Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өткөөл келишим

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча өткөөл келишим

Өзбекстандан премьер-министри Абдулла Ариповдин Бишкекке сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырымын бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлду.

Өзбек премьеринин Бишкекке сапары учурунда эки тараптуу кызматташуу боюнча жана чек араларды аныктап тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйындары өттү. Эки тараптуу кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссия тогуз жылдан бери бир үстөлгө олтура элек экен. Ушунун өзү эле соңку учурда эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин канчалык салкындап кеткенин айгинелеп турат.

Бул жолку жолгушууларда кыргыз-өзбек расмийлери "кызматташтыктын жаңы барагы ачылды", "биз дуушар болгон көйгөйлөрдү биргеликте чечүү үчүн бардык шарттар түзүлдү" деген сөздөргө басым жасашты.

Өзбек премьеринин Бишкекке сапары учурунда көбүрөөк коомчулук күткөн маселе, бул - чек ара болчу. Чек аралардагы катаал эрежелердин кала бериши, чек ара тилкелериндеги сооданын токтоп калганы эки тарапка тең зыянын тийгизип келүүдө. Өкмөт башчылар "ортодогу чектөөлөрдү алмайын эки өлкөнүн өнүгүшү мүмкүн эместигин" белгилеп, кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттердин ишин жандантуу зарылдыгына" токтолушкан.

Жолугушуулардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берген Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков алакалар жаңы деңгээлге чыкканын белгилеп, чек ара боюнча жылыштар тууралуу айтты:

"2016-жылдын августанан 2017-жылдын августуна чейин эки өлкөнүн чек араны аныктап тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жумушчу тобу 15 ирет жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек чек арасынын сызыгын чийүү боюнча долбоору даярдалды. Азыркы күндө жалпысы болуп мамлекеттик чек аранын 1170,53 чакырымы чийиилип, тараптар кыргыз -өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишим боюнча макулдашты. Өткөөл келишимдин кол коюлушу бул - кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча биздин делегациялардын алдыдагы ишине позитивдүү дем берип, эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңээлге чыгарат деп ишенем".

Өзбек премьери Абдулла Арипов өзбек тарап сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарына канаттанганын белгиледи:

«Айрыкча кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын юридикалык каттоо боюнча жемиштүү сүйлөшүүлөр кубандырат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколдорго кол коюшту. Эки тарап соода жана анын структурасын түрүн мындан ары өнүктүрүүнүн маселелерин караган салык кызматташтыгын жана бизнес, бизнес-түзүмдөр жана региондордун ортосундагы байланышты өнүктүрүүнү күчөтүү үчүн эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөштү. Биз дуушар болгон көйгөйлөрдү биргеликте чечүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн, өз ара соода жүгүртүүнүн олуттуу көлөмүн жогорулатуу үчүн кыска мөөнөттүү транспорт жана байланыш мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү этап этабы менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү бар».

Абдулла Арипов тараптар билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана көркөм өнөр, туризм, спорттук жана башка тармактарда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча өз милдеттенмелерин аныктап алганын билдирди.

2005-жылдагы Өзбекстандагы Анжиян окуясы жана 2010-жылдагы Кыргызстандагы Ош окуяларынан кийин эки өлкө ортосундагы чек аралар бир тараптуу, Өзбекстан тараптан жабылган. Чек арадан карым-катнаш кылуу эрежелери катаалдашкан. Мурда эки өлкө ортосунда макулдашылган 15 чек ара өтмөгү болсо, учурда анын бешөө гана иш алып барууда. Мунун оорчулуктары чек ара тилкелеринде жайгашкан аймактарга катуу сезилди. Илгертен карым-катнаш кылып келген эки өлкөнүн жарандары кириш-чыгыш кыла албай кыйналып келишет. Соода-сатык болсо аткезчиликке көбүрөөк ыктап кеткени айтылып жүрөт. (AbA)

Тектеш темалар