Чек ара маселесинде Өзбекстан мурдагы катаал позициясын жумшарттыбы?

Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов.
Image caption Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповдун Бишкекке сапары учурунда чек араларды тактоодо орток пикир таба алабыз деп үмүттөнүп турганын айтты.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы көп жылдар боюу чечилбей келген чек ара маселеси экономикалык, маданий алакаларга чейин таасирин тийгизип, айрым учуруда коопсуздук маселесине да коркунуч жаратып келгени бар.

Бул маселени чечүүгө эки тарап тең ынтызар экенин билдирип, жолугушууларды өткөрүп жатканы менен маселенин бүгүн-эртең эле чечилип калышы кыйын - деди Би-би-сиге берген маегинде чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын мурдагы жетекчиси, чек ара маселеси боюнча адис Саламат Аламанов:

Чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн маани-маңызы азырынча айтылбай турат. Ошондуктан кандай багытта жүрүп жатканына баа бериш оор. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жатканын өзү жакшы жышаан деп эсептесек болот. Себеби бул маселени сүйлөшүүлөр менен гана алдыга жылдырууга болот. 2010-жылга чейин жумушчу топтун деңгээлинде 993 чакырым чек ара сызыгы такталды деп бекитилген эле. Ошондон кийин алгылыктуу жылыш болбой келди. Азыркы күнгө чейин алтымышка жакын талаштуу жерлердин канчасы такталды, такталса кандай багытта чечилди деген сыяктуу көп суроолор бар. Чек арада эң эле орчундуу бир нече тилкелер бар. Алар - Ала-Букадагы чоң аймак, Кемпир-Абад суу сактагычы, Сох анклавынын аймагындагы жерлер. Эгерде ушул жерлерди чечүүдө өзгөрүүлөр болсо, анда жылыш болот.

Айбек Абдылдаев: Жылуу мамиле түзүлдү, Өзбекстандын коңшуларына карата мамилсеи өзгөрдү деп айтып жатабыз. Муну эми чек ара маселесиндеги Өзбекстандын мурдагы катаал позициясы жумшарды деп мүнөздөсөк туура болобу?

Саламат Аламанов: Жеке тажрыйбамдан улам жогоруда принципиалдуу маселелерди айтпадымбы. Булар принципиалдуу келишпестиктер болгон жерлер. Мына ушул жерлерде жумшаруу өтө оор. Бул эми жалпы саясатты өзгөртүүгө барабар нерсе болот. Алтымышка жакын талаштуу тилкелердин ичинде чечүүгө жакын калган маселелер бир топ эле, ошолордо жылыш болушу мүмкүн.

Айбек Абдылдаев: Ушул эки тарап тең кызыкчылыгын бербей туруп алган тилкелер боюнча тараптар ар кандай документтерди жүйө кармап, орток пикирге келе албай жүрбөйбү.

Саламат Аламанов:

Кандайдыр бир документти тандап алып, ошого таяналы дегенге жетишүү өтө оор. 1955-жылы болгон сүйлөшүүлөрдө адистер жетишкен жакшы принцип бар эле, анда республикалар пайдаланып жаткан чарбалык чек араларды мамлекеттик чек арага айландыруу деген жол табылган. Мына ошол жолду тандаса чечүүгө мүмкүн экенин көп айтып келе жатабыз. Документке таяндык дегенде эле, коңшулар 1925-жылдын мартындагы документке таянат, биз болсо 1955-жылы жетишилген макулдашууга таянабыз деп жүрөбүз. Чарбалык, тарыхый аракеттердин натыйжасында пайда болгон чек араларды мамлекеттик чек арага айландырса, жергиликтүү элге да түшүнүктүү болуп, чек ара тактоо боюнча иш алып барган адистерге да ишти жылдырууга мүмкүн болмок деп эсептейм.

Айбек Абдылдаев: Акыркы убактарда чек ара чечилет деген ишенимдүү сөздөр эки өлкөнүн бийлик башчыларынын оозунан көп эле айтылып жатат. Мунун өзү албетте чоң үмүт жаратты. Бирок жогорудагы сөздөр көбүрөөк саясый чакырык сыяктуу эмеспи?

Саламат Аламанов:Өткөн жылдын декабрында бир айдын ичинде чек араны чечүү боюнча тапшырма берилди деп айтылган эле. Андан бери сегиз ай өттү, туурабы? Бирок ошондо эле бул саясый айтылган сөз, реалдуу иштин өзү мындай тез аранын ичинде чечүүгө мүмкүндүк бербейт, дагы көп иштерди жасоо керек деген пикирлер айтылган. Саясый айтылган сөз менен реалдуу иштин айырмасын билиш керек. Бир жыл ичинде 14 жолугушуу болду деп айтылып жатат. Тез-тез жолугушуу менен маселе чечилбейт. Ар бир жолугушууда эки тарап тең астейдил даярданып, бири-бирине алгылыктуу сунуштар менен жолукса, жылыш боло баштайт. Өз тажрыйбамдан улам бул маселени тез арада өзгөртүү мүмкүн эмес деп билем. Ар бир айтылган сунуштарга экинчи тарапты ынандырып, далилдеп, ишендирүү керек. Анан кийин гана өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

Тектеш темалар