Ошто троллейбус айдоочулары иш таштоосун токтотту

Сүрөттүн автордук укугу Turmush.kg
Image caption Троллейбус айдоочулары эгер жакынкы күндөрү чара көрүлбөсө иш ташоону кайрадан улантарын билдирип тарашты.

Ош шаарында айлык акыны көтөрүү талабы менен нааразылык акциясына чыккан айдоочулар кайрадан ишке чыкты. Бул тууралуу мэриянын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов Би-Би-Сиге билдирди:

"Иш таштоого катышкан айдоочулар менен жолугуп, көйгөйлөрүн угуп келдик. Алар негизинен планды азайтууну талап кылууда. Биз баарын салыштырып көрүп, чара көрөбүз дедик. Экинчи маселе, айлыктарынын аздыгын айтышты, бирок ал январь айында эле көтөрүлгөн болчу. Бул тууралуу азырынча эч нерсе убада кылбайбыз. Сүйлөшүү жолу менен нааразылык акциясы бүттү, айдоочулар кайрадан ишке чыкты".

Ал эми троллейбус айдоочулары эгер жакынкы күндөрү чара көрүлбөсө иш ташоону кайрадан улантарын билдирип тарашты.

"Мэриянын өкүлдөрү келип, эртең узундугун ченеп туруп, планды текшеребиз дешти. Билбейм кандай майнап чыгат. Чынын айтсам мен бул жумуштан такыр эле кетет окшойм, карызга баткандын не кереги бар? Айлыгым болгону 2 миң сом, планы жогору. Мен сыяктуу нааразы болуп иштеп аткандар көп да", - деди атын атагысы келбеген троллейбус айдоочусу.

2000-6000 сом тегерегинде айлык алып иштеген кызматкерлер бүгүн эртең мененден баштап иш таштоого чыккан болчу.

Дээрлик жарым миллиондой калкы бар Ош шаарында коомдук танспорттун аз болгонуна байланыштуу нааразылык кептери кез-кезде айтылып келет.

Экинчи чоң шаарда болгону 35 троллейбус болсо, анын күнүнө ону гана кезектешип иштейт. Айдоочулар рейсине 300 сомдун тегерегинде план тапшырат.