КСДПнын “өгөйлөрү”

Шайлоо КСДПнын ыркын кетирди Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Шайлоо КСДПнын ыркын кетирди

Быйылкы президенттик шайлоого талапкерлерди жылдыруудагы партиялар ичиндеги талаштар Кыргызстандагы партиялык системанын чабалдыгын дагы бир жолу көрсөттү. Өзгөчө бул маселеде бийликтеги КСДПнын ичтен ыркы кетип, партиянын ички курулушунун сапаты шек туудурууда.

Шайлоо КСДПнын ыркын кетирди

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Сагынбек Абдрахманов менен Ренат Самудиновду КСДПнын катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды.

9-августтагы жыйынында кабыл алган чечим тууралуу партия билдирүүсүндө, бул чечимге Абдрахмановдун партия чечимине баш ийбей президенттикке талапкер болгону, ал эми Ренат Самудиновдун партиянын ички тартибин бузганы себеп болгондугу жүйөө келтирилет.

"Буга чейинки беш жылда ички процедураларды кармануу менен сунуш-пикирлерди ич ара айтып келгем. Бирок соңку кезде айткан сайын улам ары четтетип, такыр эле өгөй балага мамиле жасагандай кылышты. Биз коомдук пикир аркылуу партия жетекчилигин көндүрөлу дедик. Бирок булар аны тескери кабыл алышты ", - деди партиянын буга чейин Жаштар канатын жетектеп келген Ренат Самудинов.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Самудинов: Tакыр эле өгөй балага мамиле жасагандай кылышты

Буга чейин Самудинов талапкер маселесинде партия ичинде праймериз өткөрүү тууралуу сунуштар менен чыккан. Айтымында анын КСДПда ичинде реформататорлук , жаңылануу сунуштары колдоо тапмак түгүл, куугунтуктоо менен аяктады.

КСДП президенттикке талапкер катары каралгандар

Бийликтеги КСДП партиясы президенттикке талапкер маселесин 17-майда караганы белгилүү. Бирок буга чейин президенттикке партия ичинде беш адамдын: премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңеш төрагасы Чыныбай Турсунбеков, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев жана КСДП мүчөсү Сагынбек Абдрахмановдун талапкерлиги каралганы белгисиз эле.

Бул тууралуу партия мүчөлүгүнөн чыгарылгандан кийин Абдрахманов өзү айрым ММКларга ачыктаган. Ал өзүн өзү жылдыруу жолу менен президенттикке талапкерлигин койгонун партия астында айып көрбөйт.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков шайлоого барарын жар кылган менен, кийин кайра бирок талапкерликтен баш тарткан. Бирок ага чейин ал партиялаштарынын кодулоосуна кабылган.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Турсунбеков: Cаясий позициясын билдирген үчүн кодулаган партиянын келечеги болбойт

"Эгерде партиянын ичиндеги бир адам, болгондо да партиянын жетекчилик милдетин аткарып жүргөн, 2015-жылы Кыргызстанды кыдырып,партия атынан убаданы берип, аларды аткарууга аракет кылган, болгондо да саясий кеңештин мүчөсү болуп калган адамды өзүнү саясий позициясын билдирген үчүн кодулаган партиянын келечеги болбойт", - деген эле парламент төрагасы.

Саны көп, сапаты жок партиялар

КСДП катарынан чыгарылган Абдрахманов жана Самудинов бүгүн нааразычылык акцияга чыгышып, партия ичинде аларды колдогондор бар экенин билдиришти. Алар партиянын саясий кеңешин легитимсиз орган атап, анын кайрадан шайланышын талап кылышты.

Ошентип президенттик шайлоого талапкерлерди жылдыруудагы партиялар ичиндеги талаштар, айрыкча КСДП мисалында Кыргызстандагы партиялык системанын чабалдыгын дагы бир жолу көрсөттү.

"Албетте, партияныны негизги багытына каршы болсоң, сени чыгарып койгонго партиянын укугу болуш керек, бирок партиялардын ичинде дискуссия болбой атпайбы, ким ошол партиянын негиздөөчүсүнө жакын болсо эле, ошонун сөзү туура болуп атпайбы. Бул дагы партиялык оорулардын бири",- деди саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.

Кыргызстанда 220дан ашык саясий партиялар иш алып барат. Партиялык система өлкөдө жаңы курулуп жаткандыктан көпчүлүк партияларда туруктуу мүчөлүк деген жакшы иштебейт.

Президенттикке барам деген 59 адамдын ичинен 48 талапкер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен БШКга арыз берген. Ал эми он бир талапкерди саясый партиялар сунуштады.

Тема боюнча башка макалалар