Айгүл Текебаева: баламды энеңе кайрат бол деп жибердим

Айгүл Текебаев сот имаратында
Image caption Айгүл Текебаев сот имаратында

Кезметтеги адвокаттан Өмүрбек Текебаев баш тарткандан кийин анын соту 27-июлга жылдырылды. Ушу тапта Текебаевдин президенттикке талапкерлигин коюу үчүн тил сынагына катышуусу талашка түшүп жатат.

Ал арада саясатчынын балдары кол чогултууда. Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүл Текебаева Би-Би-Сиге маек куруп, үй-бүлөсү тууралуу айтып берди.

Кенже кызынын сот залындагы видеосу интернетке тараган эле

Image caption Айгүл Текебаева сот залында

Айгүл Текебаева: Бала атасын көргөндөн кийин көрдүм деп, жакшы тынч алып калды. “Мен кудайдан суранып жатам” дейт. Атасын күндө сурайт. “Эмнеге атам келбейт” дей берет. Атасына абдан жакын. Буюрса келет деп сооротуп коём.

Эмне болуп жатканын, баарын түшүнөт экен. Азыр балдар башкача. Жаңылыктар болуп жатканда чуркап келип көрөт. “Мен кудайдан бүгүн да сурадым” дейт.

Улуу балдары тууралуу

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Өмүрбек Текебаевдин улуу кызы Пекинде окуйт

Айгүл Текебаева: Улуу кызым азыр каникулга келген. Ысык-Көлгө барып пляждан эле кол чогултуп келиптир, сурансаң беришет экен дейт.

Азыр кол чогултайын деп ГУМдун алдында курдаш кыздары менен турат. Партиядагы балдар, туугандар, тааныштар, күйөрмандар кезек менен, айрымдары өз алдынча кол чогултуп жатышат.

Улуу балам быйыл келген жок, азыр окууда. Экөө тең студент.

“Энесине кайрат болсун дедим”

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Өмүрбек Текебаевдин балдары

Кичине баламды эки жума мурун Акманга жибергем. Атаңдын ордун жоктотпой энеңин жанына барып, кайрат бол деп жөнөткөм. Кечээ эле келди. Кайнимдин баласы экөө барып, кол жыйнап, айылдагы балдар менен аралашып, футбол ойнодум деп келди.

Бул жакта да теңтуш балдары, арасында орус, татар достору бар. Алар телефон чалыптыр мага, “Айгүл эже, Эсентур бизге айтып кетти эле, биз кол чогултуп койдук” дешти. Балам жок болсо дагы, достору жыйырма кол болсо да чогултуп койгонуна кадимкидей сүйүнөт экенсиң. Балдар келип таштап кетишти.

Жылда жайында ушул маалда бир ай Акманда балдар менен, Өмүрбек болуп жүрүп келчүбүз. Быйыл шартка жараша баралбай, баламды жөнөттүм.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Каникулга келген Айданек Текебаева кол топтоодо

“Кайненем мага кайрат айтат”

Күндү санап, баласын күтүп отурат. Кайра мени сооротуп, “кайрат кыл, Айгүл, бекем тур” деп турат. Мен аны сооротсом, ал кайра менин көңүлүмдү жубатат.

Бир нече айдан бери камакта отурган Жогорку Кеңештин депутаты Текебаев ири өлчөмдөгү пара алууга айыпталууда.