"Сезим": Көмүскө кумарканаларга каршы күрөш жүрөбү?

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Бишкекте кумар оюндары ойнотулчу жайлар кадимкисинче эле иш алып барууда дейт. Сүрөттүн автордук укугу social media
Image caption “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Бишкекте кумар оюндары ойнотулчу жайлар кадимкисинче эле иш алып барууда дейт.

Кыргызстанда кумар оюндар жайларын жабуу боюнча мыйзам күчүнө киргени менен аны эч ким эсепке албай жатат. "Сезим" кризистик борборунун кызматкерлери жана кумар оюнуна берилгендердин жакындары өкмөткө кайрылып, көмүскө бизнес жүргүзүп жаткандарга каршы чындап күрөш жүргүзүүгө чакырышты.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова Бишкекте кумар оюндары ойнотулчу жайлар кадимкисинче эле иш алып барып, күч органдары болсо аларга көз жумду мамиле жасап коюп жатат дейт.

“Ал жайларды жаап салса болот да. Эмне үчүн күч органдары карабайт? Кечээ жакында жаш опер кызматкерине, тигине машине менен качып бараткан кишилерди токтотпойсунбу десем, ал “мен криминал менен байланышкым келбейт” деп ачык эле айтты. Мына мага деле үйдү тарсылдатып келишип коркутушту”, -деди Рыскулова.

“Лотерея тууралуу” мыйзамга президент Алмазбек Атамбаев быйыл 13-майда кол коюп, документ туура бир айдан ишке кирмек. Мыйзамга ылайык лотерея, кумар оюндарын өткөрүү лицензиялары күчүн жоготушу керек эле. Бирок чынында алар бир аз көмүскө иш алып барууга өткөнү болбосо мурункусунча эле иштеп жатканы бүгүнкү маалымат жыйынында айтылды.

“Кумар оюндары ойнолчу жайларды ким “крышалайт” бизде маалыматыбыз жок. Бирок жабылды деген клубдар төрт-беш саатта эле кайра ачылып иштеп атышат. Мыйзам күчүнө киргенден кийин бул клубдар жабылышы керек болчу. Кордай жакка көчүп атабыз деген жазууларды илип коюшканы менен кадимкисинче иштеп атышат”, -деди жарандык активист Баястан Келишбеков.

Маалымат жыйынына мурда кумар оюндарына берилген Рамзан аттуу жигит да катышып, Бишкекте “Астра” аттуу клубда электрондук рулетка иш алып барарын айтты. Ошондой эле билдиришинче, Чүй-Сүйүнбаев көчөлөрү кесилишкен райондо эки кумар оюндар ойнолчу жай бар. Көмүскө кумаркана Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишинде дагы иштеп жатат.

“Оюнга берилгендер кумай жайларында үйүнөн көп убакыт өткөрүшөт, суткалап жашашат. Оюндун айынан үй-бүлөсү менен ажырашып, асынып өлүп, камакка түшкөндөрдү да көрдүм. Ушунун баары кумар оюндарынан”,- деди Рамзан.

Айтымында, адатта кумарканаларда баштапкы оюн баасы 10 миң сомдон башталат, бирок эч ким ал баадан баштабай, мындан алда канча чоң миллиондогон акчаларды оюнга салышат.

Тектеш темалар