Сабаттуу жазуу, сүйлөшө билүү же PR адисинин сырлары

Назим Турдумамбетов КМШ жана Орусиядагы Philips компаниясында PR жана GR боюнча директор Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Назим Турдумамбетов КМШ жана Орусиядагы Philips компаниясында PR жана GR боюнча директор

Кыргызстанда пиар (PR) адистиги жаңы өнүгүп келаткан кесиптердин бири. Бул кесиптин маңызы эмнеде жана мыкты пиар адисинин кандай жөндөмү болуш керек? Бул боюнча Орусиядагы жана КМШдагы Philips компаниясынын Коомчулук жана мамлекеттик органдар менен карым-катнаш боюнча директору Назим Турдумамбетов менен маектештик.

Би-Би-Си Турдумамбетовдон адегенде өзү тууралуу сурады.

НазимТурдумамбетов: Карьерамды Бишкекте баштагамын. ПРООНдо PR менеджери болчумун. Кийин USAID уюмунда иштедим.

Андан соң ушул адистик пайда болгон Америкага барып, PR боюнча магистратурада окудум.

Орусияга келип, PR, GR тармагында иштедим, биринчиси коомчулук менен байланыш болсо, экинчиси мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча адистик.

Би-Би-Си: Пиар адисинин негизги милдети эмне, кесиптин мааниси кандай?

НазимТурдумамбетов: Бул АКШда пайда болгон кесип. Дарыгерликтей эмес, жаңы кесип, албетте.

Мен университетке тапшырып жаткан 1995-жылдары жаңы пайда болуп жаткан кесип болчу. Биз Кыргызстанда бул боюнча атайын билими бар алгачкы толкунбуз десем болсо керек.

PR – мамлекеттик органбы, саясатпы, чоң бизнеспи же чакан бизнес болсо деле ошонун жасап жаткан ишин коомго туура түшүндүрүү. Бирок андан да маанилүүсү коомдун сенден күтүп жатканын туура түшүнүп, кайра ошону компанияңа жеткирип, диалог түзүү.

Image caption Назим Турдумамбетов: пиар адиси канчалык көп тил билсе, баасы ошончо жогору болот

“PR - компаниянын абийри” деп коюшат. Бизнестин кайсы түрү болбосун биринчи максаты акча табуу. Бирок туруктуу иштейм деген ишкана коомчулук менен дайыма байланышта болуш керек. Сатууну эле максат кыла бербей, компания элдин каалоосун угуп, өзүн көпчүлүктүн бир бөлүгү катары алып жүрүш керек.

Би-Би-Си: Пиар ийгиликтүү болуш үчүн ишкананын, уюмдун же саясатчынын кылган жумушу да жакшы болуш керек да.

Назим Турдумамбетов: Албетте, кылган жумушу жаман болсо PR адиси аны жакшы кыла албайт.

Мен бизнес тармагынан болгондуктан биздеги PR адистигин айтайын. Мисалы, тамеки компаиясы боюнча чоң диллема бар. Тамеки тартуу ден соолукка зыян. Мисалы, маркетинг менен PR экөөнүн арасында айырма бар. Маркетолог жарнамалайт, сатат, анын максаты сатуу. Ал эми PR адиси элге түшүндүрүп бериш керек. Ал “тамеки тартуу зыян, муну компания мойнуна алат, бирок биз ошол зыянды азайтуунун үстүндө иштеп жатабыз” деш керек, мисалы. Анткени бир күндө сатпайбыз деп коюу мүмкүн эмес. Горбачевдун “кургак мыйзамы” тескери натыйжага алып келгенин баарыбыз билебиз. Дүкөндөн спирт ичимдигин алгандын ордуна самогон жасап уулануулар болгон.

PR жаңы адистик болгонуна карабай, өнүгө берет деп ойлойм.

Би-Би-Си: Пиар дүйнөдө жаңы деп жатасыз, анда Кыргызстанда андан бетер жаш кесип. Бул жерде анын өнүгүшү кандай баратат?

