Шайлоого күрөө акыны Сариев менен Бабанов эле төлөдү

Шайлоого күрөө акыны эки гана талапкер төктү Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Шайлоого күрөө акыны эки гана талапкер төктү

Талапкерлер ичинен эки гана адам шайлоого коюлчу күрөө акыны төлөдү. Бул жолку президенттик шайлоодо күрөө акысы дээрлик 10 эсеге көтөрүлүп, 1 миллион сомду түздү. Эреже боюнча талапкерлер күрөө акысын 9-сентябрга чейин БШК эсебине которуусу зарыл.

Бирок серепчилер ага жетпей эле чөнтөгү жука талапкерлердин көбү президентикке баруу арызын кайтарып аларын айтышууда.

Талапкерлер саны суюлууда

Президент болуу ниетин билдирип, БШКга 59 адам арыз берген. Бүгүнкү күнгө алардын саны тогузга кыскарып, 50 талапкер калды.

Булардын ичинен "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого аттанган Өмүрбек Бабанов гана күрөө акыларын төлөшүп, талапкер макамын алышты.

Калгандары мамлекеттик тилден сынак тапшыруу кезегин күтүп жана 30 миң тарапкеринин колун топтоо менен алек болууда.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption БШК: Шайлоочулардын 5%дан кем добушун алгандарга күрөө акы кайтарылбайт

"Шайлоого күрөө акыны тарапкерлеринин колтамгалары тапшырылып, мамлекеттик тилди билүү боюнча сертификат берилгенден кийин шайлоого 45 күн калгыча төлөсө болот. Мыйзамдар боюнча күрөө акы талапкерге ал шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 5%дан ашык добушун ала алса гана кайтарылып берилери жазылган", - деп түшүндүрдү Боршайком мүчөсү Адилет Сатыгулов.

Күрөө акыдан түшкөн каражат казынага кетпейт

Укук коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү күрөө акыны кайтаруу боюнча мыйзам туура эмес чечмеленип жаткандыгын айтышууда.

"Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясынын мүчөсү Динара Ошурахунова буга чейинки шайлоо тууралуу талкуулардын биринде талапкерлердин күрөө акы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, БШКнын өкүлү мыйзамдын туура эмес чечмелегенин айтты:

"БШКнын мүчөсү болгон бул жигит (ред.Адилет Сатыгулов) күрөөгө коюлган акча шайлоодо шайлоочулардын 5% кем эмес добушун алгандарга гана кайтарылып, калган убакта ал кайтарылбайт деп атат. Бул эмне дегенди билдирет? Күрөө акыны төлөп коюп, бирок каттоодон өтпөй калган талапкерлер ал акчаларын кайтара албайт дегенди билдирет", -деди Ошурахунова.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Ошурахунова: Күрөө акы мамказынага эмес БШК эсебине түшөт

Кыргызстандагы шайлоолого такай көз салып келе жаткан укук коргоочу ошондой эле буга чейинки шайлоолордо чогулган күрөө акылардын тагдырына да кызыкты.

"Талапкер төлөгөн 1 миллион сомдук күрөө акы мамлекетти казынага түшпөйт. Ал акчалар БШКнын атайы эсебине которулат. БШК бул акчалар шайлоо системасын жакшыртуу боюнча жумшалат дейт. А бирок фонддо канча акча бар, алар кантип жумшалат деп кызыгып көрбөйсүздөрбү", - деди Динара Ошурахунова.

Үй-жайын күрөөгө коюп шайлоого бараткандар

Кыргызстанда өтүп жаткан бул жолку президенттик шайлоодогу күрөө мурдагыдан он эсе жогорулаганы менен талапкер болчулар санын ооздуктай алган жок. Арасында үй-жайын күрөөгө коюп, банктан насыя алып шайлоого катышам дегендер да болууда.

Айталы, талапкерлердин бири, "Кыргызстан демократиялык кыймылынын" төрагасы Турсунбек Акун президенттикке ат салышуу үчүн банктардын бирине өз үйүн кредитке коюп, 24% үстөк менен насыя алып жатканын Би-Би-Сиге ырастаган.

Талапкерлердин дагы бири, укук коргоочу Рита Карасартова интернет аркылуу элге кайрылуу жасап, үгүт иштерине каржылык жардам сураган эле. Азырынча ал шайлоого күрөө акы төгө элек.

"Талапкер шайлоого катышып шайлоодо 5%дан кем алганда гана күрөөсүн кайтара албайт. Калган башка жагдайларда кайтаралышы керек. Бул эми мыйзамды ким кандай чечмелейт дегенге жатпайт, мындан башка болсо бузууга жатат",- деди талапкер.

Кыргызстанда президенттик шайлоо быйыл 15-октябрда өтөт.

Тектеш темалар