Текебаевдин соту: өкүм чыгары күтүлүүдө

Райондук сотто өкүм чыгаары күтүлүп жатат
Image caption Райондук сотто өкүм чыгаары күтүлүп жатат

Райондук сотто Өмүрбек Текебаев жарыш сөз сүйлөөнү үчүнчү күн улантууда. Андан кийин адвокаттар сүйлөп, акыркы сөздөр айтылса сот өкүмү чыгып калышы мүмкүн деп күтүлүп жатат.

Текебаев күбөлөрдүн буга чейин берген көрсөтмөлөрүнө токтолууда. Ал жарыш сөзүнүн буга чейинки бөлүктөрүндө прокурор көрсөтмөлөрдү бурмалаганын, айыптоо окуялары жасалма экенине басым жасаган.

Текебаев пара алганы эч жерде тастыкталбаганын айтып, даттанып жаткан Леонид Маевский менен негизги күбөлөрдүн бири Алексей Модин өздөрү да кимдин колуна акча бергенин айта алган жок деди.

Прокурор 10-августтагы сот жыйынында Текебаев менен Чотоновдун кылмышы толук далилденгенин айтып, Текебаевди үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен он жылга, Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратууну сурады. Андан сырткары экөөнү тең үч жыл мамлекеттик кызматка жолотпоону өтүндү.

Ал эми Чотонов жарыш сөзүндө аларга жалаа жабылып жатканын белгиледи.

Оппозициялык “Ата мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев “Мегаком” компаниясына байланыштуу бир миллион доллар пара алган деп айыпталууда. Анын партиялашы, мурдагы элчи жана экс-министр Дүйшөнкул Чотонов ушул ишке катышкан деп камалган. Алардын соту 5-июндан бери уланууда. Соттолуучулар сотту саясий куугунтук деп эсептешет. (АК)