Саясатчыларга сот өкүмдөрү чыкты

Садыр Жапаров 2013-жылда өткөн митингдеги башаламандыкка байланыштуу бир нече берене боюнча айыпталууда
Image caption Садыр Жапаров 2013-жылда өткөн митингдеги башаламандыкка байланыштуу бир нече берене боюнча айыпталууда

2-августта "Элдик парламенттин" беш мүчөсүнө райондук сот өкүм чыгарды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровго Биринчи Май райондук сотунун өкүмү угузулду.

"Элдик парламенттин" мүчөлөрү Бекболот Талгарбеков менен Төрөбай Колубаевди 14 жылдан, Марат Султановду 10 жылга күчөтүлгөн режимге кести. Тойгонбек Калматовду беш, Александр Гусевди алты жыл шарттуу эркинен ажыратууну өкүм кылды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду сот он бир жыл алты айга түрмөгө кести.

Image caption "Элдик парламент" президентке каршы билдирүүлөрдү 2016-жылы 17-майда жасаган

Айыпталуучулар менен жактоочулары буга макул эмес. Алар камакка алынышын башынан бери эле саясий куугунтук деп баалап келишет.

Дээрлик бир жылдан бери жабык өтүп келаткан соттун өкүмүн угууга келген коомдук ишмер Марат Иманкулов кылмышы болсо эл ачык көрүш керек эле дейт:

Сүрөттүн автордук укугу KLOOP.KG
Image caption УКМКнын жанына топтолгондор Садыр Жапаровду бошотууну талап кылышкан

"Бир жылдан бери жабык өтүп жатат. Эмне болуп жатканын эл көрүш керек. Эгер маанилүү сыры болсо, ошонусун угузбай, калганын билдириш керек болчу. Сот кандай өтүп жатканын билбесек, бийлик эмне кылып жатканын билбесек бийлик кантип мыйзамдуу болот? Бийликке эл кантип ишенет?".

Аларга "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деген берене боюнча айып тагылган. Бир жылдан ашык убакыттан бери камакта отурушкан.

Бүгүн ошондой эле экс-депутат Садыр Жапаровго өкүм чыгаары 2-августта саат экиден кечке чейин күтүлдү. Бир күн мурда соттун алдына митингге чыгууга тыюу салынгандыктан тарапташтары сот имаратын тегеректеп отурушту.

Жапаровдун адвокаттары соттун айыптоочу чечимге макул эмес. Алар кийинки инстанцияга кайрыларын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирди.

"Сарууга барып ушундай кылмыш жасайсыңар деп Жапаров айткан деген бир дагы көрсөтмө болгон жок. Бир гана актоо өкүмү чыгыш керек эле. Биз албетте мыйзамдуу түрдө жогорку инстанцияларга кайрылабыз. Эми бүгүн ушунча эл келип, күтүп жатса, ушунча чоң залдар турса, кичине залга которду. Акыркы сөзүнө эл өзү баа берет эле да. Булар эптеп төрт-беш кишини киргизип, бүтүрүп коёлу деп жатышат", - деди адвокат Токтосунов.

Сүрөттүн автордук укугу KLOOP.KG
Image caption Марттагы митингден кармалгандардын үстүнөн да сот уланууда

Ал эми прокурорлор Садыр Жапаров кылмыш кодексинин оор беренелерин бузган деген жүйөнү келтиришкен. Алар Жапаровду күчөтүлгөн режимде он беш жылга эркинен ажыратууну сурашкан.

Сотко байкоо салып келген, Кумтөр маселеси көтөрүлүп, Ысык-Көлдө митингдер күчөп жаткан маалда кызматтан кеткен мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев соттун саясий боёгу бар деп эсептейт.

"Кылмыштары далилденген жок, жабырланган тарап да жок болуп жатат. Демек мунун баары Садыр Жапаровго козголгон кылмыш иши саясий себептерден улам козголуп жатат дегенге негиз берүүдө. Себеби - Жапаров көтөргөн Кумтөр маселеси кылымдын көз боёмочулугу десе болот. Ал Акаевдин мезгилинде башталып, азыркыга чейин улантылып келатат", - деген Аманбаев Жапаров көтөргөн маселени колдорун кошумчалады.

Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкка айыпталууда. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" жана "ээнбаштык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Акыркы төрт жылдан бери сыртта жүргөн Жапаров 2017-жылы 25-мартта өлкөгө кирип жатканда кармалган.

Аны колдоп митингге чогулгандардан да 12 киши кармалган. Азыр алардын үстүнөн өзүнчө сот жүрүп жатат. Алар "бейбаштык", "бийликке каршы чыгуу" жана "бөтөн мүлктү атайын зыянга учуратуу" боюнча айыпталууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар