Жаңы түзүмдөрдөн реформанын карааны көрүнөбү?

Президент А. Атамбаев өткөн жылы Кашкар Жунушалиев ИИМди жетектеп турганда милиция кызматкерелерине батирлерди тапшырып жатып, милициянын айрым жеткчилери да мыйзамсыз иштерге аралашканын мисал келтирип, реформа кечеңдеп жатканын катуу сынга алган эле. Сүрөттүн автордук укугу courtesyphoto
Image caption Президент А. Атамбаев өткөн жылы Кашкар Жунушалиев ИИМди жетектеп турганда милиция кызматкерелерине батирлерди тапшырып жатып, милициянын айрым жеткчилери да мыйзамсыз иштерге аралашканын мисал келтирип, реформа кечеңдеп жатканын катуу сынга алган эле.

Ички иштер министрлиги курамына өзгөртүү киргизип, алты өз алдынча кызмат түзүп, алардын жетекчилерин дайындаганы маалым болду. Күч түзүмдөрү анын ичинде милиция терең реформага муктаж экени такай айтылып келет.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Эркиндик маршынын айрым катышуучуларын милиция кармап кетти

Кезектеги структуралык реформалар

ИИМдин расмий сайтындагы маалыматка караганда, Криминалдык милиция, Маңзаттын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы кызмат, Ички иликтөөлөр кызматы, Тергөө кызматы, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызмат жана Коомдук коопсуздук кызматтары түзүлдү. Сайттагы маалымат ырастагандай, бул өзгөрүүлөр президенттин 2016-жылдын 18-июлундагы күч органдарын реформалоо жөнүндөгү жарлыгын жана өкмөттүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги ички иштер органдарын реформалоо чаралары тууралуу токтомун ишке ашыруу, жарандардын укугун жана коомдук тартипти коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында жасалган.

Реформа демекчи, президент Алмазбек Атамбаев өткөн жылы Кашкар Жунушалиев ИИМди жетектеп турганда милиция кызматкерелерине батирлерди тапшырып жатып, милициянын айрым жетекчилери өздөрү да мыйзамсыз иштерге аралашканын мисал келтирип, реформа кечеңдеп жатканын катуу сынга алган эле.

Албетте, азыр деле милициянын ичинде айбандар көп. Ички иштер министрлигинин башкы аппараты көөп кеткен. Канча министр келди, реформа кылгандын ордуна баягыны эле улантышат. Буга катардагы күч түзүмдөрүнүн күнөөсү жок, реформанын жүрбөй жатышына жетекчилер күнөөлүү. Тазалаш керек, Кашкардын колунан келбесе, мен өзүм тазалайм.

Мыйзамдык карама-каршылыктар

Бирок бүгүн белгилүү болгон жаңы өзгөрүүлөр реформа дегенге толук жатпайт деп сын көз караш менен карагандар да жок эмес. Мамлекеттик жана коомдук ишмер, полковник Шамшыбек Медетбеков жаңы түзүмдөр түзүлгөн күндө да мыйзамдык карама-каршылыктар сөзсүз чыгат деп эсептеп, анын натыйжасынан күмөн санайт.

Кыргыз милициясын реформалоо чакырыктары 2005-2010-жылдардан кийин кайра-кайра айтылып келе жатканы менен азырынча алгылыктуу өзгөрүүлөр жок. Бул боюнча жарандык активисттер Грузиянын мисалын жүйө келтирип, эң болбоду дегенде аны кайталоо керек деп да келишкен.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар