Бекматов: БШК тил сынагына Текебаевди алып келүүгө кийлигише албайт

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов.
Image caption Борбордук шайлоо комиссиясынын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов.

Президенттикке талапкер болуп катталуу үчүн мамлекеттик тил боюнча сынакка бүгүн премьер-министр Сооранбай Жээнбеков катышып ийгиликтүү өтсө, дагы бир талапкер "Шматрица" ишканасынын директору Руслан Жунусов 41,1 балл алып, тесттен өтпөй калды. Ушуну менен мамлекеттик тил боюнча сынактан жалпы 21 талапкер өткөнү тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкерлерге карата мындан аркы жол-жоболору кандай? Бул суроого БШКнын төрага орун басары Абдыжапар Бекматов жооп берди.

Абдыжапар Бекматов: 1-августка чейин президенттик шайлоого жалпы 59 жаран жылдырылган болчу. Анын он бирин саясий партиялар көрсөтсө, калганы өзүн-өзү көрсөттү. Талапкерлердин жетөөсү аял. Азыркы күндө Сартпаев Анвар жана Мамедов Нусрет шайлоого катышпай турганын билдирип, бизге арыз жазыптыр. Андан сырткары, БШК Бешбаков деген талапкердин жашы жетпегени үчүн документтерин кабыл алуудан баш тартты. Ошондо 56 талапкер калып жатат. Азыр талапкерлер арасында кол топтоо процесси жүрүп жатат, ал 26-августка чейин уланат. Буга катарлаш эле мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээли боюнча Кыргызтесттен сынактан өтүп жатышат, график боюнча 16-августта соңуна чыгат.

Мындан кийинки дагы бир этап, талапкер 1 миллион сом өлчөмүндө күрөөсүн коюшу керек. Бул процесстерден өткөндөн кийин, шайлоо күнүнө 45 күн калганга чейин документтер пакетин БШКга тапшырышы керек. Андан кийин он күндүн ичинде БШК документтин мыйзамга туура келип-келбишен карап, 9-сентябрга чейин расмий чечим кабыл алат. 10-сентябрдан баштап үгүт иштерине старт берилет.

Image caption Убактылуу камактагы депутат Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин койгон.

Би-Би-Си: Буга чейин БШК төрайымынын орун басары Абдрахматова "Тең укуктуу талапкерлерге тең шарт түзүүчү орган- БШК" деп белгилеген болчу. Буга таянып, Текебаевдин тил сынагына кирүүсүн камсыздап беришиңиздерге эмне тоскоолдук болуп жатат?

Абдыжапар Бекматов: Бул БШКнын кайсы бир өкүлү айтпаса дагы БШК шайлоо процессин уюштуруу, тиешелүү мамлекеттик органдар менен шайлоону даярдап-өткөрүүгө жооптуу. Ал эми тестирлөөнү мамлекеттик тил комиссиясы өздөрү түзгөн график боюнча өткөрөт. Анда Текебаевдин дагы, башка сот иштери улантылып, өздөрү убактылуу жайда кармоочу жайда жаткан талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайсы күнү мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүү боюнча расмий билдирүү берип, кол койдуруп алышкан. БШК соттун чечимисиз иш кыла албайт, саат мынчада, бул жакка келсиң деп чече албайт. Биз тиешелүү кабарлоону гана жеткирдик.

Би-Би-Си: Андай талапкерлерди атайын кайтаруу менен алып келип, сынак тапшыртуу жагын коопсуздук кызматынан эмнеге сураган жоксуздар? Маселен, Текебаевдин үстүнөн сот өкүмү чыга элек да.

Абдыжапар Бекматов: БШК эч бир мамлекеттик органдын алдында суранбайт. Соттун чечими менен отурган кишилерге эч чечим кабыл албайт. Киреше да албайбыз.

Би-Би-Си: Ошондо, Кыргызтест 16-августка чейин сынакка кирүүсүнө уруксат бердиби?

Абдыжапар Бекматов: Бул маселе өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ыйгарым өкүлдөр тарабынан арыздар сотко берилген. Сот азырынча бизди эч нерсеге милдеттендирген жок. Ал өзүнчө процессуалдык маселелер. Кыскасы, соттун чечимин биз өзгөртө албайбыз.

Тектеш темалар