Өзгөндөгү өрттүн себеби аныктала элек

Өзгөн базарында чыккан өрт
Image caption Өзгөн базарында чыккан өрт

Өзгөн базарында чыккан өрттүн себептери жана чыгымдары аныктала элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку тараткан маалыматына ылайык, өрт болжол менен 2000м2 аянтты чапчып, жүздөй ишкердин товарын сапырган.

Базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 29-июлда таңкы бештерде келип түшкөн. Андан көп узабай социалдык тармактын колдонуучулары тарабынан видео-сүрөттөр байма-бай чыгып кетти. Анда "өрт алоолонуп күйүп, түтүн шаарды каптады" деп жазылган жерлери бар.

Өрт толугу менен жекшемби күнү түшкө жетпей өчүрүлдү. Себептери жана чыгымдары тууралуу маалымат жакынкы күндөрү анык болорун Би-Би-Сиге ӨКМдин маалымат катчысы Элмира Шерипова билдирди:

"Азыр өрт кырсыгы тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат. Болжолу менен бир аптанын ичинде толук маалымат таратабыз".