Текебаев соту: судья өкүм чыгаруу үчүн кеңешүүгө кирди

Текебаев прокуратурананы фактыларынын баары жасалма дейт. 11.08.2017
Image caption Текебаев прокуратурананы фактыларынын баары жасалма дейт. 11.08.2017

Соттук процесстин соңунда акыркы сөзүн Өмүрбек Текебаев сүйлөдү. Ал дээрлик бир саат сүйлөгөн сөзүндө 2010-жылдан кийинки коомдук-саясий абалга, убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эмне менен алек болгонуна, Чотонов экөө кандай милдетти аткарганына токтолду.

Текебаев азыркы бийликтин ишин сынга алды. Президент Алмазбек Атамбаев менен өткөн жылдан бери конфликтте экенин белгиледи.

Сөзүнүн аягында судьяны адилеттикке чакырып, “сот реформасын силер ишке ашырасыңар, 600 судьядан басымга “жок” деген он судья чыгыш керек” деди.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
11.08.2017

“Мен аягында айтам, бул иш фальсификацияланган, жалган жалаа. Биз Дүйшөн экөөбүз адвокаттардын жардамы менен прокуратуранын, УКМКнын жалааларынын баарын жокко чыгардык. Конституция боюнча биз өзүбүздүн ак экенибизди далилдебешибиз керек. Аны сиз далилдешиңиз керек, бирок ошого карабастан аны биз далилдедик. Көңүл бурганыңарга чоң рахмат”, - деп жыйынтыктады Текебаев сөзүн.

Экөөнүн тең адвокаттары кылмыш далилденбегинни айтып, аларды толук актоону сураган. Текбаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова айыптоочунун күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү негизсиз, жасалган деди.

“Зот залындагы көрсөтмөлөрүн такоочу суроолор аркылуу тергөөчү тизмектеген далилдерге, шайкеш келтиришти. Буга байланыштуу, урматтуу сот, соттук териштирүү учурунда берген бардык күбөлөрдүн, Маевскийдин, Модиндин, Базаркуловдун, Оңолбековдун, Абдрахмановдун кошумча сурак менен берген көрсөтмөлөрүн кабыл алгыс деп эсептөөнү сурайм. Бул мага сезилгендиктен ушинтип жаткан жокмун, тергөө органдары аргументтеп бере алган жок, мен аргументтедим”, - деди Жакупбекова.

Прокурор Текебаев менен Чотоновдун кылмышы далилденгенин айтып, Текебаевди үй-мүлкүн мамлекетке чегерүү менен он жылга, Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратууну сураган.

10-августта прокурор Нурмат Исраилов айыптоо протоколун окуп жатып, кылмышты оорлоткон жагдайлар бар деген:

Image caption Райондук сот Текебаевди президенттикке талапкерлигин коюунун шарты болгон тил сынагына коё берген жок

"Соттолуучулардын күнөөсүн оордотуучу жагдайлар катары кылмыш адамдардын тобу тарабынан жасалганы эсептелет. Кылмыш пайда көрүү максатында, жеке кызыкчылыгы үчүн жасалганын айтсак болот. Соттолуучулардын күнөөсүн жеңилдетүүчү жагдайлар жок. Урматтуу сот, жогорудагылардын негизинде, Текебаев Өмүрбек Чиркешовичти Кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн аны күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен он жылга эркинен жана үч жыл белгилүү бир кызматты ээлөө укугунан ажыратууну сурайбыз".

16-августта түшкө чейин акыркы сөзүн сүйлөгөн Чотонов сот Текебаевди гана эмес, Кыргызстандын акыркы 25 жылдагы тарыхын соттоп жатканын айтты.

“Учур келет, кыргыздар Текебаевге эстелик коёсуңар. Мен муну тарыхчы катары, тарыхта болгон нерселерге салыштырып айтып жатам. Текебаевдин Кыргызстандын соңку 25 жылдык тархындагы ордун эч ким тартып ала албайт. Анын кылган иштери кала берет. Урматту сот, ал эми сиз бүгүнкү чыгарган чечимиңиз менен тарыхта каласыз. Жүрөгүңүз менен кеңешип, мыйзамдын чегинде чечим чыгарыңыз”, - деди Чотонов кыска сүйлөгөн акыркы сөзүндө.

Image caption 5-июндан бери жүргөн сот митингдер менен коштолуп келди, 1-августтан тарта аларга тыюу салынды

Оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи жана министр ДүйшөнкулЧотонов аларга каршы кылмыш ишти саясий буйрук деп, куугунтук жүрүп жатканын айтышат.

Текебаев “Мегаком” компаниясынын жетекчилигине кошуп берүү убадасы менен орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион доллар пара алууга айыпталууда. Ал Маевскийдин көрсөтмөсү менен 2018-жылдан февраль айынын аягында камалган. Партиялашы Чотоновдун ушуга катыштыгы бар деп, кийинчерек кармалган. Алардын соту 5-июнда башталган.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Текебаев менен Чотоновдун соту 5-июнда башталган

Өмүрбек Текебаев президенттикке талапкерлигин коюу үчүн арыз берип, кол топтогон. Талапкер болууга дагы бир шарттардын бири кыргыз тили боюнча тест тапшырууга коё берилген жок.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар