Сооронбай Жээнбеков кызматын качан тапшырат?

БШК Жээнбеков аракеттеринен мыйзам бузуу тапкан жок Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption БШК Жээнбеков аракеттеринен мыйзам бузуу тапкан жок

Борбордук шайлоо комисссиясы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аракеттеринен мыйзам бузууларды тапкан жок. Буга чейин Жээнбековдун үстүнөн анын эки атаандашы: Темир Сариев менен Рита Карасартова БШКга арыз менен кайрылышып, өкмөт башчы кызмат абалынан пайдаланып, үгүт иштерин мыйзамсыз жүргүзүүдө деген айыпташкан.

БШК Сооронбай Жээнбеков азырынча каттала элек талапкер экенин жүйөө кармоодо.

БШКнын бүтүмүнө Сариевдин шайлоо штабы нааразы

Боршайкомдун атайы жумушчу тобу 12-августта Сооронбай Жээнбековдун дарегине түшкөн арыздарды карап, президентти шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык өкмөт башчынын аракеттеринен мыйзам бузууларды тапкан эмес.

“Конституциялык мыйзамда жана Конституциянын өзүндө өкмөт башчынын ыйгарым укуктары көрсөтүлгөн. Сооронбай Жээнбеков өзүнүн ыйгарым укуктарына жараша иш алып барууда. Конституциялык мыйзамдын 22-беренесинин төртүнчү пунктунда, эгер ал кызматынан тышкары нерселерди айтпаса эл менен жолугушуп, сүйлөй берсе болот деген жерлер бар”, -деди Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алмаз Асаналиев.

Айтымында, БШКга арызын бергени менен азырынча өкмөт башчы талапкер катары каттала элек. Андыктан анын күнүмкү кадыресе жумушун үгүткө салып кароого болбойт.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Атамбаев Бабановду жакшы көрөт, бирок Жээнбековду артык көрөт

Ошентсе да буга чейин премьер-министр үстүнөн арыз менен кайрылган Темир Сариевдин шайлоо штабы БШКнын бул бүтүмүнө нааразычылыгын билдирип, арызданууга далилдүү негиздер келтирилгенин жооп кылды.

Талапкер Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү 19-июлдан 8-августка чейин эле коомдук теле-каналдан премьер-министр Сооронбай Жээнбековду мактап-жактаган 127 телесюжет чыкканын айтып жатышат.

Жээнбеков талапкерби же талапкер эмеспи?

Бүгүн президенттикке талапкерлер, БШК мүчөлөрү жана шайлоо эксперттеринин катышуусунда жарандык коомдун демилгеси менен “Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу жыйын өтүп, анда айрым талапкерлер өкмөт башчы качан кызматын тапшырат суроосуна кайрылышты.

Жээнбековго байланыштуу арызы канаттандырылбай калган талапкер Рита Карасартова бул маселе боюнча эми сотко кайрылуу жолу калганын белгиледи.

Президенттикке “талапкер” макамы ал БШК арызын берген күндөн тарта эсептелеби же БШК аны расмий каттаган күндөн берилеби? Президенттикке атттанган өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кызматын качан тапшырат маселеси мына ушул суроого барып такалууда.

Шайлоого такай көз салып жүргөн “Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын” өкүлү Динара Ошурахунова түзүлгөн жагдайды “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзамдагы так эместиктер шарттады дейт.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Ошурахунова: Президентти шайлоо тууралуу мыйзам чийки иштелип, кабыл алынган

“Мыйзамдын кээ бир беренелеринде сен БШК арыз тапшыргандан тарта талапкер катары саналасың делет. Башка жерлеринде сен каттоодон өткүчө талапкер катары эсептелбейсиң делет. Бул мыйзамдын чийкилиги жана жакшы иштелбей кабыл алынганына улам юристтер аны ар кандай чечмелеп атышат”, - деди жарандык активист Динара Ошурахунова.

Сооронбай Жээнбекой буга чейин БШКга арызын берип, мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүп, тийиштүү санда добуштарды топтоодо. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкер катары каттай элек.

Мыйзамдар боюнча талапкерлерди каттоо БШК тарабынан 9-сентябрда жыйынтыкталат. Ал эми үгүт иштери мындан бир күндөн кийин 10-сентябрда башталып, 14-октябрда жыйынтыкталат.

Турсунбек Акун Жээнбековдун кетишине каршы

Бирок БШК тарабынан талапкер катары катталгандан кийин деле Сооронбай Жээнбеков кызматынан биротоло тапшырабы же убактылуу токтотобу суроосу ачык.

Бүгүн дагы бир талапкер Турсунбек Акун маалымат жыйынын өткөрүп премьер-министрдин эртелей кызматын тапшырышына каршы экенин билдирди:

“Премьер-министр президенттикке талапкерлигин көрсөткөндө мыйзам боюнча кандай болуш керек? Кызматын тапшырбашы керек, ага мыйзам жол берет. Талапкер катары катталгандан тарта үгүткө бир күн калганда гана кызматын тапшырып берет. Муну өткөн президенттик шайлоолордогу Атамбаевдин деле практикасынан алсак болот”,- деди Турсунбек Акун.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Турсунбек Акун Жээнбековдун өкмөт башчылыктан кетишине каршы

Айтымында 2011-жылы Атамбаев 24-сентябрда талапкер катары катталып, бир күндөн кийин кызматын убактылуу токтотуп, 25-сентябрдан тарта үгүт иштерине аралашып кеткен. Акун Жээнбековго карата деле ошол практиканы мамлекет стабилдүүлүгү үчүн колдонсо болот деген пикирде.

Буга чейин айрым парламент депутаттары 21-августта Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогуларын, анда жаңы өкмөт башчы маселеси көтөрүлөрүн каңкуулашкан.

Бирок Турсунбек Акун андагы маалыматтар боюнча парламент кадимкисинче 1-сентябрда эле сессияга чогулуп, анда күн тартибиндеги биринчи маселе Сооронбай Жээнбеков жана жаңы өкмөт башчы ким болот маселеси караларын айтты.

Тектеш темалар