БУУ Конгодо этникалык кастыктан адамдар кырылганын айтууда

Конгодо этникалык араздашуулардан кол салуулар катталат
Image caption Конгодо этникалык араздашуулардан кол салуулар катталат

Бириккен улуттар уюму Конго Демократиялык Республикасынын тынч эмес Касаи аймагында массалык этникалык өлтүрүүлөрдө 250 адам кырылганын айтууда. Алардын алтымышы балдар.

БУУнун тергөөчүлөрүнө айтылган маалыматтарга караганда, жергиликтүү коопсуздук күчтөрү жана көтөрүлүштү басуу үчүн түзүлгөн өкмөттүк Бана Мура милициясы март-июнь айлары аралыгында орун алган көп адам өлүмү үчүн жоопкерчиликтүү. Бириккен улуттар уюмунун доклады зомбулуктан Анголага качкан адамдардын көрсөтмөлөрүнө негизделген.

БУУнун Борбордук жана Батыш Африка боюнча адам укуктары бөлүмүнүн башчысы Скотт Кэмпбелл тынчсыздандырган көрсөтмөлөр бар деди:

“Биздин топтор качкындар лагерлеринде, ооруканаларда интервью кылышты. Алардын көбү үрөй учурган окуяларды айтып берди. Ичинде өлүмгө кептелген балдар болгон. Чинк деген айылга кол салынып, ооруканада токсон киши өлтүрүлгөн”.

Скотт Кэмпбелл бийликтин катыштыгы тууралуу далил бар экенин кошумчалады.

“Ушул жылдын март айынан июнга чейин биздин командабыз көп адам өлүмүн каттады. 251 адам этникалык негизде кол салуу кризисине байланыштуу, бийликтин катыштыгы менен өлгөндөр. Алардын алтымыш экиси бала. Кол салган этникалык козголоңчу топтордун бирин мамлекеттик күчтөр колдогон, уюштурууга жардам берген”, - деди БУУнун өкүлү.

Камуина Нсапу аталган козголоңчу топ дагы адам өлтүрүүлөргө жана балдарды жоокер катары колдонууга айыпталууда. (АК)