Сталинден калган кара так

Бул жайдан 138 адамдын сөөгү табылган
Image caption Бул жайдан 138 адамдын сөөгү табылган

1937-жылы 31-июлда СССР тарыхындагы эң үрөй учурган документке кол коюлган. Ал документ НКВДнын № 00447 жашыруун оперативдүү буйругу эле.

Миллиондогон жазыксыз адамдарды камап, атуу менен коштолгон азаптан Кыргызстан да четте калган эмес. Айрым маалыматтарга караганда, бир нече тизме боюнча 40 миң чамалуу адам запкы жеген. Тарыхчылар оозеки эскерүүлөр эле эмес, архивдеги документтер дагы тергөө иштери абдан адилетсиз, ырайымсыз жана бурмалоо менен өткөнүн көрсөтөт дешет.

Атасынын айткан аманатын жарым кылым кантип сактап келгенин “Ата-Бейиттин” сырын ачкан Бүбүйра Кыдыралиева суроо салгандарга төкпөй-чачпай баяндап берип келет.

Image caption Б. Кыдыралиева студенттер менен жолугууда

“Далай жылдан кийин атам ооруп калган учурунда эски окуяны эстеп, мага атайын ошону керез кылды эле. Дүйнө салып кетээрине көзү жеткен экен. Кызым баягы сасык жыт, түнкү жарыкта шоола чыккан дөбөдө кыргыздын каймактары жатат. Убагы келип, жакшы заман болсо ошону айт кызым. Тууган-уругу зыркырап жүргөндүр деди эле”,- деп эскерет Бүбүйра Кыдыралиева.

Бул жайдан 138 адамдын сөөгү табылган. “Ата-Бейит” КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү.

Бүбүйра Кыдыралиеванын атасынын керээзи оңой-олтоң эле аткарылбаптыр. Көмүлгөн учурду көргөн тестиер кыз өзү айткандай барбаган кишиси, какпаган эшиги калган эмес. Анын айткан аян түштөрүн эске албаганда да, башка эскерүүлөрү көптөрдү кайдыгер калтырбайт.

Айткандай эле чымга айланган дөбөнү каза келгенде 30-40 смге жетпей биринчи баш сөөк табылган. Андан да далилдүү табылга бул чуңкурдан табылган “Атылсын!” деп чыккан сот өкүмү, коюлган мөөр жана аты-жөнү жазылган барак болду. Мындай табылгалар ошол доордун тарыхына такыр башка боёк берген.

Бул теманы изилдеген кесипкөй тарыхчылар да жака кармана турган архивдик маалыматтарды китепке киргизген. Алардын бири профессор Зайнидин Курманов эч кандай өкүмү жок эле атылып кетип, кийин партия издөөгө алган адамдар көп эле болгонун айтат. Бул сыяктуу мисалдар ондоп саналат. Мынчалык масштабдуу репрессия союздук өлкөлөргө эле эмес, дүйнөлүк тарыхка да таасир эткени шексиз деген пикирлер айтылып келет.

“Жашыруун делген далай документтер эгемендиктин шарапаты менен ачыкка чыкты. Алардын биринде 1939-жылы СССРдин Болгариядагы элчиси Роскольников Сталинге телеграмма жолдоп, “мыкты жетекчи, аскер башчыларынын баарын атып жок кылдык” деп кайгыруу менен билдирген. Ошондон эки жума өтпөй дүйнөлүк экинчи согуштун оту тутанган. Дагы бир жашыруун документте “Нюрнберг кеңешинде” Кейтель Гитлерге СССРге кол салуу боюнча күмөндүү оюн айткан. Гитлер ага Сталин мыкты аскер жетекчилерин согушу жок эле өзү эбак жок кылып салганын айтып, жооп берген. Алты ай өтпөй Советтер союзуна Германия кол салган. Биз мында репрессия экинчи дүйнөлүк согуштун да жүрүшүнө түздөн-түз таасир бергенин көрөбүз”,- дейт узак жылдардан бери бул теманы изилдеп жүргөн тарыхчы Жумагул Байдилдеев.

Кыргызстандын аймагында бир эле “Ата-Бейит” эле эмес, сыры ачылбаган ондогон мындай жайлар бар экени, алар казуу, тактоо, изилдөө иштерин талап кылаарын тарыхчылар такай эле айтып келет.

Кыргызстанда репрессия курмандыктарын эскерүү ноябрь айынын биринчи аптасына туура келет.

Тектеш темалар