Динаятчылардын чектөөсү ичимдикти тыябы?

Майдан, Марказ айыл өкмөттөрүнүн динаятчылары арак саткан дүкөндөрдү кыдырды. Сүрөттүн автордук укугу turmush.kg
Image caption Майдан, Марказ айыл өкмөттөрүнүн динаятчылары арак саткан дүкөндөрдү кыдырды.

Кадамжай районунун айрым айылдарында динаятчылар арак-шарап сатылаган дүкөндөрдү кыдырып, сатуучуларга ичимдиктин зыяндуулугун айтып, сатпоого үндөөдө. Бул өнөктүк дагы бир нече убакытка уланат дейт демилгечилер. Бирок коомчулукта ичимдикти тыюунун бул жолу майнапсыз аракет катары бааланууда.

Баткен облусунун Майдан, Марказ айыл өкмөттөрүнүн айрым тургундары апта башында жергиликтүү дүкөндөрдү кыдырып, ичимдик саткандарга түшүндүрүү акциясын өткөрүштү. Демилгечилердин бири, Марказ айыл өкмөтүнүн имам-хатиби Ибрахим Айткуловдун айтымында, бул жол элди араккечтиктен алыс болуп, Ислам динине жакын болууга үндөйт:

"7-август күнү айылдын аксакалдары өзүбүз уюшуп, спирт сатылган дүкөндөрдү кыдырдык. Сатуучуларга ичимдиктин зыян экенин айтып, айрым учурда өлүм катталып жатат дедик. Туура эле кабыл алышты. Негизи биз жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарабыз. Бирок биз светтик өлкөдө жашагандан кийин эч кимди мажбур кылбайбыз, динде дагы мажбурлоо жок".

Демилгечилердин айтымында, Кадамжайдагы бул акция эки баласы артында калган тургундун арак ичип аварияга учураганы, дагы бир бөлөнүн мүчөсүнүн майып болуп калганыдан кийин көтөрүлүп отурат.

Image caption Буга чейин жинди суунун сатылышына тыюу салган айылдар Кыргызстанда бир нече жолу катталган.

Буга чейин жинди суунун сатылышына тыюу салган айылдар Кыргызстанда бир нече жолу катталган. Алыс барбайлы, мындан бир апта мурда Ош облусунун Жапалак айылынын тургундары 400 миң сом акча чогултуп, айылдын дүкөндөрүндөгү жүздөгөн ичимдиктерди сатып алып, шаар четине алып барып талкалашкан. Андан соң айылдык жыйында жергиликтүү дүкөндөрдө арак сатууга тыюу салынып, ким эреже бузса 10 миңден 50 миң сомго чейин айып пул салуу кулак-кагыш кылынган.

"Арак саткан дүкөндөргө аны ичкендерден башка эч ким кирбей калды. Эгерде биз ал жерден соода кылсак, алар арак сатпай эле коёт. Быйыл президентибиз айткандай "Адеп, ыйман жана маданият" жылы. Арак ичилген жерде ыйман дагы, адеп дагы, маданият дагы болбойт. Ошондуктан биздин демилгеге мамлекет башчылары дагы каршы чыкпайт", - деди демилгечилердин бири Талант Кадыров маалымат каражаттарына берген маегинде.

Деген менен айрым динаятчылардын дүкөндөрдү кыдырып арак сатпоого чакырганын, дагы башкаларынын шаар четинде үч машине ичимдикти сындырганын туура эмес деп баалап, бул өз ойлорун башкаларга таңуулоого жатат дегендер да четтен чыкты. Каршы пикир айтып жаткандардын жүйөсүндө, мындай жол аркылуу элди эч убакта ичимдиктен сактай алышпайт, тескерисинче жек көрүүгө алып келет.

Image caption Диний эксперт Орозбек Молдалиев

"Булар маселени туура эмес түшүнгөн молдолор. Молдо эмес, чала молдолор. Алар дүкөнчүлөргө эмес, элге айтышы керек. Дүкөнчү сатпай койсо жашыруун саткандар көбөйөт. Советтер союзу учурунда ошондой болгон: Нарын менен Ысык-Көлдүн регионалдык комитеттери Москвага жагыныш үчүн "биздин облустар аракты таштады" деп жарыялап жиберип, ичимдиктин баасы асманга чыгып кеткен. Аны алууга чамасы келбеген эл самагон кайнатууга өткөн. Ошон үчүн маселени өз алдынча чечкенден мурун, кандай кылып чечүү керек деген жолдорду караш керек да",- дейт диний эксперт Орозбек Молдалиев.

Кыргызстанда Европадагыдай алкоголь ичимдиктерин чеги менен күнүгө басып-туруп ичүү маданияты калыптанган эмес. Бирок, аш-тойлордо бир жылдык норманы толтуруп салмай салтка айланган. Ал эми соңку убакта жайылып бараткан аракка каршы "кургак мыйзам" кабыл алуунун пайдасы же кесепети тууралуу азырынча бир нерсе айтуу кыйын.

Тектеш темалар