Ди Каприо ак илбирстерди сактоонун чечкиндүү чараларын көрүүгө чакырды

Голливуддун атактуу актеру Леонардо Ди Каприо коомдук сайтта Save snow leopards ("Ак илбирсти сактагыла") кайрылууну колдоп кол коюуга чакырууда.

Аталган кайрылуу ак илбирсти коргоо боюнча Бишкекте болуучу жыйынга чогула турган 12 мамлекеттин лидерлерине жолдонгон.

"Кыргызстанда ушул жылдын август айында ак илбирстер жашаган бардык он эки өлкөнүн лидерлери чогулат. Аларга ак илбирстерди сактоо үчун чечкиндүү чараларды көргүлө деп айткылачы. #SaveSnowLeopards",-деп айтылат WWF сайтында.

Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум 23-25 августта болот.

Аталган форумга ак илбирстер жашаган он эки өлкөнүн жетекчилери жана өкмөт өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык жана донор уюмдардын лидерлери, илимий мекемелердин кызматкерлери катышат.

Чакырылган өлкөлөрдүн катарында Афганистан, Кытай, Индия, Казакстан, Монголия, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан, Ɵзбекстан бар.

Ала рак илбирстин тукумун сактоо боюнча эл аралык деңгээлде иш-аракетти күчөтүү багытындагы көрүлө турган чараларды талкуулашат.

Кыргызстандын өзүндө 2014-жылы Ɵкмөттүн чечими менен илбирстерди сактоо максатында «Хан-Теңири» улуттук мамлекеттик паркы уюшулган. (КС)

Тектеш темалар