К. Акилов: Туристтерге тоолорду казып эмес, көрсөтүп “сатыш” керек

К. Акилов. Туристтерге тоолорду казып эмес, көрсөтүп "сатышыбыз" керек Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption К. Акилов: Туристтерге тоолорду казып эмес, көрсөтүп "сатышыбыз" керек

Он жылдан ашык убакыттан бери Италияда туристтик фирма жетектеп келе жаткан Калыбек Акилов Би-Би-Сиге маек куруп, бул тармакты аксаткан жагдайлар тууралуу айтып берди.

К. Акилов: Италияда Римини шаарында жашайм. Өзүмдүн туристтик фирмам бар. Саякаттагандарды бүт дүйнө жүзүнөн кабыл алып, кызмат көрсөтөбүз. Биз өзүбүздүн мамлекетке кандай жардам бере алабыз? Италиядан он жылдап үйрөнгөн тажрыйбамды Кырызстандын туризмине салым кылып кошсом деп, ошол тарапка кадам таштап жатам.

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Калыбек Акилов

Би-Би-Си: Кыргызстан бул жагынан канчалалык дээңгелде өнүктү деп ойлойсуз? Сиз талдап, салыштырып көрүп атасыз да.

К. Акилов: Туризм боюнча эгер пайыз менен алып карай турган болсок, 2-3 эле пайызын колдонуп жатабыз. Калган токсон пайыздан ашууну былк этпей турат. Өтө жөнөкөй бирок өтө маанилүү нерселерди эске алышыбыз керек. Мен талдап чыгам, Кыргызстанга кирип келе атканда эле бажы кызматынан баштап, чек ара, милиция кызматкерлери туристтерди мисирейип тосуп алышат. Жардам сурамак турсун жанына бара албайсың. Ал тургай акча талап кылган милиция кызматкерлери да аныкталбады беле. Ошондой мамилеге кабылган киши кайра келеби? Албетте жок. Өнүккөн мамлекеттерде такай жылмайып, келиңиз деп учурашып турушат.

Сүрөттүн автордук укугу courtesyphoto
Image caption К. Акилов: Кыргызстанга кирип келе атканда эле бажы кызматынан баштап, чек ара, милиция кызматкерлери туристтерди мисирейип тосуп алышат. Жардам сурамак турсун жанына бара албайсың

Туристке сый жана коопсуздук биринчи орунда турат. Турист бул киреше. Бул абдан көп тармакка салыштырганда зыянсыз жана чыгашасыз ишкердик экенин унутпашыбыз керек. Мына мисалы тоолорубуз дагы турист үчүн товар катары бааланат. Биз аны сатканды билишибиз керек. Сатып десе омуруп же казып эмес, көрсөтүп, кыдыртып жана кызыктырып киреше таба алабыз. Ошол эле тоодо дал ошондой товардын канча түрүн санасак болот? Мисалы чөбү, гүлү, суусу деп кете берет.

Италияда жашасам да маалыматтарды карап турам. Баягыда бизде чоң эле кызматта иштеген киши "Силер Түркия менен атаандаш боло албайсыңар, ал жакта арзан. Силер да бааны арзандатсаңар турист келиши мүмкүн дейт. Анысы аз келгенсип жанагы аты жаман чөп марихунананы мыйзамдаштырсаңар туристтердин агымы көбөйөт деп жатат. Мен анын пикири менен такыр макул эмесмин. Себеби Кыргызстанга андай арзан туристтин кереги жок. Алар Турцияга, Египетке же башка каалаган жагына бара берсин. Ар бир товарга кардар табылгандай эле, Кыргызстандын да өзүнүн туристи бар. Бир эле орто деңгээлдеги, билимдүү, маданияттуу турист келе турган болсо жаман-жуманга кызыккан ондогон туристтин каражатын камсыздап коёт. Ыпылас иш кылган саякатчы менен маданиятуу саякатчы келе турган болсо анын пайда-зыянын өзүнүздөр талдап көргүлө.

Image caption К. Акилов: Кыргызда канча бут кирсе, ошончо кут кирет деген сөз бар. Бул туризмге даана колдоно турган сөз

Би-Би-Си:Бул тармакты алга жылдыруу үчүн жеке сиз өзүңүзмындан ары эмне кыласыз? Мамлекеттен сырткары жарандык коом эмне кылышы керек?

К. Акилов:Жарандык коом акырындап түшүнүп баратат. Кыргызда канча бут кирсе, ошончо кут кирет деген сөз бар. Бул туризмге даана колдоно турган сөз. Биздин коом келген туристтер сенин күлгөнүң, жүгүн көтөргөнүң үчүн деп баарына төлөп бере турганын түшүнүшү абзел. Турист - шпион же душман эмес, эс алууга чыккан саякатчы.

Чет мамлекетте жүргөндөр Кыргызстанга келгиле, жаратылышы керемет деп ошол жактан маалымат беришибиз керек. А эл тосуп алышы зарыл. Буюрса мен отель куруп баштайм. Аны кооз жерге салбайм. Атайын айылдын ичинде куруп коём. Ошондо туристтер өзүнчө бөлүнүп кетпейт. Ошонун эсебинен аз да болсо айылдын инфраструктурасы өсөт, эли иштеп акча табат. Эгерде мен өзүнчө салып салсам элге пайдасы жок. Кыргызстанда акчалуулар көп, бирок баары эле жабылып соода борборун курууга киришет. Мен аларды түшүнбөйм.

Би-Би-Си:Сиздин фирманын кызматын пайдаланган кардарлар Борбор Азияга анын ичинде Кыргызстанга канчалык дээнгелде кызыгышат, маалыматтары барбы?

К. Акилов:Мен аларды Италиядан тозуп алгандан кийин, "Сиз Кыргызстан, Ысык-Көл жөнүндө уктунуз беле деп сурамжылап көрөм. Россия, казакстандыктар билишсе, алыскы чет мамлекеттегилерде маалымат жокко эсе. Ал үчүн биз туристтик жармаңкелерге катышышыбыз керек. Мен айткан Римини шаарында Бүткүл дүйнөлүк туристтик жармаңке өтүп турат. Мен бир топ кишилерге да айткам. Мага эптеп эле боз үй жеткирип беришсе, мен аны сатпайм, сактап, тазалап жармаңке маалында чыгымын өзүм төлөп, улуттук кийимдерибизден бери коюп Кыргызстандын атын чыгарып турмакмын. Азырынча ишке аша элек. Аягына чейин өзүм аракет кылам. Мындай жармаңке дагы бир канча өлкөлөрдө да өтөт. Аларга да катышуубуз керек.

Европалыктар колизей, мунара, имарат дегендерден чарчашты. Алар ачыла элек туристтик тармактарга барып, көргүсү келип жатат. Биз мамлекетен эч нерсе сурабайбыз, болгону моралдык колдоо жана мыйзамдарды толук иштетип же толуктап берсе болду. Табылды Эгембердиев агабыз айткандай, биз быштык, чет мамлекеттен токмок жедик, ачка да болдук. Биз үйрөндүк. Ошол тармакты көтөрүп кеткенге көзүбүз жетип калды.

Туризм тармагында 2016-жылдын көрсөткүчү кандай болгон?

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн Кыргызстанга келген туристтердин саны 147 миңге кыскарган. Бирок туризм департаменти турситтердин саны азайганы менен алар Кыргызстанда сарптаган каражаттын көлөмү мурдагыдан көбөйүп, 21 жарым млрд сомго жакындап барганын билдирди. Өткөн жылы келген туристтердин жалпы саны 3 млн 850 миңдин айланасында болгон.