Шайлоодо диндин ролу кандай болот?

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо партиялардын дин факторун кызыл кулактык менен колдонуусу байкалган.

Шайлоо кампаниясы кызып, талапкерлер электорат тилин табуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга өттү. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо партиялардын дин факторун кызыл кулактык менен колдонуусу байкалган. Быйыл күздө өтчү президенттик шайлоодо диндин жана диний аалымдардын ролу кандай болмокчу?

Талапкерлер дин аркылуу элдин көңүлүн тапкысы келет

Президенттикке талапкерлер белгилүү диний аалымдардан бата алганын мактанып, социалдык желелерге сүрөт жүктөп, айрымдары буга чейин эчен жыл үйүндө жаткан Куран китептерин диний окуу жайларга тапшырып, упай топтоо менен алек.

Айталы, “Ак Шумкар” лидери, талапкер Темир Сариев май айында эле Ислам институтуна XVIII кылымга таандык Куран китебин белек кылып, бирок эл арасында Сариев шайлоо алдында бул окуу жайда иш алып барган айрым диний аалымдардын көңүлүн алган атат деген кептер жүргөн.

Кечээ жакында болсо, тактап айтканда, 24-июлда дагы бир талапкер Турсунбай Бакир уулу социалдык желедеги барачасына мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов менен сүрөтүн жүктөп, аалым ага бата бергенин мактанып өттү.

“Шейх Чубак ажы шайлоого өзүм чыкпайм деп батасын мага берди. Шейхтен Аллах эки дуйнөдө ыраазы болсун, мен ыраазымын!”,- деп жазды талапкер.

Эл арасында талапкерлер ичинен Сооронбай Жээнбеков эң такыбасы, себеби ал беш маал намаз окуйт деген сөздөр да жүрүүдө.

Бүгүнкү күнгө президенттикке баруу ниетин билдирген талапкер саны 40кка чукулдады. Расмий үгүт жүргүзүүгө 1,5 айга жакын убакыт калган менен, талапкерлердин көбү эмитен көмүскө жана кыйыр жолдор менен электоратка ушинтип дин факторунун негизинде жагуу менен алек.

Аалымдар беделин жарым миллионго баалаган партиялар

Мурунку муфтий, Диний аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов Кыргызстандагы эң белгилүү диний аалымдардын бири. Анын ислам негиздерине таянган таалим-тарбия сабактарына адамдар он миңдеп жыйналышат. Кыргызстандагы калктын 80% ашыгы мусулман экенин эске алганда ал кишинин таасирин аңдабай түшүнсө болот. Бул себептүү аалымды саясий кызыкчылык менен колдонууну каалаган саясатчылардан аз эмес.

Буга чейинки маектеринин биринде 2015-жылы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоолордо аны тизмеге кел деп чакырып жарым миллион долларга чейин сунуштаган партия лидерлери болгонун билдирген.

“Чындыгында мага акча сунушташты. 450 миңден жарым миллион долларга чейин. Менин ыраазычылыгымды көр пенде катары эле тыйынга байлагысы келгендери менин зээнимди кейитти. Балким коом ошондой болуп жаткандыр. Мен ошолордон башка нерселерди күттүм эле”,- деген эле былтыр майда Чубак ажы.

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Чубак ажы Жалилов: Шайлоодо мага 450 миңден жарым миллион долларга чейин сунушташкан.

Кыргызстанда светтик өлкө экенин эске салып, диний ишмерлер шайлоого бара албасы тууралуу эскертүүлөргө ал деп жооп берген.

“Мыйзамдык чектөө болушу мүмкүн эмес. Анткени мен Кыргызстандын жаранымын, паспорт көтөрүп жүрөм. Диний адам эмес, Кыргызстандын жараны катары катышканга укугум бар да. Мен Аалымдар кеңешинин мүчөсү элем, арыз жазып таштап коюп, эртеси көчөгө чыгып шайлоого катышсак боло бермек”,- деген эле мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов.

Дин тууралуу жаңы мыйзамда шайлоо тууралуу ченемдер такталды

Быйыл жазында дин тутуу тууралуу мыйзамга толуктоолор киргизилип, жаңы долбоор коомдук талкууга коюлду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары Закир Чотаев жаңы мыйзам долбоору Коргоо Кеңешинин 2014-жылдын 3-февралдагы диний жааттагы мамлекеттин саясатын реформалоо чечимине ылайык иштелип чыкканын билдирди.

Мыйзамга диний билим берүү, диний уюмдарды негиздөө, сыйынуучу жайлар, сүннөт, нике тууралуу бир топ тактоочу жоболор кирүүдө. Булар менен катар эле диний ишмерлер жана шайлоо тууралуу жаңы толуктоолор бар.

“Мыйзамдын 2008-жылдагы редакциясында деле диний ишмерлер шайлоого барып, үгүт иштерине катыша албайт деген ченемдер бар болчу. Бирок ал жалпы мүнөздө эле берилип калган. Бул жолу биз чектөөлөрдү так жаздык. Диний ишмерлер саясий процесстерге катышпайт деген норма биздин Баш мыйзамда дагы бар”, - деди Закир Чотаев.

Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption Турсунбай Бакир уулу социалдык желедеги барачасына мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов менен сүрөтүн  жүктөп, аалым ага бата бергенин айтты.

Ал Дин боюнча мамлекеттик комиссиясы 2015-жылы өткөн шайлоодо эки факттын негизинде диний ишмерлердин үгүт кампаниясына аралашуусу боюнча Чубак ажы Жалилов үстүнөн Диний аалымдар кеңешине эскертүүлөр берилген кошумчалай кетти.

Кыргызстан - светтик мамлекет

Билим берүү жаатында адис Асылбек Жоданбеков Кыргызстан светтик өлкө экенин эскертип, шайлоо жана дин темасында бүгүнкү күнү өлкө алдында чакырыктар жана кооптонуулар бар экенин белгилейт.

Биз светтик өлкө катары дин менен мамлекет эки башка нерсе деп атпайбызбы. А бирок ошол эле мезгилде бүгүнкү күнү чакырыктар да бар да. Дин тарабынан аалым адамдар келсе Кыргызстан оңолот же болбосо негизги мыйзам шариат болсун, анын негизинде жашаш керек деп ураан чакыргандар да жок эмес.Бул өңүттөн алганда мамлекеттик жана коомдук институттар абдан дыкат иш жүргүзүшү керек”, -деди эксперт.

Пикиринде, 15-октябрда өтчү шайлоого чейин жана шайлоодо динге кызыл кулактык кылган фактыларга карата Кыргызстан мусулмандар башкармалыгыны, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жа башка тийиштүү органдардын реакциясы так жана чапчаң болушу керек.

Журналист ашкере динчилдердин бутасына алынды

Тектеш темалар