“Таза Коомдун” шайлоодогу ролу кандай болот?

"Таза коом" боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылды Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption "Таза коом" боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылды

Бүгүн "Таза коом" программасын ишке ашыруу боюнча кеңештин биринчи жыйыны өтүп, ага премьер-министр Сооронбай Жээнбеков төрагалык кылды. Долбоорго бийликтеги партия талапкеринин жетекчилик кылышы “Таза Коом” жалпы улуттук документпи же Жээнбековдун шайлоо алдындагы саясий платформасыбы суроосун жаратууда.

Президенттикке КСДП талапкери Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчы кызматында кала бериши башка талапкерлердин сынына кабылды. Бирок БШК анын аракеттеринен үгүт таппай, өкмөт башчы ишмердигин кадыресе улантууда.

“Таза Коом” боюнча кеңеш биринчи жыйынга чогулду

Бишкекте бүгүн "Таза коом" программасын ишке ашыруу боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү. Аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ачып, бул долбоордун өлкө үчүн мааниси чоң экенин билдирди.

“Декабрга чейин санариптик трансформациялоо боюнча өкмөттүн толук кандуу программасын, анын ичинде аны ишке ашыруу боюнча реалдуу иш-аракеттер планын иштеп чыгышыбыз керек”,- деди өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков.

Жыйын жүрүшүндө Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев "Таза коом" программасынын концепциясы, долбоорлор жана ага керектүү укуктук документтерди кабыл алуу боюнча баяндама жасады.

Ошондой эле "Акылдуу шаар" долбоору тууралуу Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун маалыматы угулду.

Талапкерлерге бирдей шарттар түзүлбөй жатабы?

БШКнын атайы жумушчу тобу Сооронбай Жээнбековдун дарегине талапкерлер Темир Сариев жана Рита Карасартовадан түшкөн арыздарды 12-августта карап, президентти шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык өкмөт башчынын аракеттеринен үгүткө байланыштуу мыйзам бузууларды тапкан эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул бүтүмүнө нааразы Рита Карасартова БШК үстүнөн Бишкек райондор аралык сотуна кайрылды. Талапкер шайлоо алдында президенттикке аттангандар арасында бирдей шарттар түзүлбөй жаткандыгына нааразы болууда.

Image caption Карасартова: Талапкерлерге тең шарттар түзүлбөй жатат

Анын пикиринде “Таза Коом” долбоору дагы азыр Сооронбай Жээнбековдун кол алдындагы долбоор катары көрсөтүлүүдө.

“Элдин көңүлүн өзүнө буруш керек болуп атат. Себеби бул бүт теле-каналдардан көрсөтүлө турган иш. Көрдүңөрбү кандай сонун долбоорлорду жасап атабыз деп элге айтканга. Эгер чындап ушул нерселер ишке ашсын деген ойлору бар болсо, биометрика боюнча маселени эле аягына чыгармак. Канакей бирдиктүү маалыматтык база? Жок”,- деди Карасартова.

Таза Коом” жалпы улуттук документ

Мамлекетти жогорку технология аркылуу өнүктүрүүнү караган "Таза коом" улуттук долбоору быйыл апрелдин башында жарыяланган. Бул долбоор 2040-жылга чейинки туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын бир бөлүгү экени айтылат.

Бирок айрым серепчилер, саясатчылар долбоорду президенттик шайлоо менен байланыштырышкан эле.

12-майда Бишкекте өткөн “Таза шайлоо-туруктуулуктун жана бийликти тапшыруунун кепилдиги” аталышында жарандык форум өтүп, ага катышкан экс-президент Роза Отунбаева “Таза коомго” байланыштуу буларды айткан.

“Шайлоого жакын бул документтин максаты жана колдонулушу боюнча ачык-айкындыкты каалайт элек. “Таза Коом” бийликтеги партиянын шайлоо алдындагы платформасы эмес, аны кийинки президент, парламент, эл ишке ашыра турган жалпы улуттук документ болушу керек”,- деген эле Отунбаева.

Image caption Отунбаева: "Таза Коом" жалпы улуттук документ болушу керек

Мурунку өлкө башчысы “Таза Коом” шайлоого чейин кенен талкууга коюлуп, бир эле талапкердин эмес, башка талапкерлердин да шайлоо алдындагы идея жана платформалары үчүн негиз боло алышын белгилеген.

Тектеш темалар