Жүзүңдү аччы талапкер

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт Сүрөттүн автордук укугу VYACHESLAV OSELEDKO / STRINGER
Image caption Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт

Борбордук шайлоо комиссиясы президент болом деп арызын берген талапкерлери электен өткөрө баштады. Арыз берген 59 адамдын экөөсү талапкерлигин чакыртып алып, беш киши БШК тарабынан талапкерлер тизмесинен чыгарылды.

Жашы жете элек, акчасы жоктор жарыштан четтетилди

БШК президенттикке талапкер беш кишини: Муканбай Аманбаев, Марта Кыдыралиева жана Камил Токтобаевди шайлоо фондун убагында ачпаганы үчүн, Роман Ремнев менен Куттубек Бешбаков 35ке жашы жетпегени үчүн жарыштан четтетти. Дагы бирөө - Игорь Трофимовдин талапкерлигин ал мамлекеттик тил сынагына катышпагандыгы үчүн алып салуу каралууда.

Эске салсак, буга чейин эки талапкер Анвар Сартаев и Нусрет Магомедов шайлоого баруудан өздөрү баш тартышкан.

Ошентип бүгүнкү күнгө президенттикке талапкерлер саны 52 киши болууда.

“Бүгүнкү күнү шайлоо жарышынан жалпысынан жети -сегиз киши четтетилүүдө”, -деп билдиришти Боршайкомдон.

15-октябрга белгиленген Президенттик шайлоого катышуу боюнча арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 1-августта аяктаган эле.

Президенттикке барам деген 59 адамдын ичинен 48 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз берген. Ал эми он бир талапкерди саясый партиялар сунуштады.

Ар кошкон талапкерлер

“Талапкерлердин беш-алтоосу Жогорку Кеңеш депутаттары, арасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер бар. Талапкерлер тизмесинде пенсионер, жумушу жоктор да бар. Шайлоо өнөктөгүнө талапкерлер коомдук бардык катмарынан жылдырылды”, -деди Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчи орун басары Абдыжапар Бекматов.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Бекматов: Шайлоо өнөктөгүнө талапкерлер коомдук бардык катмарынан жылдырылды

Ал бул жолку шайлоодо талапкерлер саны 2011-жылы өткөн президенттик шайлоодон кыйла азыраак болгонун белгилеп, өлкөдө саясий маданият өсүп жаткандыгы менен байланыштырды.

Эске салсак, соңку президенттик шайлоого катышам деп арызын бергендер саны 89га жеткен.

Талапкер катары катышуу боюнча арыз бергендердин көпчүлүгүнүн ысымын коомчулук жакшы биле бербейт.

Шайлоого бара жаткандар туурасында кызык жагдайлар

Талапкерлердин эң жашы 34ттөгү Роман Ремнев болсо (жарыштан четтетилди), ал эми эң уулусу 66 жаштагы пенсионер Полотбек Кенжекулов.

Талапкер Турсунбай Бакир уулун шайлоого кайра-кайра талапкерлигин коюп, көңүлү суубаган саясатчылардан. Ал быйыл алтынчы ирет өлкө башчылыкка күч сынаганы турат.

Бул жолу президенттик шайлоого күрөө акысы 1 миллион сомго көтөрүлүп, айрым талапкерлер (Рита Карасартова жана Турсунбек Акун) жашап жаткан өз үйлөрүн күрөөгө коюп, тобокелчиликке бел байлашты.

Бүгүнкү күнгө карата шайлоо фондунда акчасы эң аз талапкер - “Өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясынын” төрагасы Акбаралы Айтикеев. Анын эсебинде учурда болгону 50 сом бар.

Ал эми эң көп каражат чогулткандардын алдыңкы сабында “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов турат, аны эсебине түшкөн 32 миллион сомдун азырынча 11 миллиону калды.

Талапкерлер арасында пенсионер, адвокат, коомдук жана жарандык уюмдар өкүлдөрү көп болууда.

Image caption Турсунбай Бакир уулу бул ирээт президенттик шайлоого алтынчы ирээт күчүн сынаганы жатат.

Бул шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - талапкерлердин жетөөсү айымдар.

Президенттикке аттангандардын 11сү мурда-кийин көз боемочулук, бейбаштык, коррупция жана мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирип соттолгон адамдар.

“Ал тургай талапкерлердин экөөсү шылуунчулук үчүн эки жолу соттолгондор болуп чыкты. Бирок бирөөсүнүн соттолгону жоюлган”, -деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

Президенттикке талапкерлерге талаптар кандай?

Мамлекет башчысына талапкер болом дегендер 30 миң кишинин колун топтоп, миллион сомдук күрөө коюп жана кыргыз тилинен сынак тапшыруусу керек. Баш мыйзам боюнча президент болчу адам 15 жыл Кыргызстанда жашаган 35 жаштан 70 жашка чейинки жаран болушу абзел. Ошондой эле мурда соттолгон болсо, анысы жоюлушу керек.

Боршайком шайлоо бюллетенине кирчү талапкерлердин так тизмесин 10-сентябрда жарыялайт. Ага чейин шайлоого даярдыктар жүрүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын алдын ала тизмесин 5-августта Боршайкомго тапшырды. Тизме 15-августка дейре тиешелүү шайлоо участкаларына илиниши керек. Ошол күндөн баштап шайлоочулар участкаларга барып өздөрүн тактаса болот.

Боршайком өлкө боюнча 2 миң 300, чет мамлекеттерде 36 шайлоо участкасын ачууда.

Тектеш темалар