З. Курманов: Акчалуулар бийликке жулунганда, лидердин чыгышы күмөн

Зайнидин Курманов шайлоо алдындагы лидер кризиси тууралуу Би-Би-Синин Кыргыз кызматына маек куруп берди. Сүрөттүн автордук укугу wikipedia
Image caption Зайнидин Курманов шайлоо алдындагы лидер кризиси тууралуу Би-Би-Синин Кыргыз кызматына маек куруп берди.

Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, тарых илимдерини доктору, профессор Зайнидин Курманов Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы Элеонора Сагындык кызынын президенттик шайлоо алдындагы лидер кризиси, тышкы күчтөр жана админстративдик ресурс тууралуу суроолоруна жооп берди.

Би-Би-Си: Президенттикке талапкерлердин көп болуп, бирок көпчүлүк колдой тургандай алдыга суурулган, жарк эткен талапкердин көрүнбөй жатат. Бул шайлоодо лидер кризисин байкадыңызбы?

З.Курманов: Бизде лидер кризиси бар деп да, жок деп да айтсак болот. Кыргызстанда лидер жаралыш үчүн мүмкүнчүлүк берилип атабы деген суроо коюш керек. Саясатчы лидер болуп бышып-баралына жетиш үчүн өсүшү керек. Партия, кыймыл болобу, дегеле саясаттын ичинде өсүшү керек, ар кыл тепкичтерден өтүшү керек. Биздин саясатыбыздын сапаты өтө төмөн болуп жатпайбы.

Азыр олигархтардын заманы болуп калбадыбы. Фабрика-завод куруп, автомобиль же учактарды жасаган адамдар эмес, базарда отуруп ''семичке саткан'' адамдар бийликке келип жатат. Анан, албетте, саясаттын деңгээли да ошондой болот да. Лидер кризиси ушундан чыгат десек болот. Акчасы бар адамдардын баары эле учурдагы же буга чейинки өлкө башчыларын көрүп алып, “президент болуш оңой турбайбы” деген ойго келип атышат. Мен деле аракеттенип көрөйүн дегон ой менен баары эле талапкерлигин коюушууда, мына 59 киши арызын берди. Буга чейинки 2011-жылкы президенттик шайлоодо талапкерлер саны 86 болгон.

Мындай шартта кыргыз саясатында Мустафа Кемал Ататүрк, Томас Джефферсон же Уинстон Черчилге окшогон чыгаан адамдар өспөйт. Бирок биз азыр талапкерлигин койгондордун ичинен бирөөнү тандашыбыз керек.

Би-Би-Си: Бул шайлоо саясий-идеялык программалардын эмес, саясатчылардын күрөшү болуп жатат. Талапкерлердин программаларына эмес, алардын жеке аброюна, иш тажрыйбасына көбүрөөк көңүл бурулуп жаткандай. Себебин эмнеден көрөсүз?

З.Курманов: Комплекстүү алып карасак, ооба, бизде партиялар өтө көп, бирок саны бар сапаты жок болуп атат. Кечээ эле жаңы түзүлгөн партия бийликке келип калып атат. Демократиялык өлкөлөрдө бийликке келиш үчүн көп жыл даярданыш керек, ысык-сууктан өтүп келет . Бизде андай эмес, себеби электорат жок. Партия көп болгондуктан эл аларды тааныбайт. Ушул партия үчүн добушумду берет элем деп, атасы, баласы, эжеси либерал болуп туруп беришкен европадагыдай салт калыптана элек.

Электорат бүгүн Акаевди, эртең Бакиевди, анын эртеси Атамбаевди уга турган адамдар болуп, жарандык жоопкерчилик деген жок болуп атат.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Аскар Акаев: Кыргызстанда жаңы лидерлер пайда болот

Би-Би-Си: Шайлоодо тышкы күчтөрдүн ролу кандай болот? Биринчи кезекте Москва шайлоого тыкыр көз салып атат деген пикирлер басымдуу. Талапкерлер дагы өз кезегинде Кремлдин колдоосун алууга аракет кылышууда.

З.Курманов: Андай нерсе бар.Себеби биз бирдиктүүэкономикалык биримдик ЕАЭБ түзүп атпайбызбы, ал барып отуруп саясий союзга айланышы керек да. Биз буга чейин биригүүнүн эки тепкичин өттүк. Эл аралык саясатты тааныган адам катары мен уккамын ЕАЭБге окшогон дагы бир саясат коом түзүлөт деген сөздү. Алдыда дагы үчүнчү тепкич бар да. Эми Кыргызстандан ошону ким аткарат? Албетте, Москва абдан шайлоого кызыгып атат. Себеби, бул алардын мега-долбоору болуп атпайбы. Ошондуктан бул жактан талапкерлердин кимиси ишти жакшы алып бармак деген ойлору болот.

Башка күчтөр да бар. Кытай бар жаныбызда. АКШнын да өз максаттары бар. Евробиримдик бар, алар бизди демократиялык мамлекет болсун, экономикасын көтөрүп өздөрүн баксын дешет. Москванын болсо тигилер келбесин, жолобосун, бизге көз каранды болсун деген өз кызыкчылыгы бар.

Би-Би-Си: Башкаруучу партиянын өкүлүнө мамлекеттик ресурс иштеп жатат деген сындар болууда. Бирок башкаруучу партия СДПК өзүнүн талапкерин өткөрүүгө күчү жетеби?

З.Курманов: Административдик ресурс колдонулбайт деген сөздөрдү угуп, 100 пайызга колдонулбаса да, 90 пайыз пайдаланат го дейм. Мисалы, эгерде мен Германияда жашасам админ ресурс болбойт жана болгон эмес деген жоопту берет элем. Ал жерде болсо мындай бир XVIII кылымда болгондур. Бирок андан бери алар саясий өзгөрүү жолунда кетип атпайбы, Кыргызстанда андай өзгөрүүлөр болбой жатат.

Жакшы иштеп, өлкөдөгү көйгөйлөрдү чечсең админ ресурсу жок эле бийликти колго кармап калсан болот, бирок иштебесең, өзүндү көрсөтө албасаң эч ким сага добушун бербейт да. Ошондо бийлик админ ресурсту пайдаланат.

Би-Би-Си: Бул шайлоо мурункулардан эмнеси менен айырманып жатат? Эмне өзгөрүү байкап атасыз?

З.Курманов: Эч деле өзгөрүү байкаган жокмун.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар