Токтакунова: Текебаев тил сынагын 10-сентябрга чейин тапшыра алат

Президенттикке талапкерлигин коюуга аракеттенип жаткан Өмүрбек Текебаев беш айдан ашык убакыт мурда камакка алынган
Image caption Президенттикке талапкерлигин коюуга аракеттенип жаткан Өмүрбек Текебаев беш айдан ашык убакыт мурда камакка алынган

Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевдин тил сынагына катышуусун камсыздоо боюнча мрунку инстанциянын чечимин өзгөрткөн жок. Борбордук шайлоо комиссиясы сот аларды эч нерсеге милдеттендирген жок деп жатат.

Ал арада Текебаевди сынакка киргизүү талабы менен БШК алдына чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция кармап кетип, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Милиция 1-августтан 20-октябрга чейин мамлекеттик органдардын, анын ичинде БШК, сот алдына митинг уюштурууга тыюу салган.

Жогорку Соттун расмий сайтында чечими орусча жазылган. Анда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Сотко кассациялык арыз менен кайрылып, Райондор аралык соттун 3-августтагы чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылганы айтылат. БШК ошондой эле президенттикке талапкер Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Жолдошбековдун БШКнын аракетин мыйзамсыз деп таап, мыйзам бузууларды жоюуну милдеттендирүүсүн сураган арызын жокко чыгарууну сураган.

Жогорку Сот муну канааттандырбай, мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырып жатат. Бирок ал Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин тиркеген эмес.

“Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайкүл Токтакунованын айтымында, райондор аралык сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу боюнча БШКны иш-аракет көргөн эмес деп, жалпы жыйын курууга милдеттендирген.

Image caption Соттун алдында митинг уюштурууга 1-августтан тарта тыюу салынды

“Райондор аралык соттун чечими чыккандан кийин БШК мүчөлөрү жыйынга чогулуп, бул соттун чечимине макул же макул эмес деген чечимге келиш керек болчу. Бирок БШКнын төрайымы башка мүчөлөрү менен кеңешпей туруп Жогорку Сотко кассациялык арызды юристи аркылуу жиберген”, - деди Би-Би-Сиге Токтакунова.

Токтакунованын айтымында, БШКнын айрым мүчөлөрү мына ушул кадамдан кийин өздөрүнүн ою эске алынбаганына нааразы болушууда. БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдырахматова менен мүчөсү Гүлнара Журабаева парламент спикерине кайрылып, Текебаевди тил сынагына катыштырууга шарт түзүү маселесин фракция лидерлери менен кароону өтүнгөн.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын дагы бир төрайым орун басары Абдыжапар Бекматов райондор аралык сот Текебаевди тил сынагына катыштыруу үчүн иш-аракет көрбөгөнүн гана белгилеп, кандайдыр бир аракет жасоого милдеттендирген жок деди:

“Убактылуу кармалуучу жайда соттун чечими менен отурушат. БШК соттун чечимин жокко чыгарып, “саат мынчада бул жака келип, тест тапшырсын” деп чечим кабыл ала албайт. Биз болгону укугу бар кишилер аркылуу графикти жеткирип, кабарладык. “Талапкерлердин баардыгына бирдей шарт түзүш керек” деген менен БШК эч бир мамлекеттик органдын алдында суранбайт”.

Image caption Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жаткан райондук сот анын тил сынагын тапшыруусун камсыздоодон баш тарткан

Мурдараак БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев убактылуу камакта отурган талапкердин тил сынагына катышуусун камсыздоо шайлоо мыйзамында так көрсөтүлгөн эмес деп, Текебаевди сотко кайрылууга үндөп, ал эми мыйзамдын ачык калган жерлерин мыйзам чыгаруучу Жогорку Кеңеш караса болот деген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев Жогорку Кеңештин азыр мыйзамды чечмелөө укугу жок дейт. Ал ошондой эле БШК коллегиялдуу орган деп, ошондуктан добуш берүү аркылуу Текебаевди сынакка катыштыруу маселесин чечсе болмок деген оюн билдирди:

“Мыйзамга ар бир майда маселелерди жаза бербейт, негизги талаптар жазылат. Ошол талаптардын негизинде БШК тагыраак кылып токтомдорду, жоболорду кабыл алат. Мыйзамга ылайык, шайлоо боюнча маселени БШКдан башка эч ким чечпейт. Шайлоону өткөрүү боюнча башка органдын киришүүгө укугу жок”.

Акылбек Сариев БШК көз карандысыз орган экенин белгиледи.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Текебаев менен Чотоновдун соту өттү

Өмүрбек Текебаевдин ишин карап жаткан райондук сот анын тил сынагын тапшыруусун камсыздоодон баш тарткан. Кезекке ылайык, Текебаев тесттен 26-июлда өтүш керек болчу. “Кыргызтесттин” талапкерлерди күнгө бөлгөн графиги 10-августта бүтөт. Бирок “Ата Мекен” партиясынын юристи Токтакунова Текебаев талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүтө турган 10-сентябрга чейин сынак тапшыруу укугу бар деп жатат. Ал болгону БШКнын шарт түзүү чечиминен гана көз каранды деп эсептейт.

Оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын февраль айында камалган. Ага “Мегаком” компаниясына байланыштуу бир миллион пара алган деген айып коюлуп, соту жүрүүдө.

Шайлоо мыйзамына ылайык, соттун айыптоочу өкүмү чыкпаган жарандар шайлоого катыша алат.

Ал арада президенттикке айрым талапкерлер БШКга арызданууда. “Ак шумкар” партиясынан президенттикке чыгып жаткан Темир Сариев талапкерлер үгүт жүргүзүүдө бирдей шартта болбой жатканын, КСДП талапкери Сооронбай Жээнбеков административдик ресурс колдонуп жатканына арызданды. Бирок анын арызын кароо үчүн БШК мүчөлөрү толук жыйнала алган жок.

Ал эми “Республика” партиясынны лидери Өмүрбек Бабанов аны каралап жатканын айтып, беш интернет басылмасына чара көрүү арызы менен БШКга кайрылды.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар