Саясий төртилтик: Кимиси бирдиктүү талапкер болот?

Төрөбаев, Ташиев, Келдибеков, Мадумаров

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров, "Өнүгүү-прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев жана "Ата Журт" партияларынын тең төрагалары Акматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев шайлоо алдында бириккенин жар салышты.

Төртөөнүн кимиси президенттикке бирдиктүү талапкер болот, али белгисиз.

Бирдиктүү талапкер ким болот?

Массалык маалымат каражаттарына жолдонгон бул тууралуу келишимде саясий иш-чараларда бирдиктүү саясий күч болуу жана шайлоодо бирдиктүү талапкерди колдоо тууралуу айтылат.

"Биз коомдук жана саясий күчтөрдү бириктирүү үчүн бир катар калыс саясий сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, анын жыйынтыгында биздин баалуулуктарыбыз жана максаттарыбыз бир экенин түшүндүк",- делет келишим текстинде.

Буга чейин Мадумаров, Төрөбаев, Келдибеков жана Ташиев дагы талапкер катары БШКга өз өзүнчө арызын бергенге үлгүргөн. Баарынын эле президент болуу дымагы күчтүү. Андыктан бир эсе оппозициялык маанайдагы саясатчылардын биригүүсү күтүүсүз болду десе болот.

"Бирдиктүү талапкер чыгарабыз деген чечим чечкиндүү чечимибиз. Ал кимибиз болорун жакында, кези келгенде угасыңар",- деди Адахан Мадумаров.

Бириккен оппозициялык саясатчылар алардын башкы максаты бул - президенттик шайлоону мыйзамдуу өткөрүү дешүүдө.

"Бириксек колдон келет"

Президент болуу дымагы бар төрт саясатчынын билдирүүсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Социалдык желелерде төрт саясатчы келишимге Бакыт Төрөбаевдин шайлоо штабында кол койгону айтылып, демек президенттике ал сүрөлөт деген божомолдонууда.

Анын үстүнө шайлоо чоң чыгымды талап кылган өнөктүк эмеспи, "Өнүгүү-Прогресс" лидери өлкөдөгү бай адамдардын топ башына кирет жана чыгымын көтөрө алат делип жатат.

Төрөбаевдин саясий тажрыйбасы

2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо буга чейин тажрыйбасы жок, жаш делген "Өнүгүү Прогресс"партиясы топ жарып парламентке келген 6 партиянын бири болгон. Төрөбаев баштаган "Өнүгүү-Прогресс" шайлоого катышкан жалпы добуш берүүчүлөрдүн 9,32% менен Жогорку Кеңеште 13 орунга ээ болгон.

Бирок ошентсе да Төрөбаевдин буга чейинки президенттик шайлоолорго катышуу тажрыйбасы жок.

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption "Өнүгүү-Прогресс" лидери өлкөдөгү бай адамдардын топ башына кирет жана шайлоо чыгымын көтөрө алат делип жатат

Ага караганда Адахан Мадумаров эл арасында Акаевдин тушунан бери келе жаткан дасыккан саясатчы катары таанымал, эл арасында ал бийлик талапкери Сооронбай Жээнбеков менен теңтайлаша алат деп да сыпатталып жүрөт. Буга чейин Мадумаров президенттик шайлоолорго катышып, шайлоо кампаниясынын акый-чүкүйүнөн бери билип калган саясатчылардан.

Бирок Адахан Мадумаровдун шайлоо үчүн каражат ресурсу чакталуу экени маалым, өткөн парламенттик шайлоолордо ал "Дордой" ири базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбековдун менен тандемде анын "Эмгек" партиясы менен өз партиясын бириктирип да жеңишке жетише алган эмес.

Тандемдин калган эки мүчөсү Акматбек Келдибековдун менен Камчыбек Ташиевдин соттолгондор. Мурун президенттикке күчүн сынап көргөн Ташиевдин 2013-жылы козголгон кылмыш иши боюнча соттолгону жоюлган менен 2012-жылы коррупция үчүн айыпталган Келдибековдуку быйыл шайлоо өткөндөн кийин, ноябрда гана алынат. Бул себептүү "Ата Журттун" талапкерлеринин аларды БШК тараптан каттоо маалында бут тосуулар болушу ыктымал деген чочулоолору бар.

Мындай жагдайда серепчилер баамында, барып отуруп эле Бакыт Төрөбаевдин эле талапкерлиги эң оптималдуу вариант болуп жатат.

"Төрөбаев админ ресурс колдонуларына көзү жетти окшойт, андыктан түштүктүн саясатчыларына ыктап атат, шайлоо ачык жана таза өтсө Жээнбековдун шансы жок болот деп ойлойм. Азыркы сценарий менен Төрөбаевге утуштуу позиция болууда. Бирок узак мөөнөткө алганда бул биригүүдөн анын репутациясы кандай болот ошону да ойлонуп көрүш керек ", -деди саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков.

Жаңы тандем эмненин негизинде бирикти?

Интернетте биригүүгө эмне негиз болгондугу тууралуу ар кандай жоромолдор айтылууда. Айрымдар бул жерде регионалдык фактор ойноду деген комментарийлерди да жазууда.

"Бул регионалдык жана феодалдык биригүү болуп эсептелет. А саясатчылар идеологиянын негизинде, түндүк-түштүк, кыргыз, орус, өзбек ... дебей бир идеологиянын негизинде биригишет",- деп жазды мурунку парламент депутаты Өмүрбек Абдрахманов бул биригүү тууралуу социалдык баракчасында.

Ошентсе да, оппозициядан ыктымалдуу бирдиктүү талапкер болуп калышы мүмкүн Бакыт Төрөбаевди программасы регионалдык эмес экени айтылууда.

"Президенттикке ат салышып жаткандагы программасы регионалдык эмес, өлкөгө фокусталган программа болууда. Төрөбаевдин берки саясатчыларга салыштырмалуу имиджи да жакшыраак, акыркы бир-эки жылдан бери өзүн аймактык эмес өлкө саясатчысы катары долбоорлоп атат", -дейт саясат талдоочу Даниэль Кадырбеков.

Image caption Кадырбеков: Азыркы сценарий менен Төрөбаевге утуштуу позиция болууда

Эске салсак, буга чейин "Ак Шумкар" лидери Темир Сариев менен президенттикке талапкерлигин коеру күтүлүп жаткан Элмира Ибраимова биригип, акыркысы Сариевдин шайлоо штабын жетектеген.

Ошентип шайлоого аз убакыт калганда, талапкердер кадыры, ресурсу, мүмкүнчүлүктөрүнө карап ирилешүүгө өтүп жатышкандай.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Ага катышуу ниетин билдирип 50дөн ашык адам БШКга арызын берген. Талапкерлерди расмий каттоо 9-сентябрда жыйынтыкталат.

Тектеш темалар