АКШнын өкүлдөр палатасы Орусия менен күрөшүү мыйзамын кабыл алды

Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууга Дональд Трамптын Владимир Путин менен “жакшы келишим” түзүп, Орусия менен мамилени оңдоого даярдыгы тууралуу бүдөмүк билдирүүсү себеп болду. Сүрөттүн автордук укугу AFP/GETTY
Image caption Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууга Дональд Трамптын Владимир Путин менен “жакшы келишим” түзүп, Орусия менен мамилени оңдоого даярдыгы тууралуу бүдөмүк билдирүүсү себеп болду.

АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасы көпчүлүк добуш менен Орусияны Иран жана Түндүк Корея менен бирге тышкы саясаттагы душманы катарына киргизген жана президент Дональд Трампка жеке өзү ага кашы санкцияларды жокко чыгарууга тыюу салган мыйзам кабыл алды.

Бул документтин 184 бетинин дээрлик жарымы Орусияга байланыштуу. Ал барактарда америкалык саясатчылар Орусияны эмнеде айыптап жатканы жазылган. Айыптоолордун ичинде Москванын Украинага жана башка мамлекеттерге мамилеси, шайлоого таасир этүү аракеттери, Башар Асадды колдогону, коррупция, адам укугун бузуу жана башкалар бар. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган санкциялар тууралуу актылар менен жарлыктар камтылган.

Жаңы мыйзамдагы негизгиси – президентти парламенттин уруксаты жок Орусияга каршы санкцияларды жокко чыгаруу укугунан ажыратканы.

Бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууга Дональд Трамптын Владимир Путин менен “жакшы келишим” түзүп, Орусия менен мамилени оңдоого даярдыгы тууралуу бүдөмүк билдирүүсү себеп болду. Ошондой эле Орусия Демократиялык партиянын компьютерлерине кирип, шайлоо жыйынтыгына таасир этүү аракетин көргөн деген айыптоолор түрткү болду. Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.

Эксперттер Трамп бул мыйзамга кол коюуга аргасыз болот деп жатышат.

Трамп эгер кайсы бир кишиге же компанияга каршы Санкцияны алып салгысы келсе, жүйөөлүү себебин көрсөтүп, конгресстин уруксатын алыш керек болот. Жүйөлүү себептер булар болушу керек:

1. АКШнын улуттук коопсуздугунун кызыкчылыгына жооп бериш керек;

2. Ал жеке же юридикалык жак андан ары мыйзам бузбай калган болуш керек;

3. Украина боюнча санкцияларга байланыштуу учурда Орусия Минск келишимин аткарып жатканын далилдеш керек.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Путин менен Трамп Гамбургда жолугушту

“Конгресс болсо баш тарта алат”, - дейт батыш фирмаларынын мурдагы СССР фирмалары менен мамилесине адистешкен америкалык юрист Брюс Маркс.

Анын айтымында, санкция режимин көпкө чейин сактоо аракети батыш компанияларын, баарыдан мурда энергетикалык жана финансылык тармакты, алардын кардарларын да тынчсыздандырып жатат.

“Ушундай маселе Жексон-Вэниктин түзөтүүлөрүндө бар болчу. Советтер Союзуна каршы санкция киргизишкен. Ал көчкүсү келген еврейлерге тоскоолдукту күчөтүп турчу. Бирок Союз кулагандан кийин да ал санкциялар иштей берди”, - деди Маркс.

Ушул мисалды жаңы мыйзам долбоорун сындаган көп орустар да келтирүүдө. (АК)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар