Журналист жабыркаган уруш

Журналист Карачач Шакирова мээси чайкалып, денесинен жаракат алганын айтууда Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Журналист Карачач Шакирова мээси чайкалып, денесинен жаракат алганын айтууда

Милиция менен рейдде жүргөндө, жумуш учурунда жабыркаганы айтылып, ооруканага жеткирилген журналисттин абалы жакшы. Ал кол салуу болду десе, милиция кызматкерлери ызы-чуу кылган батирдеги алты жаранды камаганын айтууда.

Окуя 2-августта таңга маал беш жарым чамасында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

Милиция менен журналисттин версиясында, жашоочулардан арыз түшкөндө кайгуул милициясынын эки кызматкери менен radar.kg интернет басылмасынын журналисти Карачач Шакирова тынчтык бербей жатат делген батирге барышат.

Алардын айтымында, милиция кызматкери документ сураганда батирдеги беш-алты адам милиция кызматкерлерине кол салып киришкен. Аны тартууга аракет кылган журналисттин камерасын талкалап, ур-тепкиге алышкан. Журналист өзүнө трансвеститтер кол салып, ооруканага түшкөнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Журналист Карачач Шакирова кесиптик милдетин аткарып жатканда кол салууга кабылдым деди Би-Би-Сиге.

Карачач Шакирова: Бул албетте менин журналисттик ишиме түздөн түз байланыштуу. Анткени мен кайгуул милициясы менен рейдде жүргөндө кол салынып жатат.

Би-Би-Си: Сиз иштеген radar.kg сайты жол эрежесин бузуу, кылмыш окуяларына басым жасайт экен. Мындай рейддерге көп барат чыгаарсыз, кандай учурда камерага тартууга болот?

Карачач Шакирова: Биз дейдге чыгыш үчүн ИИМден уруксат алабыз. Ар бир журналист кат жазат, ага кол коюп берет. Жеке менчиктин ичинде камерага тартууга акыбыз жок. Мисалы, эгерде ыкчам издөө кызматкерлеринин иши купуя болсо, аны да тарта албайбыз. Жашы жете элек балдарды тартпайбыз.

Image caption Сексуалдык ориентациясы башкача адамдар укуктары тебеленип, милиция тарабынан да басмырланганын айтып келишет

Кечээги учурда милиция кызматкерлерине кол салуу болгондуктан тартканга мажбур болдум. Бир маалда тынчып калганда, мен дагы камераны өчүрдүм. Тынч болсоңуздар мен дагы тартпайм дедим. Жарым саатча тынч турушту. Кийин кайра милиция кзыматкери келгенде бирөөсү агрессия көрсөттү. Мен камераны чыгарганда ур-токмокко алышты.

Мен атайын ушундай адамдарды тартыш үчүн барган жокмун, чакыруу кандай экенин билбей туруп бардым. Эгер алар тополоң салбаса, мен тартпайт элем. Сиз билесиз да, журналист Азият Жекшеевге да ушундай адамдар кол салышкан.

Би-Би-Си: Тартпайт элем деп жатасыз, сиз анда кандай максат менен бардыңыз?

Карачач Шакирова: Биз кайгуул милициясы менен чогуу жүрөбүз. Бир кайгуул машинасында отурабыз. Алар ар бир чакырууга барат. Айрымдарын, мисалы, үй-бүлөлүк чатак болсо тартпайбыз. Биз милициянын ишин чагылдырганы барабыз. Мисалы, уурулук болсо, кантип кармап жатышат, чыр-чатак болсо аларды кантип тынчтандырышууда дегенди чагылдырабыз.

Бул жолу биз барганда эшик ачылды, дароо милиция кызматкерлерин чаап киришти.

Деди журналист Карачач Шакирова телефондон курган маегинде. Ал эми Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “бейбаштык” беренеси боюнча алты адам убактылуу камоо жайына алынганын билдирди.

Бирок кармалгандардын өзү менен азырынча байланыштыруу мүмкүн эмес экенин айтты.

“Жашоочулардын тынчтык бербей жатышат деген чакыруусу менен бир батирге барганда беш-алты жаран милицияга баш ийбей, пагондорун жулуп, кийимин тытып, журналистке кол көтөгөн. Азыр алты жаран убактылуу кармоочу жайда отурат. Тергөө жүрүп жатат”, - деди башкармалыктын басма сөз кызматынын башчысы Адыл Оморов.

Ал тапта мындай окуя биринчи катталып жаткан жок. Сексуалдык ориентациясы башкача адамдар катышкан чырлардын видеолору улам интернетке чыгып жүрөт. Аларды коргогон уюмдар укуктары тебеленип, милиция кызматкерлери тарабынан да басмырланганын айтып келишет.

Ал эми камакка түшкөн алты жарандын тарапташтары коопсуздугу үчүн өз позициясын айтуудан карманышууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар