Чек ара тактоо боюнча кезектеги сүйлөшүү Наманганда өтүүдө

Чек ара Сүрөттүн автордук укугу FERGHANA.RU

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араларды тактап, аныктоо боюнча өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өтүүдө.

Кыргыз өкмөтү тараткан расмий маалыматка таянсак, жолугушуу 5-августта Өзбекстандын Наманган шаарында башталып, 13-августка чейин уланат.

Күн тартибинде карала турган маселе боюнча тараптар маалымат таратышкан жок.

Өткөн жылдын күз айынан бери Кыргызстан менен Өзбекстан бийлиги чек ара тактоо маселесинде сүйлөшүүлөрдү жандандырган. Андан бери бир нече ирет жолугушуулар өткөн. Азырынча сүйлөшүүлөр, чек араны тактоо маселеси жумушчу топтун деңгээлинде өтүп жатат.

Буга чейинки сүйлөшүүлөр тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров: «Кыргыз-өзбек чек арасын аныктап, тактоо маселеси азыр жумушчу топтун деңгээлдинде каралып жатат. Учурда эки тарапка тең зыяны тийбегендей, нааразылык жаратпагандай орток пикирге келүү үчүн талаштуу тилкелерди жеринде көрүп жатабыз. Буюруса сүйлөшүүлөрдө аз болсо да жылыш бар. Бирок макулдашуулар так мына күнү бүтөт деп айтууга али эрте»,-деп билдиргени бар.

Кыргызстандын Өзбекстан менен чек арасы 1378 чакырымды түзүп, анын 320 чакырымы такталып бүтө элек.

Тактала элек тилкелер боюнча алды менен жумушчу топ иштеп чыгып, андан кийин гана эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиясы карайт.

2016-жылдын август айынан бери он беш жолу ушундай деңгээлдеги жолугушуулар болгон. Буга чейин чек ара тактоодо эки ортодо пикир келишпестиктер орун алып келген. Бул болсо чек ара тилкелериндеги айрым учуруда чыңалууга жеткен кырдаалды жаратып келген.

Өзбекстан тарап 1924-27-жылдардагы улуттук-аймактык бөлүштүрүү маалындагы документтерге таянса, Кыргызстан 1955-жылдагы паритеттик комиссиянын материалдарынын жана 1961-жылы чыккан жарлыктын негизинде иш алып барып жатканы айтылып, эки тарап орток пикир таба алган эмес эле. Өткөн жыл этегинен бери жанданган сүйлөшүүлөрдөн тараптар түшүнүшүү бар экенин белгилеп жатышат. (AbA)

Тектеш темалар