Шайлоодогу административдик ресурстун карааны

Темир Сариев Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Темир Сариев

Президентикке талапкер, мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев кайрылуу таратып, учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековду кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзүүдө деп айыптады.

Сариевдин "Фейсбук" баракчасына жарыяланган кайрылуусунда: "Азыркы мезгилде, мыйзамга ылайык президенттикке талапкерлердин толук кандуу каттоосу жүрүп жатат. Үгүттөө учуру дагы баштала элек, бирок ага карабастан, күнүгө "Форумга" иш убактысына карабай улам-улам ар түрлүү министрлерди, губернаторлорду, мэрлерди ж.б., жетекчилерди бийликчил партиянын талапкерине иштегенге ачык эле мажбурлап жатышат. Бул ишти Фарид Ниязов жана Икрам Илмиянов экөө алып барып жатышат. Бул "жумуш жыйындарында" өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков өзү дагы маал-маалы менен катышып калып жатат. Ушуга байланыштуу, мен Прокуратурага жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылат элем, мындай мыйзамды одоно бузулуп жаткан фактыларына алардын ыкчам түрдө көңүл буруусуна, жана мындан ары мындай нерселердин болушуна жол бербешине камсыз кылып берүүсүн талап кылам. Андан тышкары, Сооронбай Жээнбеков чукул арада ыйгарым укуктарын өткөрүп берсин, анткени ал өзүнүн өкмөт башчылык кызматтык абалын кеңири колдонуусун токтотуусу керек",-деп айтылат.

Бул айтылган дооматтар боюнча Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын башчысы Фарид Ниязов жооп кайтарып, Сариевдин билдирүүсүн өзүнө көңүл бурдуруу аракети деп атады.

Апта соңунда эле ак халатчан дарыгерлердин "Сооранбай Жээнбеков" деген жазылган баннердин алдында сүйлөп жаткан сүрөтү интернетке тарап, бул кызуу талкууга жем таштаган. Өкмөттүн сынчылары муну алдыдагы шайлоого карат административдик рессур пайдланыла баштады деп да баалап жиберишти. Ал эми бийликчил Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Фарид Ниязов "Азаттык" радиосуна берген маегинде, бул сүрөт атайын тартылган каралоо деп билдирди.

"Биздин териштирген маалымат боюнча сүрөткө атайын "Жээнбеков" деген жазууну кошуп тартышкан. Ал жерде шайлоого талапкер болгон башка кишилердин дагы штабдары бар болчу, алардын да аты жазылуу. Бирок аларды кошушкан эмес. Бул чагым иретинде тартылган сүрөт".

Сүрөттүн автордук укугу BBC#
Image caption Шайлоодогу административдик ресурстун карааны

Азыркы президент Атамбаевдин социал-демократтар партиясы өкмөт башчы Соронбай Жээнбеков президенттикке бирдиктүү талапкер катары көрсөткөн. Буга чейин Жээнбеков премьерлик кызматын тапшырышы керек деген дооматтар айтылып келе жаткан эле. Борбордук Шайлоо комиссиясы мыйзамга ылайык ал талапкер болуп расмий каттоого алынганга чейин иштөө укугу бар экенин эскертип келүүдө. Буга таянганда Жээнбеков 9-сентябрга чейин учурдагы кызматын уланта алат.

Бирок активисттер, эксперттер башкаруучу партиянын өкүлүнө анын ээлеген кызматы дагы, мамлекеттик ресурс дагы иштеп жатат деп доомат артып жатат. Айталы, анын өкмөт башчы катары сүйлөгөн сөзүн, жер-жерлердеги жолугушууларын мамлекеттик маалымат каражаттарында кеңири чагылдырышын ачыктан-ачык үгүт иши катары сыпаттагандар көп.

"Премьердин аймактарга чыгышын, түрдүү иш-чараларга катышышын айрым маалымат каражаттары мактап, жакшы жерлерин белгилеп айткан учурлары көп болду. Муну биз үгүт катары сыпаттап, байкоо жүргүзгөнбүз. Жада калса бул суроо боюнча биз БШКга да кайрылганбыз. Азырынча жыйынтык жок", - деди "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын жетекчиси Азамат Адилов.

Image caption Серепчи Марс Сариев

Саясый талдоочулардын пикиринде, мындай абал кайсыл бир деңгээлде жергиликтүү бийлик, мамлекеттик кызматтагы жетекчилердин кыйыр түрдө административдик ресурс колдонуу менен бийликтеги партияга жан тартуусуна жол ачып жатат. Мындай ыкмалардан сырткары да талапкердин премьер-министр болуп турушу дагы бир катар үгүт иштерине себеп болот. Андыктан ал кызматын тапшырышы керек дейт серепчи Марс Сариев:

"Өкмөт башчы кызматын тапшырышы керек. Кызматында калса же убактылуу кызматтан алыстап турса да аймактарга таасир этет. Алар кызматта калган адамды колдош керек деп түшүнөт. Эгер таптакыр арыз жазып кете турган болсо, анда арты таза болот. Муну президент дагы айткан. Бирок Кыргызстанды билебиз, региондордо иштеген адамдар болобу, болбойбу бийликке тартат. Муну унутпаш керек".

Кыргызстанда соңку шайлоолор жаңы технологиянын негизинде өтүп келүүдө. Бул жолу да БШК жогорку уюшкандыкта жана даярдыкта иш алып барып, шайлоо таза өтөт дегенге кепилдик бар деген БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова:

Image caption БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова

"Билесиздер буга чейинки шайлоолордо добуштарды бурмалоонун негизги эки жолу болуп келген: бюллетендерди таңгагы менен таштоо жана башка адам үчүн добуш берүү же башкача айтканда "каруселдер". Шайлоочуларды биометрикалык маалыматтар аркылуу таануу жана добуштарды автоматтык санакка алуу бул эки маселени чечет. 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо биз бул шайлоо моделин колдонгонбуз. Шайлоонун эртеси күнү добуш берүу жыйынтыгына карата эч кимде шек саноо болгон эмес. Соңку 20 жылда биринчи жолу ушундай пост шайлоолук тынч таң атты эле"

Өткөн шайлоолордо административдик ресурс мурдагыдай өтө одоно жана ачык колдонулбаганы менен мамлекеттик мекемелерде иштегендерди бийликчил партияга же талапкерлерге добуш берүүгө мажбурлаган, аларды үгүт иштерине тарткан көрүнүштөр тыйылган жок дейт шайлоого көз салган байкоочулар. Демек шайлоого чейин дагы, андан кийин дагы али бул маселе дагы далай талкууга түшчүдөй.

Тектеш темалар