Кыргызстан-Өзбекстан: мамилелер жаңы багытта өнүгөбү?

Абдулла Арипов Сүрөттүн автордук укугу official

Бишкекке Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов расмий иш сапары менен келди.

Алгач Абдулла Ариповду Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында кабыл алды. Ушу тапта эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтүүдө.

Кыргыз өкмөтү тараткан маалыматта өкмөт башчылардын катышуусунда эки тараптуу кызматташуу боюнча жана чек араларды аныктап тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйындары өтмөкчү.

Өзбек премьеринин Бишкекке сапарын карым-катнашты бекемдөө, чек ара жана соода алакаларын жолго салууга жасалган кадам катары каралып жатат.

Ариповдун иш сапарын утурлай кыргыз өкмөтү ортодогу карым-катнаш жанданганын, чек ара тактоодо, соода-алакаларында жылыштар бар экенин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу offical
Image caption Эл аралык «Манас» аэропортунан аны өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

«Өзбекстандын премьер-министринин иш сапары жана өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын өткөрүү эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө жакшы дем берет. Өзбекстандын жетекчилиги келип чыккан бардык маселелерге түшүнүү менен карап, анын чечилишине кызыкдар»,-деген Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков.

Коңшулаш өлкөлөрдүн ортосунда он жылдан бери чечилбей, чыңалып келген көйгөлөр арбын. Чек арадан сырткары чөлкөмдөгү өлкөлөр ортосунда ача пикирлерге себеп болуп келе жаткан суу маселеси бар.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, мурда элчилик кызматта жүргөн Жумагул Сооданбековдун пикиринде, негизгиси ортодо ишеним болушу керек. "Буга чейинки өзбек бийлигинин теңсинбей караган мамилесинен улам ортодогу ишенимдер ыдыраган эле",-деди ал.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Чынара Эсенгул: Борбордук Азияда суу жана чек ара маселеси бир топ чырмалышкан

"Он жылдап чыңалып келген кырдаал мурунку президент Ислам Каримовдун катаал саясатынан улам болду. Бул киши катаал киши эле, анан Кыргызстанды алсыз өлкө катары карап туруп алды. Мына, суу маселесин алганда эле согушка алып келет дегенге чейин барбадыбы. Бир жактуу, туура эмес саясаттан улам мамиле бузулган. Шавкат Мирзиёев келди, атмосфера өзгөрдү. Булар коңшу өлкөлөр менен мамилени жакшыртуу саясатын баштады. Өзбекстан үч өлкө менен - Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан менен чектешет, мурда бирөөсү менен да жакшы мамиледе болгон эмес эле",-деди Жумагул Сооданбеков.

2005-жылдагы Өзбекстандагы Анжиян окуясы жана 2010-жылдагы Кыргызстандагы Ош окуяларынан кийин эки өлкө ортосундагы чек аралар бир тараптуу жабылган. Чек арадан карым-катнаш кылуу эрежелери катаалдашты. Бул болсо соода алкаларына кескин таасирин тийгизген.

Азыр деле чек ара ачылып, соода жакшырып кеткен жери жок дейт Баткен районунун мурдагы акими, чек ара маселесин жакшы билген талдоочу Хайталы Айкынов. "Бирок эки өлкө бийлигинин жылуу мамилеси жарандарга үмүт отун жандырды". Чек ара тилкесиндеги аймактарда аткезчиликке ооп кеткен соода-сатык чек арадагы талаптар жумшарса оңолобу деген дагы ишеним жаратып турат.

Фергана өрөөнүн бөлө жайгашкан Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек ара маселесине байланыштуу жыл сайын ондогон чыр-чатактар катталып келген. Айрым учурда кырдаал курчуп, ок атууга чейин жеткен чатакташуулар болду. Мурда тил табыша албай, жыйынга чогула албай жүргөн чек араны аныктап, такоо боюнча өкмөттүк комиссиялар өткөн жылдын август айынан бери 14 ирет жыйынга чогулган.

Чөлкөмдөгү он жылдап бири-бирине сыртын салып келген өлкөлөр тышкы саясатында ошентип жаңы багытты көздөй бурулду. Бирок ага карай азырынча биринчи кадам гана ташталууда.