Бабанов шайлоонун аягына чейин барабы?

Эксперттердин басымдуусу Өмүрбек Бабанов шайлоого чечкиндүү баратканын айтышууда
Image caption Эксперттердин басымдуусу Өмүрбек Бабанов шайлоого чечкиндүү баратканын айтышууда

Президенттикке талапкерлер саны кыркка жетти. Ал арада айрым интернет булактары бийликтеги социал-демократтар талапкер Өмүрбек Бабанов менен шайлоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жазууда. Аналитиктер шайлоого чейин мындай сүйлөшүүлөр сөзсүз болоорун айтышып, айрымдары Бабанов талапкерлигинен баш тартпайт десе, айрымдары компромисске барышы мүмкүн дешет.

Айрым интернет булактар бийлик “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен шайлоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, бир талапкерге биригүү аракети көрүлүп жатканын жазышты.

Бирок Бабановдун партиялаштары андан кабары жок экенин Би-Би-Сиге билдиришти.

Ал эми парламенттеги “Республика-Ата-Журт” фракциясынын катчылыгынан шайлоого даярдануу толук кандуу жүрүп жатканын, 28-июлда Бабанов кыргыз тили боюнча тестирлөөгө бараарын айтышты.

Шайлоого чейин мындай сүйлөшүүлөр эртеби-кечпи сөз жок болот деди саясат таануучу Эмил Жураев.

“Президенттин маалымат жыйынында Бабанов тууралуу айткан сөзүнө караганда, карама-каршылык же тирешүү эмес, макулдашууга ачыктыгын билдиргендей болду. Ар кандай сүйлөшүүлөр сөзсүз болот. Бирок менин байкашымча, Өмүрбек Бабанов президенттикке барууга чечкиндүү түрдө даярдык көрүп, акырына чейин жетүүгө ниеттенүүдө”, - деген оюн билдирди Эмил Жураев.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL
Image caption Президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбеков бир туугандарына каршы чыгып таза иштеген деди

Бийлик менен Бабановдун шайлоого тиешелүү алакасын чечмелөө аракеттерине президенттин акыркы билдирүүлөрү да түрткү берди.

Президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын талапкери Сооронбай Жээнбеков тууралуу айтып жатып, Бабанов боюнча оюн билдирген:

“Эгер КСДПдан талапкер болбосо, мен ошол эле Бабановду колдомокмун, ачык айтайын”.

Ушул эле маалымат жыйынында президент Бабановду сактап калганын да баса белгилеген:

“Мына Өмүрбек инимди жакшы эле жетелеп жүрөбүз го. Жакшы жигит. Кээ бирде өтө жулунбаш керек да. Силер ага жакшы көрүнөм деп, өзүн жаман атты кылып жатасыңар. Жакшы баратат, мындан ары да бара берсин. Кандайдыр бир күчтөр бар, тиги-бу бар деп... Эй, Бабановду 2010-жылы, 2011-жылы камайбыз деп келип жатканда, керек болсо мен сактап калгамын”.

Бул сөздөрдөн кийин айрым эксперттер президент Бабановду жетелеп келатканын айтып, ага кандайдыр бир ишаарат кылды дешти.

Бирок Атамбаев экинчи билдирүүсүн Бабановко таандык НТС каналынын журналистинин мураскор жана административдик ресурс тууралуу суроосуна жооп берип жатып айткан.

Басыңыз "Республика-Ата-журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов

2006-жыл

2017-жылы президенттик кызматка талапкер болуп шайлоого катышкан жатат

2016-жыл

Өмүрбек Бабанов 2011-жылы премьер-минист кызматында болгон

Ошондуктан Эмил Жураев бул ошол учурда пайда боло калган эмоцианалдык билдирүү болушу мүмкүн, ал эми биринчиси ойлонулган сөз деген пикирде.

Саясатчы Равшан Жээнбеков эки тараптын идеологиясы бир экенин белгилеп, Бабанов бийлик менен сүйлөшүүгө барып, өзү бийликте калууну көздөшү мүмкүн дейт. Бирок ал башка варианттарды да жокко чыгарбайт:

“Макул болбошу да мүмкүн. Анткени шайлоого чейин баралы деп, кийин Атамбаев “Республика” тарапка билинтпей колдоо көрсөтүп, Бабановду мураскору кылып алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Анткени реалдуу караганда, Сооронбай Жээнбеков күчтүү талапкер эмес. Ал эми Бабанов өтүп кетти деп коюу Атамбаев үчүн жакшы долбоор”, - деди Жээнбеков Би-Би-Сиге.

Ал эми президенттикке дагы бир талапкер, саясатчы Азимбек Бекназаров үчүн айтылган эки тарап бириксе жакшы болот. Бекназаров ансыз да алардын позициялары, платформалары окшош деген оюн айтууда.

“Атамбаевдин ишин улантабыз дешти, колдойбуз дешти, экөөнүн ою, ырас, окшош. Платформалары да окшош. Кечээги Атамбаевдин сөзүнөн деле билинип турбайбы. Бийлик “экөөңдүн идеяң окшош болгондон кийин шайлоочуларды бөлүп жарып эмне кыласыңар” деши мүмкүн. Менимче мунун оң жагы көбүрөөк. Сүйлөшүү жолу менен эле чечишет го”, - деди Бекназаров.

Эксперттер Орусиянын көрсөтмөсүнө жана колдоосуна да көп нерсе көз каранды экенин кошумчалашты.

Ошол эле маалда ар бир талапкер жеңишке ишенип жатканын айтып келишет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар