БШК Текебаевдин тил сынагына кирүүсүн камсыздоодон баш тартты

Өмүрбек Текебаевдин тил сынагына катышуусун камсыздоодон райондук сот баш тарткан
Image caption Өмүрбек Текебаевдин тил сынагына катышуусун камсыздоодон райондук сот баш тарткан

БШК Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкерлигин коюу үчүн тил сынагын тапшыруусун камсыздап берүүдөн баш тартты. Ага чейин комиссиянын талапкерлердин арызын караган жумушчу тобу да ушундай чечим кабыл алган эле.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы баш болгон тогуз мүчөсү Текебаевдин тил сынагына катышуусун камсыздоого каршы добуш берди. Ал эми үч гана мүчөсү жумушчу топтун чечимин колдобогонго чакырышты.

БШК ошондой эле камакта отурган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун президенттикке талапкерлигин каттоодон баш тартты. Ага да комиссия мүчөлөрү ушундай эле айырма менен добуш беришти.

БШКнын үч мүчөсү Атыр Абдырахматова, Назарали Арипов жана Гүлнара Журабаева менен калгандары соттолуп жаткандардын талапкерлигин каттоо эрежелерин кызуу талкуулашты.

БШК мүчөсү Алмаз Асаналиев жабык жайдагы жаранды алып жүрүү БШКнын укугуна кирбегендиктен Текебаевдин өкүлүнүн арызын канааттандырбоону сунуштады.

"БШКнын укугуна сот органдарынын иши кирбейт. Так айтканда, камактагы соттолуучуну алып жүрүү, ага баруу БШКнын укугу эмес. Анткени кылмыш процессуалдык иш-аракеттер кылмыш процессуалдык мыйзамдары менен жөнгө салынат жана органдардын укугуна кирет. БШК мыйзамына ылайык, жоболорду, токтомдорду укуктарынын алкагында гана чыгара алат", - деди Асаналиев.

БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева соттун өкүмү чыкканга чейин ар бир жаран күнөөсүз экенин белгилеп, бардык талапкерге БШК бирдей шарт камсыздап бериш керек деди.

"Жарандар бир жерге баруу эркиндиги чектелген жабык жайда болгондуктан тесттен өтүүсү менен Борбордук шайлоо комиссиясы алектениш керек. Мамлекеттин жарандардын шайлануу укугун камсыздоо милдети бизге жүктөлгөн. Башка мамлекеттик орган жок", - деген Журабаева кесиптештерине тесттин күнүн белгилеп, Текебаевдин тестке баруусун дароо камсыздоону сунуштады.

БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова БШК Текебаевге мыйзамда каралган эрежелерге ылайык, сынакка кирүүсүн камсыздоого кур дегенде аракеттениш керек деди.

Image caption БШКнын үч мүчөсү Атыр Абдырахматова, Назарали Арипов жана Гүлнара Журабаева менен калгандары соттолуп жаткандардын талапкерлигин каттоо эрежелерин кызуу талкуулашты

"Эмне үчүн кур дегенде аракет кылып көргөн жокпуз? Баары тесттен кантип өткөнүнө күбө болуп жатабыз. Ал үчүн бир ноутбук жана көзөмөлдөгө жети киши жетиштүү. Эмнеге сот залында өткөрсөк болбойт эле? Эмнеге Өмүрбек Чиркешовичти күзөт менен алып барсак болбойт? Мүмкүнчүлүктөрдү карап көрбөстөн, биринчи күндөн эле дароо болбойт дегенибиз абдан чоң шек жаратат".

Ал арада бүгүн Текебаевдин сотунда жарыш сөз башталды. Прокурор Текебаевди он жыл, анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жыл эркинен ажыратууну сурады.

Ал эми Текебаевдин юристтеринин бири Канат Азиз БШК соттун чечимине тууралап, талапкерлигин каттабоону мерчемдеп жатат деп, бирок соттун чечиминен кийин экинчи инстанцияга кайрылышарын кошумчалады.

Ал эми Садыр Жапаров 2013-жылы соттолгондуктан президенттикке талапкерлигин каттоодон баш тартуу сунушталды. Жумушчу топ Жапаровдун соттолгонун жоюу боюнча соттон “бизде маалымат жок” деген кабар келгенин айтты. Мына ушул билдирүү да талаш жаратып, БШКнын үч мүчөсү күч жана сот органдарынан так жооп алмайын бул маселе боюнча чечим кылууга болбойт дешти. Бирок көпчүлүк добуш менен Жапаровдун президенттикке талапкерлиги катталган жок.

Оппозициялык “Ата мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев ири суммада пара алууга айыпталууда. Февралда камакка алынып, ушу тапта соту жүрүп жатат. Ал президенттикке талапкерлигин өзүн өзү көрсөтүү жолу менен коюуга аракеттенүүдө. Кыргыз тили боюнча сынакка 26-июлда кириш керек болчу.

Ал эми мурдагы депутат Садыр Жапаров да ушул жылдын башында камакка алынган. Ага 2013-жылы Ысык-Көлдөгү митингдеги башаламандыкка, адам өмүрүнө кол салууга жана башка бир катар кылмыштарга айыпталууда. (АК)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар