Сотто Текебаевдин адвокаттары судья менен айтышты

Текебаев жарыш сөзүн улантууда 11.08.2017
Image caption Текебаев жарыш сөзүн улантууда 11.08.2017

Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары судья менен бүгүнкү жыйынды жабуу тууралуу талашып, айтышты. Текебаев жарыш сөздү экинчи күн сүйлөп жатат.

Текебаевдин адвокаттары Чынара Жакупбекова менен Канат Хасанов Эмгек кодексине ылайык иш күнү 17:30да бүтөөрүн айтып, соттук жыйынды токтотууну талап кылышты. Алар айыпталуучу бир күн мурда да кечки тамаксыз калганын, тез жардам чакырылганын эскертишти. Алар жарыш сөз сүйлөп жаткан Текебаев чарчаганын жүйөө келтиришти.

Ал эми судья Айбек Эрнис уулу соттук жыйын бүткөнгө чейин улантса боло турганын билдирди.

Адвокаттар судья өкүм чыгарууга шашылып жатат десе, прокуорлор буга чейин Текебаев тарап сотту атайын создуктурууга аракет кылганын белгилешкен.

Текебаевдин сөзү

Өмүрбек Текебаев жарыш сөзүндө прокурорлор фактыларды өзгөртүп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү бурмаланганына басым жасоодо.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Өкүм чыгып калышы мүмкүн деп сотко көп адам келди 11.08.17

Текебаев Маевский менен беш жолу эмес, эки жолу гана кездешкенин, анда да акча тууралуу сөз болбогонун айтты. Ал негизги күбө жана жабырлануучу тарап катары кайрылган орус жараны Леонид Маевский айткандай майда жолукпаганын, 24-августта Бишкекте жана сентябрда Москвада жолукканын билдирди. Текебаев максаты парламенттик шайлоо алдында орусиялык чиновниктер менен байланыш түзүү болгонун белгиледи.

Ал бул сыяктуу бир канча окуялардын агымын, уланышын тизмектеди.

"2010-жылы Ташкент аркылуу Ригага, Ригадан Ослого учуп барып, ЕККУнун парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышып, Кыргызстан боюнча доклад жасаганымды такташты. Аны март айында элге жарыялашты. Ошондон кийин Маевский көрсөтмөсүн өзгөрттү. Июлда эмес, сентябрда келгемин деди. Менин 1-сентябрда барганым чын. Бирок ал көрсөтмөсүн өзгөрткөнү менен башка жагдайларын өзгөртө алган жок", - деди Текебаев.

Роза Отунбаева бул сотко экинчи ирет келди

Сотко түштөн кийин өлкөнүн экс-президенти Роза Отунбаева келди. Ал кечке маал адвокаттар менен судьянын талашынан кийин танапис жарыяланган учурда азыркы абалды 1937-жылга салыштырды. Сот реформасы тескери кеткенин белгиледи.

Image caption Текебаев көрсөтмөлөр прокурор тарабынан бурмаланганын айтты 11.08.17

Андан сырткары сотко "Ата мекен" фракциясынан депутаттар, соттолуучулардын жакындары катышууда. Бүгүн өкүм чыгаары күтүлгөндүктөн сот алдына саясатчылар, коомдук ишмерлер келип турат.

Прокурор кылмыш далилденген деди

Прокурор 10-августтагы сот жыйынында Текебаев менен Чотоновдун кылмышы далилденгенин айтып, Текебаевди үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен он жылга, Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратууну сурады.

Прокурор Нурмат Исраилов айыптоо протоколун окуп жатып, кылмышты оорлоткон жагдайларга токтолгон:

"Соттолуучулардын күнөөсүн оордотуучу жагдайлар катары кылмыш адамдардын тобу тарабынан жасалганы эсептелет. Кылмыш пайда көрүү максатында, жеке кызыкчылыгы үчүн жасалганын айтсак болот. Соттолуучулардын күнөөсүн жеңилдетүүчү жагдайлар жок. Урматтуу сот, жогорудагылардын негизинде, Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн аны күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен он жылга эркинен жана үч жыл белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайбыз".

Image caption Соттун алдында митингге тыюу салынган. Тарапташтар плакаттарын илип коюшкан

Ошол күнү жарыш сөз сүйлөгөн Дүйшөнкул Чотонов кылмыш далилденбегинин, фактылар бурмаланып, аларга жалаа жабылып жатканын айтты.

Текебаев президенттикке талапкерлигин коюуга аракеттенүүдө

БШК Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкерлигин коюу үчүн тил сынагын тапшыруусун камсыздап берүүдөн баш тартты. Биринчи Май райондук соту депутатты тест тапшырууга коё берүүдөн баш тарткан.

Беш адам он бир күн ачкачылык жарыялап, кечээ БШКнын чечиминен кийин токтотушту. Бир нече күн мурда ачкачылыкка Базар-Коргон районунан да кошулушкан эле.

Айыпталуучулар сотту аларга каршы саясий куугунтук деп баалайт.

Текебаевдин соту 5-июндан бери уланууда. Ага коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, февралда камакка алынган.

Оппозициялык "Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 2010-жылы "Мегаком" компаниясынын жетекчилигине кошуу убадасы менен Маевскийден бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Мурдагы элчи, экс-министр, Текебаевдин партиялашы Дүйшөнкул Чотоновго да ушуга катышкан деген айып тагылууда.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар