр сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны 105ке жеткен.
Image caption Былтыр сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны 105ке жеткен.

Кыргызстанда жай мезгили башталгандан тарта 67 адам сууга чөгүп каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, алардын көбү балдар менен эркектер.

Акыркы бир-эки айдан бери эле сууга чөккөндөр тууралуу маалыматтар массалык маалымат каражаттарына байма-бай чыгууда.

Мындан беш күн мурда Жайыл районунда Көкөмерен суусуна чөгүп кеткен 13 жана 14 жаштагы тестиер кыздарды издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалыматына ылайык, жергиликтүү калк жана жети куткаруучунун катышуусундагы буга чейинки издөө иштери жыйынтыгын берген эмес.

Image caption Расмийлердин айтымында, сууга чөккөндөрдүн көбү балдар менен эркектер

Жыл башынан бери Кыргызстанда суу жана көлмөлөрдө чөгүп кеткендер саны жүзгө жетти, алардын алтымыштайы эркек, ону аял жана отуз бири жаш балдар.

Расмийлердин айтымында, быйылкы жылдын алгачкы жети айында эле сууга чөгүп каза болгондордун саны былтыркы жыл ичиндеги санга жетти. 2016-жылы сууга чөгүп өлгөндөрдүн саны 105ке жеткен.