Кыргызстанда оппозициячынын адвокаты болуу канчалык оор?

Адвокаттар сот адилеттигинде адвокаттардын көз карандысыздыгы, материалдык камсыздалышы жана корголушу чоң мааниге ээ дешет
Image caption Адвокаттар сот адилеттигинде адвокаттардын көз карандысыздыгы, материалдык камсыздалышы жана корголушу чоң мааниге ээ дешет

Адвокаттар биримдигинин Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарын коргоо боюнча катына Башкы прокуратура реакция кыла элек. Текебаевдин адвокаттары кысымга алынганын айтышты. Бирок айрым адвокаттар Кыргызстанда оппозициячы саясатчыны коргоо азыр алда канча жеңил дешет.

Кыргызстан адвокатурасынын Бишкек аймактык бөлүгү 27-июль күнү жөнөткөн катта оппозициячы “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Чынара Жакупбекова, Канат Хасанов жана Искен Афиджанов тартылган тасмаларга көңүл бурушун өтүнүшкөн.

Чынара Жакупбекова: он соттук ишти барабар алып барып жатам

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сот реформасы: Кыргызстан өстүбү же өксүдүбү?

Текебаевдин адвокаттары күч органдары тарабынан кысымга алынып, адвокаттык кол тийбестиги сакталбай жатканын айтышууда.

Алардын бири Искен Афиджанов “Сентябрь” телеканалына берген комментарийинде бийликчил басма сөзгө алардын жеке маалыматтары, мүлкү, туугандары, жашаган жери тууралуу маалыматтар жарыяланганын айткан:

“Бул бизге басым көрсөтүү аракети. Башкача айтканда, бийлик азыр бизге ачык, мыйзамсыз болгонуна карабай эч нерседен уялбай, биздин артыбыздан аңдып жатышат. Өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жаткан адвокаттардын артынан аңдып жатышат”.

Текебаевдин дагы бир адвокаты кофеканага киргенде тасмага түшүрүлгөн Канат Хасанов да адвокат катары эле эмес, жарандык укугу тебеленип жатканын белгилейт:

“Конституцияда ар бир жарандын купуя кат алышууга, жеке жашоосун сыр кармоого укугу бар деп жазылган. Ошол бузулуп жатат”.

Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Адвокат Чынара Жакупбековага байланыштуу кыска видео белгисиз бирөөлөр тарабынан тартылып, интернетке таратылган

Адвокаттар жана “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү интернетке тараган видеолордо коопсуздук комитетинин мүчөлөрү үч адвокаттын, жеке жашоосун, ким менен жолугушканын тартып алышкан дешүүдө. Бирок Улуттук коопсуздукту коргоо боюнча мамлекеттик комитет аларды аңдыбаганын билдирген.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси, юрист, өзү да камалып чыккан Данияр Нарымбаев сот реформасына кабинеттик көз караш менен мамиле кылганын мойнуна алып, жатып адвокаттардын укугу тебеленет экен деген.

“Мен өкүнөм. Учурунда сот реформасына көз карашым кабинеттик көз караш болуп калган экен. Азыр көп нерсени түшүндүм. Көрсө биздин адвокаттардын укугу тебеленет экен, сот алардын өтүнүчтөрүн кабыл албайт экен. Үстүнөн бирөө адилеттүү көзөмөл кылчу механизм жок экен. Адвокаттарга прокурорлор менен теңме тең укук бербесек, сот реформасы ишке ашпайт. Мен ушуну туура түшүндүм. Мен ушул тармакта келечекте дагы иштегенге даярмын”, - деген Нарымбаев Текебаевдин сотуна келгенде.

Сүрөттүн автордук укугу SCREENSHOT
Image caption Тасмага түшүрүлүп, интернетке тараган жашыруун тасмада адвокаттар Искен Афиджанов жана Канат Хасанов

Ал сыяктуу эле бийликтен кеткенден кийин сот тармагын люстрация кылууга белсенип жаткан экс-президент Роза Отунбаева да ушу күнү сот адилеттиги тууралуу бул дароо жасалбайт экен деди.

“Чынын айтыш керек, бул өтө оор маселе экен, бир эле сыйкырдуу таякча менен жасалбайт экен. Буга шымаланып киришип, иштеш керек. Мен дагы соттордон сынак ала баштагам, сотторду өзгөртүүгө каалообуз ушундай күчтүү болчу. Бирок чынында эле сыйкырдуу түрдө болбойт экен”, - деген Отунбаева сот имаратынын алдында.

Бир катар оппозициялык саясатчылардын, “Мегакомдун” мурунку директорунун кеңешчиси Алмаз Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов Кыргызстанда оппозициячыны коргоодо гана эмес, адвокаттар негизи коргоого алынган эмес деди.

Анын белгилешинче, бийлик же күч органдары тарабынан адвокаттарга мурда көрсөтүлгөндөй кысым азыр көрсөтүлбөйт.

“Биздин өлкөдө негизи эле өзүңү гана эмес коргоо эмес, кимдир бирөөнү жактоонун өзү кыйын. Адвокаттардын өз жумушун жасоо шарты оор. Бирок оппозициячыларды актоо улуттук мамилелер сөз болуп жаткан жердеги жактоо сыяктуу оор эмес. Ош окуясына байланыштуу адвокаттарга кандай чабуулдар болду. Оппозициячыны коргогондо сага бирөө тарабынан андай кол салуу болбойт. Оппозициячыны коргоо азыр мурункудай оор эмес, анткени адвокатура күчтүүрөөк, өзүн өзү башкарат. Мурда лицензиябызды алганга чейин барчу”, - деди Би-Би-Сиге Айткулов.

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Адвокат Икрамидин Айткулов Кыргызстандын системасы айыптоочу болгондуктан адвокаттарга иштеш кыйын дейт

Ошол эле маалда Айткулов “Ата Мекен” партиясынын лидерлерине доосу бар экенин маалымат каражаттары жазып келатканын белгилей кетүү керек.

Ал эми Бишкектеги адвокаттардын биримдигинин мүчөлөрү сот тармагын, прокуратураны өнүктүрүүгө көңүл бурулуп, адвокаттык тармак дайыма көз жаздымда калганын айтышууда.

Алар сот адилеттигинде адвокаттардын көз карандысыздыгы, материалдык камсыздалышы жана корголушу чоң мааниге ээ дешет.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар