Жол кырсыгы дагы үч кишинин өмүрүн алды

Ош-Бишкек унаа жолунда болгон унаа кырсыгынан үч киши каза таап, алтоо жаракат алган. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бишкек-Ош унаа жолунун 487-чакырымында май ташуучу МАN үлгүсүндөгү оор жүк тарткан унаа менен "Степ-Вагон" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Ош-Бишкек унаа жолунда болгон унаа кырсыгынан үч киши каза таап, алтоо жаракат алган. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Окуя Ноокен аймагында катталган.

"Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Достук айыл аймагында 2017-жылдын 8-август күнү саат 01:10 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 487-чакырымында май ташуучу МАN үлгүсүндөгү оор жүк тарткан унаа менен "Степ-Вагон" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан. Кырсыктан "Степ-Вагон" унаасындагы 3 адам жеринде каза болуп, 4 адам Шамалды-Сай шаарчасындагы ооруканага жеткирилген, ал эми МАN үлгүсүндөгү оор жүк тарткан унаадагы бир адам эч кандай жаракат алган эмес",-деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта.

Сүрөттүн автордук укугу official

Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыктарынын саны дагы, андан каза тапкандар дагы көп катталганы айтылып, бул маселе коопсуздук кеңешинде талкууланган эле.

Расмий маалыматтарга караганда ушул жарым жыл ичинде эле 2500дөн ашуун жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгы 300 кишинин өмүрүн алып, 3800дөй киши жаракат алган. Өлкөнүн Жол кайгуул күзөт башкармалыгы тараткан маалыматта, кырсыктардын дээрлик чоң үлүшү айдоочулардын айыбынан.

Өлкөдө жол кырсыктары күн сайын катталып, басма сөзгө чыккан үрөй учурган сүрөттөр менен кабарларды дээрлик күн алыс көрүүгө болот.

Жакында эле Бишкек-Ош унаа жолунун 460-чакырымында үч машина кагылышып сегиз адам каза тапкан болчу. Бул кырсыктан кийин кишилердин унаадан ыргып кетип, ар кайсыл жерде чачылып жатканы тартылган үрөй учурган тасма интернетке тараган.

Жол коопсуздук көзөмөлдөгөн кызмат кырсыктардын көбү катуу ылдамдыктан жана жол эрежелерин сактабагандан келип чыгарын айтып келүүдө. (AbA)

Тектеш темалар