Чынара Жакупбекова: он соттук ишти барабар алып барып жатам

Чынара Жакупбекова эки апта мурда ден соолугуна байланыштуу өргүү алган
Image caption Чынара Жакупбекова эки апта мурда ден соолугуна байланыштуу өргүү алган

Бишкектин адвокаттар биримдиги өткөн аптада оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарын коргоону сурап, Башкы прокуратурга кайрылышты. Адвокаттардын ден соолукка байланыштуу өргүү алганы кайчы пикирлерди жараткан эле.

Би-Би-Си Текебаевдин негизги адвокаты Чынара Жакупбекова менен маек куруп, өргүүдөн кийинки абалын сурады.

Чынара Жакупбекова: Албетте, өргүүдөн кийин алда канча иштөөгө жеңил болуп калды. Анткени бул нервиңди чарчаткан иш, ошол күндөрү чынында чарчап кеттим. Себеби мыйзам биз тарапта болуп турса да судья прокурордун милдетин аткарып жатпайбы. Ошондуктан нерв болосуң. Анын үстүнө дем алышы жок иштедик.

Би-Би-Си: Текебаевдин иши менен катар дагы канча ишти алып барып жатасыз?

Image caption Чынара Жакупбекова Өмүрбек Текебаевдин негизги адвокаты эсептелет

Чынара Жакупбекова: Текебаевдин иши менен катар мен Аида Салянованын, Алманбет Шыкмаматовдун ишин алып барып жатам. Андан башка иштерим да бар, аларды судьялар менен макулдашып кечки саат беш жарымга, алтыга коюп жатабыз. Жалпы он чакты процесс бар.

Би-Би-Си: Бул көп эмеспи?

Чынара Жакупбекова: Көбүрөөк болуп жатат. Ыскы-Көлдө да иштерим бар, Жалал-Абадда да процесстерим бар болчу. Алардын баарын азыр токтоттум, ал эми шаардагы соттук иштердин баарын кечкиге коюп, бул жак бүткөндөн кийин барып жатпаймынбы.

Би-Би-Си: А эмнеге анчанын баарын үйүп алдыңыз?

Чынара Жакупбекова: Мен мындай болорун билген жокмун да. Жыйынды ар бир күнгө коёрун ким билиптир?. Адвокаттар үчүн дайыма эле бир он чакты процесс катар жүрсө, жакшы эле. Бирок азыркы сот жыйындарын күндө коюп жатпайбы. Мындай эч качан болбойт эле, өтсө бир жумада бир жолу өтчү. Бизде иштер жылдап жылдап созулчу.

Image caption Чынара Жакупбекова буга чейин Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовго адвокаттык кылган

Би-Би-Си: Мурда кайсы саясатчылардын ишин алып баргансыз?

Чынара Жакупбекова: Мелис Мырзакматовдун ишин алып баргамын. Ысык-Көлдөгү митинг боюнча Саруу айылынын тургундары Бахтияр менен Эрмектин ишин алып баргам.

Адвокат судья прокурордун ролун аткарып жатат деген менен, райондук соттун судьясы сот жыйынында бардык чечимдерин мыйзамга такаганын айтып келатат. Роза Отунбаева өңдүү саясатчылар күбө катары көрсөтмө берип жатып, ишти “саясий иш” деп атаганда судья ага каршы болгон.

Текебаевдин актоочулары судья сотту бат бүтүрүүгө шашууда десе, прокурорлор айыпталуучу тарап сотту атайын создуктуруу аракетин көрүп жатканын айтышкан.

Эки апта мурун адвокат Чынара Жакупбекова Аида Салянова боюнча сот жыйынында абалы начарлап, ишти токтото турууну сураган.

Тектеш темалар