Назим Турдумамбетов: Бул жерде бир эле окуу жайда эмес бир нече окуу жайында ушул боюнча бакалавриат бар. Мен тапшырып жаткан учурда атайын PR деген бөлүм жок болчу. Мен эл аралык журналистикага кирип, багытымды өзгөртүп алгам.

Image caption Назим Турдумамбетов: пиардын негизи – бул, текст, жазуу

Англисчеде айтылгандай, пиар “rocket science”, ракеталар жөнүндө илим эмес. Москвада кесиптештерими сураштыра келсең, көпчүлүгү дарыгерлер, аскер адамдары, лингвисттер, журналисттер.

Кайсы кесипти окусаң да PR адиси болуш үчүн туура жазуу, сабаттуу сүйлөө өңдүү белгилүү бир техникаларды билиш керек. Канчалык көп тил билсең ошончо жакшы.

Би-Би-Си: Пиар адистерине талант, жаратылыштан жөндөмдүүлүк дагы керек болсо керек?

Назим Турдумамбетов: Албетте. Интроверт болсоң, PR тармагында иштегенде кыйыныраак болуп калат. Бирок албетте ал бөлүмдүн биринчи жүзү эмес, техникалык адистери да бар, алар көп мамиле кылбай жазуу менен гана алек болушат. Интроверт деле мындай кызматка жарай берет.

Ошол эле маалда, жогорку деңгээлге жетем десең, адамдар менен байланыш түзгөндү, светтик чөйрөдө аңгемелешүүнү билиш керек. Сен менен таанышпайм деген киши менен барып таанышыш керек, анткени ал сенин жумушуң. Ар кандай кырдаалдар көп болот, анда бат ойлонуп, өзүңүн кызыкчылыгыңа бат чечим кабыл алып чыгып кетиш керек.

Би-Би-Си: Сиз бизнес чөйрөсүнө адистешкенсиз. Ошентсе Кыргызстан шайлоо алдында турат. Саясий партиялар же саясатчылардын пиар боюнча азыркы иш-аракеттери кандай жүрүп жатат?

Назим Турдумамбетов: Техникалык ыкмалар саясатта, бизнесте, бардык тармакта окшош. Пресс-релиз жазуу, аларды таратуу жолдору, азыркы социалдык тармак баары үчүн бирдей.

Саясий пиар – бул такыр башка жанр. Мисалы, бизнес пиар дайыма бир калыпта кетет. Ал эми саясатта, өйдө-төмөн болуп турат, шайлоо алдында сөз жок көтөрүлөт, сырттан көп кызматкерлерди алышат.

Чынын айтсам, Кыргызстанга тыкыр көз салган эмесмин. Бирок бул жакта бизнес боюнча көп кыйын PR адистер бар. КМШда пиардын баары саясий пиардан башталган. Мамлекеттик Думада ар бир депутат өзүнө PR адисин жалдап, кийин алар чоңоюп, бизнес пиарга айланган.

Би-Би-Си: Сиз дүйнөлүк компаниялардын биринде жетекчи кызматта иштөөгө жетиштиңиз, пиар адиси катары башкаларда жок артыкчылыгыңыз эмне?

Назим Турдумамбетов: Эгер сен бухгалтер болуп иштесең же маркетолог болсоң, өзүңүн гана тар тармагыңды билесиң. Пиар адиси компаниянын бардык бизнесин билиш керек. Анткени кайсы учурда болсун, товар тууралуу, бардык тармак тууралуу жооп берүүгө даяр болуш керек.

Эске тутуу жакшы болушу зарыл, сүйлөгөндү жана сабаттуу жазганды билиш керек. Азыр жазганга караганда көбүрөөк сүйлөйбүз, видеоблог жасайбыз, YouTube белгилүү болуп келатат. Ошого карабай, пиардын негизи – бул, текст, жазуу.

Эң маанилүүсү - тил, канчалык көп тил билсең, ошончолук пиар адистин баасы жогору болот.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар