Блог: Жеңилүү

Жеӊилүүнүн өзүндө улуу бир жашоо бар.
Image caption Жеӊилүүнүн өзүндө улуу бир жашоо бар.

Аалам өзгөрдү. Ал күн сайын алаканга салган сыяктуу кичирейип баратат. Кыргыз адамдары, кыргыз адамдарынын дүйнө таанымы да улам сайын жаӊы. Жашоо да, жашоо шарт да, жашоонун мыйзамдары да улам- улам башкача, бөлөкчө. Ал эмес мезгил өзгөрдү, кыш өзгөрдү, жаз өзгөрдү. Баштагыдай эмес, бала кездегидей эмес. Быйылкы жаз башкача эрте келди. Биздин жаз жыл сайын өзгөрүп баратат. Бирок атам замандан бери адамдын өзгөрбөгөн бир сезими бар. Ал заманга, мезгилге, жашоого анан калса куракка карабаган кызык бир сезим. Ал сүйүү… Жазда бул темага кайрылбай коюу, бир саам күнөөдөй туюлат.

- Ырларыӊда сүйүү темасын такыр жазбайсыӊ, мүмкүн жаза албасаӊ керек,- деди бир таанышым. Мен үнсүз жылмайдым. Мен чындап сүйүүнү жаза албайм. Мүмкүн мен сүйгөн адамыма жетпей калганымда сүйүүнү өтө мыкты жазгандардын катарында болмокмун. Мүмкүн кудайым мага сүйүүнү баяндап берүү талантын бербегендир. Кыргыздын залкар акындары сыяктуу сүйүүнүн керемет сүрөттүн жаратуу колдон келбеген менен ошол залкарлар күткөн улуу сүйүүнү сезгенимди моюндашым керектир. Башкаларды билбейм мен сүйүүнү ЖЕⱧИШ эмес, жеӊилүү деп билем. Ал эми адам жеӊилүүсүн баарына жар сала берүүнү жактырбаса керек. Бирок, жеӊилүүнүн өзүндө улуу бир жашоо бар.

Адам кимди, качан сүйүп калаарын билбеген макулук. Чыныгы сезим оту тутанганга чейин азуусу менен ай чапчып, асканы да, тоону да уратчудай болуп, көкүрөгүн көтөргөн дос- тааныштарды көрдүм. Мен да ошолордой элем.

Досторумдун жүрөгү таза эле анда. Таза жүрөктүү адамдар гана сүйө алышат. Сүйүү бир гана тазалыкты жактыргандай туюлат мага. Тазалыксыз сүйүү мүмкүн соодалашуудур, мүмкүн белбайлоодур, чыдоодур, жасалмалуулуктур… Мен аны билбеймин. Себеби бул кыска өмүр мага соодалашкан, бел байлаган, аргасыз чыдаган анан жасалмалуу сүйүү берген жок. Мен тек гана сүйдүм! Анан сүйгөн күндөн баштап эч кимге эмес, өзүмө жеӊилдим… Өзүмдү унуттум. Өзүмдүн жүрөгүмө каршы чыктым. Өзүмө такыр окшобогон өзүм менен жашай баштадым, жашап атам дагы да жашагым келет, кызыгы. Өзүмдүн көз алдымда толкунданган, ыйлаган, күндөрүм болсо дагы мен өзүмдүн эркиме согуш ачуумду токтоткон жокмун. Токтотууга күчүм да жетпеди. Мен аны токтото да алмак эмесмин.

Сүйбөй калгым келген мүнөттөр болду, сүйбөй коё албадым! Унуткум келген күндөр болду, унута алган жокмун! Качкым келген күндөр болду, кайда качаарымды билбедим. Жалгыз калгым келген кездер болду, жалгыздыктан бала күндөн бери коркоорум ырас! Ошол себеп, мен сүйүүгө баш ийүүгө убада бергем. Болгону гана сүйгөн адам жеӊилээрин, утулаарын, ыйлаарын, кайгыраарын бирок ошол эле ирмемде ошол сезимди зарыгып күтөөрүн, сагынаарын, андан эч качан, эч качан баш тарта албастыгын түшүндүм. Анан мен болгону гана ошол сезимге ызы- чуусуз жеӊилип бердим. Жеӊилүүнүн өзүндө бакыт бар, жеӊилүүнүн өзүндө биргелешкен бир кызык жашоо бар. Өзүмчүл, бийликчил адамдар көп, жеӊилгиси келбеген. Бирок сезимдеги майда жеӊилүүнүн артында зор бир ЖЕⱧИШ турганын мен сөзсүз, айтышым керек. Таза жүрөктүү адамдар гана сүйө алышат. Сүйгөн адам сөзсүз жеӊилет. Жеӊилүүнүн өзүндө улуу бир жашоо бар. МЕН БААРЫНА СҮЙҮҮ КААЛАЙМЫН!!!

АКЫЛДУУ СѲЗ: 'Сүйүү- бул бирин- бири кароо эмес, экѳѳ биргелешип бир тарапты кароо'

Жазгүл Жамангулова.