Шайлоо-2017: Саясий каралоо сезону башталды

Саясий каралоо сезону башталды Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Ушу күндөрү социалдык желелерде кайсы бир талапкердин беделине шек келтирген буйрутма пост, анимация, комментарийлерди байма-бай байкоого болот.

Шайлоого 2,5 ай калганда президенттикке талапкерлер арасында күрөш күчөдү.Талапкерлер өзүн үгүттөө менен чектелбестен каршылаштарына карата кара пиар менен да көмүскө алек болуп жатканы байкалат. Шайлоо алдында мурда чыкпай калган гезиттер жанданып, жаңы онлайн басылмалар ак-кара пиарга платформа болууда.

Социалдык желелердеги ушактар бул шайлоонун тренди

“Быйыл өтүп жаткан Кыргызстандагы президенттик шайлоолордун өзгөчөлүгү бул фейк ушактар социалдык желелер аркылуу таркатылып, аны эксперттер илип алып, кыргыз тилдүү басылмалар басып аткандыгында. “Ушактар” жаңы технологиялар аркылуу жакшы өнүм алып атканын моюнга алыш керек. Кыргыз коомчулугунда ушактарга өзгөчө ишенүү бар”, - дейт саясат талдоочу Денис Бердаков.

Ушу күндөрү социалдык желелерде кайсы бир талапкердин беделине шек келтирген буйрутма пост, анимация, комментарийлерди байма-бай байкоого болот. Каралоо куралы катары фейк аккуанттар, бир жактуу макалалар, бирин-бири келекелеген демотиватор сүрөттөр да колдонулуп жатат.

Талапкерлердин тегин сүрүштүрүү, жакын адамдары кайсы улуттан экенин тактоо, жеке жашоосун чукулоо жүрүүдө.

Президенттике талапкерлер ичинен өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана талапкерлигин кечээ жакында эле алып салган, парламент спикери Чыныбай Турсунбеков көбүрөөк кара-пиар курмандыгы болуп жаткандай.

Тескери үгүткө ошондой эле “Ак Шумкар” лидери Темир Сариев, “Өнүгүү-Прогресс” төрагасы Бакыт Төрөбаев да кабылууда.

31-июлда өткөн маалымат жыйынында Өмүрбек Бабанов өзүнүн рейтинги өсүп жаткандыгын айтып, буга тынчсыздангандар аны каралап жатат деген.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption 31-июлда өткөн маалымат жыйынында Өмүрбек Бабанов өзүнүн рейтинги өсүп жаткандыгын айтып, буга тынчсыздангандар аны каралап жатат деген.

“Азыр карасаңыздар интернет баракчаларында, кээ бир кыргыз гезиттеринде мен тарапка кара пиар күчөп атат. Бирөөгө ор казсаң, өзүңө көр казасың деген сөз бар. Кара пиар жасап аткан адамдар өзүнө көр казып жүрбөсүн”,- деген эле “Республика” партиясынын лидери.

Ал ага карата каралоо иштерине кетирген каражатты атаандаштары өздөрүн үгүттөгө коротсо пайдалуу болорун кошумчалап, журналисттерге ак-караны ажыратып жазууну суранган.

“Бабановду шыбаган Жээнбеков эмес”

Бабанов ага карата конкреттүү кайсы атаандашы кара иштер жасап жатканын тактаган жок. Ошентсе да айрым серепчилер президенттик шайлоодо негизги атаандаштык өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков менен Бабановдун ортосунда болоорун болгоолоп жүрүшөт.

Бирок 24-июлда президент Чолпон-Атада журналисттер суроосуно жооп берип жатып “Бабановду шыбап аткан Атамбаев же Жээнбеков эмес. Башкалар шыбап атат, башка жакты карагыла”,- деген болчу.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков деле талапкер катары аны каралоо кампаниясынан четте калган жок.

Социалдык желелерде анын атына адаш, аты уйкаш көп аккуанттар ачылып, ал жерде ушак-айың, аны келекелеген сүрөттөр жүктөлүүдө.

“Акыркы күндөрү социалдык тармактарда менин атымдан ачылган аккаунттар көбөйүп кетти. Андыктан расмий аккаунттарымды жазып койууну туура көрдүм. Бул жерден так жана туура маалыматтарды алып, кат жаза аласыңар”,- деп жазган 28-июлда Фейсбук баракчасында.

Ушул аптада президенттикке талапкерликтен баш тарткан Чыныбай Турсунбеков дагы ага карата ММК аркылуу чабуулдар жасалганын белгилеген.

“Мен ошол ниетимди билдиргенден баштап, мага карата уюштурулган заказдар, чабуулдар башка талапкерлерге караганда өтө жийиркеничтүүрөк, өтө көбүрөөк болгонун байкасаңыздар керек”,- деген эле спикер.

БШК: Каралоо үгүт эрежелерин бузгандыкка жатат

Шайлоо мыйзамдары боюнча каралоо каршы үгүткө жатып, үгүт эрежелерин бузуу деп таанылат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов учурда талапкерлердин үгүт иштерине көзөмөл салган атайы жумушчу топ иш алып барып жатканын айтты.

“Биринчи Борбордук шайлоо комиссиясынан эскертүү болот. Анан талапкерлердин ыйгарым укуктарынын күбөлүгүн жокко чыгарылышы мүмкүн. А эгерде тескери үгүттү, каралоону талапкер кылган болсо, анын катталганын жокко чыгара алабыз”,- деди Бекматов.

Ал каратып туруу каралоо айыбы үчүн Кылмыш жана Жаза кодексинде да атайы беренелер бар экенин эскертти.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бекматов: Каралоо үгүт эрежелерин бузгандыкка жатат

Эске салсак, быйыл 12-майда Бишкекте “Таза шайлоо-туруктуулуктун жана бийликти тапшыруунун кепилдиги” аталышында жарандык форум өтүп, анда таза атаандаштык үчүн талапкерлерге Жигитче келишим долбоору сунушталган эле. Ага ылайык талапкерлер үгүт иштеринде бирин бири каралабоого макулдашмак. Бирок долбоор көпчүлүк талапкер арасынан колдоо тапкан эмес.