Эркин Асрандиев: Кийинки жылы 30 чакырымды сүзүп өтөм
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Эркин Асрандиев: Кийинки жылы 30 чакырымды сүзүп өтөм

Эркин Асрандиев 6-август күнү Ысык-Көлдө 15 чакырым 100 метр аралыкты сүзүп өткөн. Ал ушул жылдын январь айынын баштап Тоң районундагы Кара-Талаа айылынан Ысык-Көл районунудагы Тору Айгыр айылын көздөй сүзүп өтүүгө даярдана баштаган.

Ал сууда сүзүүчү же спортчу эмес. Ага мындай идея өткөн жылы чет өлкөлүк эки жаран 13 чакырым аралыкты сүзүп өткөндөн кийин келгенин айтат. Эркин Асрандиев алыс аралыкка сүзүү боюнча негизги эржелерди толук сактаганын да кошумчалады. Арыктыгынан суунун муздактыгына туруштук берүү үчүн атайын кийим менен сүзгөн. Ал баардык эс алуучуларды жана жергиликтүу тургундарды тазалыкты сактоого чакырат. Ал келээрки жылы 30 чакырымга жакын аралыкты сүзүп өтөөрүн Би-Би-Сиге билдирди.