Алтынга бир кадам жетпей токтогон күрөш

Айпери Медет кызы Сүрөттүн автордук укугу Social
Image caption Айпери Медет кызы

Финляндиянын Тампере шаарында 1-августтан 6-августка чейин өткөн жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда кыргызстандык балбандар бир топ ийгиликетерге жетишти.

Кыздардын эркин күрөшүнөн Айпери Медет кызы алтын медал тагынса, Мээрим Жуманазарова коло медалга татыды. Аталган чемпионатта Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Роман Ким күмүш медал тагынышты. Эркин күрөшчү Акбар Кенжебек уулу коло байгелүү болду. Би-Би-Си Олимпиадага даярдоо дирекциясынын дирекору Алмаз Касеновду кепке тартып, балбан кыздар эмнеден артыкчылык кылып, эмнеден кемчилик кетиришти деп сурады

А. Касенов: Кыздарыбыз бизди абдан сүйүнттү. Бирөө чемпион болуп алтын медаль тагынды. Дагы бири колого татыды. Бул албетте, устаттардын, тренерлердин ишинин жыйынтыгы. Убагында Бегалиев менен Түмөнбаев да Олимпиадага барып 2-3 орунду алып келгенде ушундай бир тенденцияны байкаганбыз. Залдарга машыгабыз деген балдар батпай кеткен. Айсулууну көрүп кыздар дагы ошондой көрүнүштү кайталагандай болуп турат. Кыздар дагы намыскөй келет аябай. Биз да чыгабыз дешип умтулган кыздар көп болуп атат. Айсулуу 58, Айпери болсо 72 күрөштү эми 76га өтөт. Мээрим болсо 69га күрөшөт. Командада канчалык мыктылар көп болсо, ошончолук жакшы. Кыздар буюрса дагы далай такшалат.

Би-Би-Си: Жигиттердин бул чемпионаттагы таймашарынын урунтуу учурларын талдап берсеңиз

А. Касенов: Эркин күрөштөн бир коло медаль алдык. Акыркы убактарда эркин күрөш бир аз начарлап кеткени чындык. Бирок, ошонун фонунда 3-орунду алып келиши бизди кубандырды. Эми грек-рим күрөшү башынан дүйнөдө жаштар, кадеттердин арасында Кыргызстан лилерлердин арасына кирип калганбыз.

Сүрөттүн автордук укугу Alireza_akpari
Image caption Акжол Махмудов

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионатта биздин команда жалпы эсеп боюнча 5-орунга чыкты. Бул жаман эмес. Эми өкүнүчтүүсү, үч жигитибиз финалга чыгып үчөө тең утулуп калгандыгында болуп атат. Алтынга бир кадам калды эле да. Күрөшкөндөрүн карап көрсөк экөө өзүлөрүнүн эле катачылыктарынан эле кетип калыптыр. Жоламан Шаршенбековдун салмагындагы түрк жигит жаштар арасындагы быйыл акыркы жолу күрөшүп атыптыр. Буга чейин 2-орунду алып калчу экен. Ал да күчтүү атаандаш экени айтпаса да түшүнүктүү болуп атпайбы. Финалда биз ойлогонбуз утушу керек деп. Тилекке каршы, өзүнүн катачылыктарынан кетирип койду.

74кг салмактагы Акжол Махмудов финалга чейин баарын жеңил утту. Анан финалда чыгып аны деле жеңил утам деген ой кетсе керек. Тактиканы туура эмес тандап алган экен. Күрөшүндө бир аз кемчиликтерди кетирип, ошонун негизинде күмүш медаль болуп калды. Бирок, тиги америкалык балбан дагы абдан таланттуу балбан экен. Экөөнүн тең келечеги кең. Булардын күрөшүн көрүп менин оюмча, башка жактагы адистер дагы жакшы баа берди болуш керек.

Би-Би-Си: Социалдык тармактарда Акжолдун күрөшүн абдан талкуулап атышат. "Аягына чейин күрөшүптүр, атаандашы күчтүү экен"- деп атышат. Ошол эле учурда кабатыр болуп "Акжол жаракат алып калды окшойт, кабыргасын басып атат"-дегендер жок эмес. Күрөштөн кийин Акжол менен байланышып көрдүңүздөрбү? Өзү эмне деп атат?

А. Касенов: Алар эртең учуп келишет. Кандай болуп кеткенин машыктыруучусу дагы эртең айтып берет. Финалга чейин таза келип туруп, анан финалда жанагындай болуп калды. Эми мен билген киши катары карап көрсөм эгерде тактикасын туура койгондо экөөнүн ортосунда мындан да бүйүр кызыткан курч күрөш болмок. Акжол утуп алмак деп ойлойм. Акжолдуку өзгөчө болду. Тигини жөн эле барып баса калам деп ойлогон окшойт. Балким, кабыргасынан жаракат алгашы мүмкүн. Катуу чоюп алышы мүмкүн. Кабыргасы сынып кеткен болсо ыкма жасаганга кыйын болуп калат. Эми травма кимде гана болбойт. Күрөштө башында бир 2-3 жерден эле алдырып ийсең, кайра ошону кууп жетем деп эле дагы көп алдырып коёсуң.

Эми өкүнбөш керек. Бул чоң спорттогу башталышы эле. Эң негизгиси жаш балдар "жылдыз оорусуна" кабылып калбашы керек. Акжолдун потенциалы абдан жогору.

Image caption Айсулуу Тыныбекова

Би-Би-Си: Машыктыруучулары тууралуу да айтып өтсөңүз

А. Касенов: Кыздар арасында Нурбек Изабеков башкы тренер. Өзү кыздар менен дайыма иштеп, өзү алып барып, ийгиликтерге да жетишип келген. Эркин күрөштө Улан Надырбек уулу. Жаштар арасында дүйнөнүн чемпиону болгон убагында. Грек-рим күрөшүнө Ушуров Шухрат барган. Бир тууганы Фархад экөө ал жакка учуп атышканда кырсык болду деп суук кабар келди. Жакындары кырсыктан көз жумган экен. Ошого карабай кетти. Балким ошол дагы бир таасирин тийгиздиби деп ойлойм. Абдан эле кыйын болду. Келгенде көңүл айтабыз. Балким, ошол себептен балбандарга тактикалык кеп-кеңештерди ойдогудай бере албай калгандыр.

Би-Би-Си: Спорт агенттиги реформа баштап, олимпиадага даярдоо башка нукка бурула турганын айтканы бар эле. Кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?

А. Касенов: Жетишендиктер менимче, абдан жемиштүү болуп атат. Эл балдабандардын күрөшүн өзүнчө талдайт эмеспи. Биз профессионалдык көз караш менен бир аз башкачараак карайбыз. Биздин мамлекеттик агенттикте реформа жүрүп жатат. Ошолордун бири ушул жаштарды, кадеттерди кошо алып жүрүү. Аларды мелдешке чыгарып даярдоо. Улуттук курамага жакшы резерв керек. Биз бардыгын көрүп, байкап турушубуз керек Жаштар кандай өсүп келатат, кадеттер кандай? Ошолордун арасында мыктылар бар бекен? Кадеттер мисалы жаштардын арасына өткөндө сакталып калдыбы, калган жокпу? Андан кийин жаштардан улуттук командага өткөндө ошолор кандай жаштар өттү деген суроолор турат.

Тектеш темалар