Күбө: Ажатканадан аман чыккан ымыркайды багып алабыз дегендер көп
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Күбө: Ажатканадан аман чыккан ымыркайды багып алабыз дегендер көп

Бишкекте ажатканага төрөп качып кеткен келин табыла элек. Ымыркайдын абалы кечээкиге салыштырмалуу бүгүн жакшы экенин дарыгерлер Би-Би-Сиге билдиришти. Окуяга күбө болгондор азыркыга чейин дендароо абалда экенин, ымыркай жашап кетсе багып алуу ниетин билдиргендер да бар экенин айтышууда.

Ымыркайда эмне жазык дегендер төрөп из жашырып кеткен келинди баары бир ооздон "күкүк эне" деп атап жатышканын байкоого болот. Ошол эле учурда келин эле эмес, белгисиз калган мындай аталар да аз эмес деп талкуулагандарды да көрүүгө болот.