ЕККУ байкоочулары шайлоого көз салат

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюуму Кыргызстандагы президенттик шайлоого 350 байкоочусун жөнөтөт. Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Европа коопсуздук жана кызматташтык уюуму Кыргызстандагы президенттик шайлоого 350 байкоочусун жөнөтөт.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюуму Кыргызстандагы президенттик шайлоого 350 байкоочусун жөнөтөт. Буга чейин уюмдун атайын миссиясы өлкөдө эл аралык байкоочуларга муктаждык бар-жогун иликтегени келип кеткен.

Ош коогалаңынын уюштуруучуларын бири делген Кадыржан Батыровго өз аянтчасында сөз бергендиги үчүн Кыргызстан ЕККУну айыптап, ортодо мамиле сууп, өткөн референдумда уюм байкоочуларын шайлоого кое берген эмес.

ЕККУ Кыргызстанга неге ийиди?

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократия институттары жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстандагы 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого 350 кыска мөөнөттүү жана 24 узак мөөнөттүү байкоочуларын жөнөтөт.

ЕККУнун курамына кирген өлкөлөрдөн келген байкоочулар бүткүл өлкө аймагында шайлоо процессине көз салат. Алар ошондой эле шайлоо өнөктүгүн массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга да мониторинг жасайт.

"ЕККУ байкоочуларынын макамы сунуш берүү эле болот, шайлоо процесси кандай уюштурулууда жана жүрүүдө ошого гана көзөмөл кылат",- деди БШК мүчөсү Назали Арипов.

Эске салсак быйыл 25-26-майда БШКнын чакыруусу менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократия жана Адам укуктары бюросунун Шайлоолор боюнча бөлүм башчысы Александр Шлык жетектеген миссиясы Кыргызстанга келген.

"Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат"

''Биз Кыргызстанда шайлоолордо байкаган бардык позитивдүү нерселерди баса белгилеп келебиз. Отчетторубуз жалаң эле сын менен коштолбойт. Сын менен катар жылыштарды да белгилеп жатканыбызды байкашса экен дейбиз. Берген сунуштарыбыздыз баары шайлоолор мындан да жакшы, таза өтсүн деген эле максатты көздөйт'',- деген болчу анда Александр Шлык.

Image caption Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократия жана Адам укуктары бюросунун Шайлоолор боюнча бөлүм башчысы Александр Шлык

Аны менен кошо ЕККУнун башкы кеңсесинен Кыргызстанга үч киши: Демократия жана Адам укуктары бюросунун Шайлоолор боюнча башкы кеңешчиси Ана Русо, бюронун Кыргызстан боюнча куратору Алексей Громов жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын шайлоолор боюнча администрация жетекчиси Ирина Сабашук да келген.

"Чек ара, коопсуздук же армия жаатында болобу көп жардамдар ЕККУ тараптан келет. Өкмөт аны түшүндү. Эгер ЕККУ Кыргызстанды таштап кетсе өлкө үчүн жаман эле болмок. БШК бул жерде акылдуулук кылып, баарын таразалап аларды чакырды. Биз да ЕККунун байкоочуларынын кайрылып келишин кубаттайбыз ", - деди жергиликтүү жарандык активист Төлөйкан Исмаилова.

Айтымында шайлоодогу жетишкендиктерди дүйнөлүк коомчулук эл аралык байкоочулар көзү менен баалашат.

Эске салсак, Кыргызстан бул уюмду июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыровго сөз сүйлөөгө аянтча түзүп бергени үчүн былтыр күздө айыптап, Бишкектеги борборунун макамын төмөндөткөн эле.

Президенттик шайлоого сырттан кызыгуу күч

2016-жылы 11-декабрда Кыргызстанда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга көз салуу үчүн 181 эл аралык байкоочу катталган. Алар дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн, 46 эл аралык уюмдардан келген.

Image caption Исмаилова: Чек ара, коопсуздук же армия жаатына болобу көп жардамдар ЕККУ тараптан келет. Өкмөт аны түшүндү.

Булардын ичинде ШКУ, КМШ уюмдарынан, элчиликтерден жана башкы консулдуктардан, түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынан, Ислам кызматташтык уюмунун парламенттик биримдигинен, айрым өлкөлөрдүн БШКларынан өкүлдөр болгон.

Эл аралык байкоочулардын көбү шайлоо жана референдум ачык-айкын өткөнүн белгилешип, олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу оозанышкан эмес.

Тектеш темалар