Ташиев-Бекназаров: аудио жазуу жасалма

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
К.Ташиев: Мени такыр эле туурай алышпаптыр

Апта соңунда белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров менен «Ата Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдики делген аудио интернетке тарады.

Анда эки саясатчы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин сот иши боюнча сүйлөшкөнү жазылган.

Бекназаров Би-би-сиге интернетке тараган үндү укпаганын айтып, сотто туура көрсөтмө бергемин деди.«Мындай ыкма мага табышмак же жаңылык деле эмес. Албетте, бул коомчулукта кызуу талкууну жаратышы мүмкүн. Себеби бүгүн эртең Өмүрбек Текебаевдин өкүмү чыкканы жатат да. Ошого ылайыктап келип, анан «Убактылуу өкмөт өздөрүн-өздөрү актап, коргоп калп айтып жатат» дегенге туурулап чыгарып жатат. Мен башка эч нерсе деп деле айта албайм. Азыр техника жетишкен заман. Бир сүрөтүңдү коё салып. куудулдарга бир аз тыйын бере койсо сен эмес чоң атаңдын да үнүн туурап жазып берет»-деди Бекназаров.

Ошондо Камчыбек Ташиев менен сиздин ортоңузда мындай сүйлөшүү болгон эмеспи деген Би-би-синин суроосуна Бекназаров:

«Силер айтып жаткан аудио жазууну уккан да жокмун. Бирок телеканалдардан деле көрүп жүрбөйбүзбү, куудулдар Акаев, Бакиев, Атамбаевди, бүт баарын эле туурап жүрбөйбү. Көрсөтмө тууралуу айта турган болсом, эч качан андан баш тартпайм. Сотто туура көрсөтмө бергемин. Анткени «Мегакомдун» бул чыры болуп жаткан учурда иликтөөнүн үстүнөн куратор болчумун. Он жылдан кийин сурак кылса деле дал ушуну айтмакмын».

Интернетке тараган аудио жазууда Азимбек Бекназаров менен Камчыбек Ташиев делген эки киши камактагы «Ата-Мекен» лидери боюнча сотто берген көрсөтмөсү тууралуу талкуулайт. Бекназаров делген адамдын сөзүндө, ал сотто каратып туруп Текебаевдин пайдасына калп айтып, кудайдан кечирим сураганы айтылат.

Текебаев бүгүнкү сот отурумунда муну четке кагып, Бекназаровдун мурда айткандарыны баары документтерде далили менен туранын кошумчалап, Ташиев берген белек азыр да ошол бойдон турганын айтты. Айрым сайттар болсо Ташиевдин берген белегинин сүрөтүн да жарыялап жиберүүгө үлгүрдү.

Чуу жаратып жаткан аудиодо Камчыбек Ташиев делген адам Текебаевди куттуктаганын такыр эле эстей албай турганын айтылат:

"Мага кат жазып жибериптир, Камчы үка, жыйырма экиси туулган күнүм болгон. Эсиңдеби, жыйырма үчү келип мени куттуктап вино бергенсиң дептир. Эсимде жок, вино бергенимди, куттуктаганымды. Мен аны эч качан куттуктаган эмесмин. Анын үстүнө мен "Ак үйгө" вино көтөрүп кирбейм",- делет.

Бирок буга чейин Ташиев сотко берген көрсөтмөсүндө, Текебаевди куттуктоого күн мурун атайын камынганын, ал күн так эсинде экенин айткан эле.

Эки саясатчы тең тараган аудиону атайын жасалган деп четке кагып жатат. Ташиев болсо Бекназаров менен байма-бай жолугуп ар кандай темаларда сүйлөшөрүн четке какпайт.

"Мен башатан аяк угуп чыктым. Силер деле көрдүңөр болуш керек. Менин үнүмдү, сүйлөгөнумдү анча окшоштура албай коюптур. Мен так, даана жана кесе сүйлөйм. Алар ушул жеринен жаңылган экен",- деди Камчыбек Ташиев.

"Куудулдар туураптыр деген бир вариант болушу мүмкүн. Балким жардам берели деген ойдо адам катары ушундай ишке барышкандыр. Бул экинчи жагы. Бирок саясатчы катары алып карасак бул калп айтканы анык боло турган болсо бул туура эмес. Бул элди алдоо болуп эсептелет. Саясатчы деген бир суткада 24 саат сак, түз жана таза жүрүүгө тийиш", - дейт саясат таануучу Бакыт Бакетаев.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов пара алган деп айып менен камакка алынган эле. Учурда бул боюнча сот иши жүрүүдө.(AbA\AbK)

Тектеш темалар