Бабанов жарыштан чыкпайт, Турсунбеков оюндан баш тартты

Бабанов президенттиктен талапкерлигин албасын билдирди Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бабанов президенттиктен талапкерлигин албасын билдирди

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов өзү тууралуу ушак айың-кептерге чекит коюп, эч ким менен тандемге барбасын жана президенттиктен талапкерлигин албасын билдирди. Бирок ошол эле убакта ал анын өсүп жаткан саясий бедели менен соодалышкысы келгендер болуп жатканын кыйытты.

Ал эми президенттикке талапкерлигин коем деп КСДП каарына кабылган парламент спикери Чыныбай Турсунбеков шайлоого барбай тургандыгын жар салды.

Бабанов: Баштаба, баштагандан кийин артка кайтпа

“Бирөө менен тандемге барып, талапкерлигин алып салып премьер-министрдин кызматына барат деген маалыматтар таркатылып атат, мен буга ачык, айкын жана так жооп бергим келет: бүгүнкү күнү менин саясий конкуренттигим соодага айланып атат”,- деди бүгүн маалымат жыйынында “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов.

Бабанов шайлоодон ара жолдо баш тартпай тургандыгын айтып, анын риторикасынан өз жеңишинен күмөн санабай тургандыгы байкалып турду.

“Президенттик шайлоодо мен аягына чейин барам. Бул шайлоодо элибиздин колдоосуна ээ болуп, мен кыргыз мамлекетибиздин президенти болом. Кудай буюрса”,- деп кошумчалады Бабанов.

Президенттик мөөнөтү бүтүп бара жаткан Алмазбек Атамбаев 24-июлда журналисттер үчүн маалымат жыйында талапкерлер ичинен өзүнүн партиясы жылдырып аткан өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду эсепке албаганда Өмүрбек Бабановго артыкчылык берерин айткан.

Ал тургай президент Бабановду кезинде, тактап айтканда 2010-2011-жылдары кылмыш жоопкерчилигинен сактап калгам деген болчу.

“Президенттин мени колдойм дегени чоң сөз болду. Бул мен үчүн чоң сыймык. Ал киши менен менин мамилем жакшы. Анан 2010-2011-жылы кандай кылмыш иши болгону тууралу маалыматым жок. Аны ал кишиден сурасаңыздар болот”, - деди буга Өмүрбек Бабанов.

Эске салсак буга чейин учурда көшөгө артында сүйлөшүүлөр жүрүп, Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигинен баш тартып өкмөт башчылыкка барат же бийликтин талапкери Сооронбай Жээнбеков менен тандем түзөт деген айың кептер тараган эле.

Талапкерликтен спикерликти эп көргөн Турсунбеков

31-июлда Бабановдун маалымат жыйынына удаа эле Жогорку Кеңеш спикери Чыныбай Турсунбеков журналисттер менен жолугуп, шайлоого барбасын жар салды.

“Алдыда турган президенттик шайлоого барсам көп кишилердин шайын кетире турганымды, көп талапкерлерге кыйынчылык туудура турганымды көргөздү. Муна алар өздөрү деле моюнга алып жатышат”, - деди Жогорку Кеңеш спикери.

Эске салсак, КСДП партиясынын саясий кеңешинин бирдиктүү талапкер катары Сооронбай Жээнбековго токтолгонуна карабай, партия атынан болбосо да өзүн өзү жылдыруу жолу менен шайлоого баруу ниетин билдирген спикер партиялаштарынын сынына кабылган.

Ал тургай президент Алмазбек Атамбаев өзү партия чечимине баш ийбегендер үчүн КСДП ичинде орун жок экенин 24-июлда Чолпон-Атада журналисттер суроосуна жооп берип жатып айткан эле.

Чыныбай Турсунбеков бүгүн маалымат жыйынында президенттикке баруу ниетин ачыктагандан баштап ага ММК аркылуу чабуулдар башталып, башка талапкерлерге караганда ага чабуулдар өтө жийиркеничтүүрөк анан көбүрөөк уюштурулганын белгиледи.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Турсунбеков саясий күчтөрдүн консолидациясы үчүн президенттикке талаперликтен баш тартып жатканын айтты

Жогорку Кеңеш спикери талапкерликтен баш тартуу чечимине келгиче өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев, КСДП, парламент ичиндеги жана сыртындагы бир катар оппозициялык күчтөр менен жолукканын ачыктады.

Парламент төрагасы президенттикке талапкерликтен саясий күчтөрдүн консолидациясы үчүн баш тартып жатканын айтты.

“Бирок менин бүгүнкү төрагалык кызматым дагы Кыргызстандагы эң маанилүү, эң чоң кызмат. Туруктуулукту, стабилдүүлүктү алып келүш үчүн чоң роль ойнойт. Аны эске алуу менен жана партиялаштардын жана башка мага күйгөндөндөрдүн пикирлерин эске алуу менен ишимди уланта берүүнү чечтим”, -деди Турсунбеков.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги КСДП фракция лидери Иса Өмүркулов 21-августта парламент кезексиз отурумга чогулуп, жаңы өкмөт башчысы шайланып, министрлер кабинетин бекийт деп билдирген.

Бирок бүгүнкү маалымат жыйынында спикер Чыныбай Турсунбековдун бул тууралуу маалыматы жок болуп чыкты.

Шайлоого барарын айтып, мунусу КСДП жетекчилиги тарабынан өзүмбилемдик катары бааланган Чыныбай Турсунбеков эми спикерлик кызматынан кол жуубайбы деген да суроолор чыгууда.

“Биринчи ошентип көрүшпөйбү, силер айткандай куугунтукка алып, партиядан кодулап чыгарып койсо, андан кийин көрөбүз да. Мени колдогондор да бар, сыйлагандар да жетиштүү”, - деп сөзүн жыйынтыктады Чыныбай Турсунбеков.

Талапкерлер саны 52ге жетти

Бүгүн (31-июль) - президенттикке талапкер болууга ниеттенгендердин БШКга арыз тапшыруусунун акыркы күнү.

Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз тапшыргандардын саны бүгүнкү күнү 52ге жетти.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Талапкерлер саны 52ге жетти

Алардын ичинен 42 жаран өзүн өзү көрсөтсө, калганын саясий партиялар сунушташты.

Учурда талапкерлер мамлекеттик тилди билүү боюнча сынак тапшырып, кол топтоо иштери менен алек болууда.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл15-октябрда өтөт.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар